Кыргызстанда саясий боштук көпкө созулса “контрреволюция” башталып кетиши мүмкүн.

326
0

Кыргызстанда саясий боштук көпкө созулса  “контрреволюция” башталып кетиши мүмкүн.

Кыргызстанда кезектеги мамлекеттик төңкөрүш жүрүп жатат. Президент, премьер-министр, спикер сыяктуу расмий жетекчилер качып кетишти же жашынып алышты. Ар бир саясатчы жана партия жетекчилери бийликти ээлеп алууга аракет кылып жатышат. Алардын дээрлик ар бири өз тарапкерлерин Бишкекке чакырып алышып, тополоңчу жаштар аркылуу мамлекетти шантаж кылып туруу жолу менен бийликтен үлүш талап кыла башташты.

Бир тарапта Мадумаровду башчы кылып шайлап алган  координациялык кеңеш түзүлгөн болсо, экинчи тарапта Садыр Жапаровду колдогон күч парламент өкүлдөрүн топтоп, аны премьер-министрликке дайындашты. Үчүнчү тараптан миңдеген батышчыл жаштар топтолуп, Тилек Токтогазиевдин премьер-министр болушун талап кылышууда. Алардын бардыгы экинчи тарапты тааныбай, ар бири өз тарапкерлерин борбордо кармап туруу менен элге жана атаандаш күчтөргө басым өткөрмөкчү болушууда. Бул абал мамлекетте өтө кооптуу абал пайда кылып, абал өзгөрбөсө тополоңчу жаштар арасында тирешүүлөр, балким куралдуу кагышуулар болушу мүмкүн.

Кыргызстан калкына кайрылып айтарыбыз, бул түзүмдү реформа кылуу же учурдагы саясатчыларды бирер креслого отургузуп коюу максатындагы аракеттер – балдарыбыздын өмүрүн тобокелге салууга арзыбайт. Бул түзүм негизинен “бийлик элдики” деген жалган акыйдага негизделген болуп, жетекчи топтор бири-бири менен бийлик талашып жатканда элдин кубатынан пайдаланууга аракет кылышат. Башкаруу системасында болсо, ал тургай эл менен кеңешүү механизми да жок. Буга мисал катары Бишкекте башаламандык уюштуруп жаткан саясатчылар артында турган тополоңчу топтун талабын элдин талабы деп көтөрүп чыгып жатышат. Эгерде бул топ же жамааттын талабы элдин талабы болсо, жанында турган башка топтор же үйүндө отурган башка адамдардын пикири кимдин пикири болуп калат. Демек, элдин атынан сүйлөп жаткан бул аламанды бир адам же топ өз максаты жолунда башкарып жатат.

Кыргызстан мамлекеттүүлүгү кризистик абалда турат, мамлекетте саясий боштук пайда болду. Буга себеп, Батышчыл эксперттер айтып жаткандай элдин менталитети же саясий аң-сезиминин төмөндүгү эмес! Тескерисинче, Батыш жаап-жашырууга аракет кылып жаткан капитализмге негизделген башкаруу системасынын жараксыздыгында.

Азыр саясий жетекчиликке дагы жаңы күчтөр келе жатышат. Алар бийликке келбей жатып эле алардын биринде ар түрдүү жалганчылык, аферисттик, ачкөздүк элементтери көрүнө баштады. Бул нерсе алардын өздөрү бузуктугу себептүү эле эмес, алар бул системада бийликке келүүнүн башка жолун таба албай жатышкандыгынан. Демек, бийликке ниети таза саясатчы келген күндө да, башкарууда жалган жана кыянат жолуна кирүүдөн башка чара таба албайт! Ал тургай, биздин мамлекеттер умтулуп жаткан Батыштагы алдыңкы өлкөлөрдө да абал ушундай. Көрүнүштөр, абал жана ыкмалар башкачараак болушу мүмкүн, бирок башкаруу механизми, башкарууну колго алуу жолдору негизде да, башкарууда да бирдей. Алар да калкты “башкаруу элдики” деген жалган ураандар менен алдап, жеке кызыкчылыктары үчүн көчөгө алып чыгышат.

Тыянактап айтканда, бийликке кайсы бир топтун келиши менен проблема чечилип калбайт. Ар кандай жетекчи көп убакыт өтпөстөн Акаев, Бакиев, Атамбаев жана Жээнбековдордун жолуна түшүп калат. Ал да тышкы карыздарды төлөө үчүн стратегиялык обьекттерди сатууга мажбур болот. Айланасындагы күчтүү топторду ыраазы кылуу үчүн коррупцияга жол берет. Бюджетти толтура албай калганда ар түрдүү жалгандар менен чет өлкөлөрдөн карыздарды алууга мажбур болот. Бул дүйнөлүк башкаруу системасынын өзгөргүс механизми болуп, эч ким четке кага албай турган акыйкат! Демек саясий жетекчилер, ач көз чиновниктер гана жаңысына алмашат!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here