Салыккор мамлекет 52 миллион мисирдикке айып салууда

218
0

Салыккор мамлекет 52 миллион мисирдикке айып салууда

 

Устаз Саид Фазл

2020-жылы 26-август күнү кассациялык соттун төрагасынын орун басары Лайиш Ибрахим жетектеген Мисир шайлоолорунун улуттук комитети билдирүү жарыялады. Билдирүүдө айтылышынча, комитет 11-12-август күндөрү болуп өткөн сенат шайлоолоруна добуш берүү үчүн келбеген бардык шайлоочуларды т.а. 52 миллион жарандын ишин прокуратурага өткөрүү жана шайлоого кайдыгерлик кылганы үчүн ар бирине 500 фунт (28 евро) айып пул белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган. («Франс 24»).

Адамдар ушул сенат шайлоолоруна катышууну каалабашы ачык-айкын көрүндү. Ал тургай, өкмөттү колдоп-кубаттоочулар да шайлоого келбеди. Талапкерлердин ушунча сарптаган үгүт иштери-акчалары да пайда бербеди. Бул абал келерки өкүлдөр палатасынын шайлоосунда да ушундай болушун эскертүүдө. Саналган жана тастыкталган добуштар тогуз миллион адамдан ашпаганы аныкталды. Негизи, Мисир калкы 100 миллионду, шайлоо укугуна ээ адамдар 63 миллионду түзөт. Каракчылык, паракордук жана добуш сатып алуу өкүмдарлык кылып жаткан шайлоолордо добуштарды иш жүзүндө жамдап, санап чыгуу кандай болушу баарыбызга белгилүү. Демек, бул жагдайдан бүгүнкү режим доорунда саясат менен алектенүү, кызыгуу, ал тургай, режимдин тарапкерлери арасында да кескин азайып кеткени ачык көрүнүп турат!

Бийликтеги бардык оппоненттерин жана атаандаштарын четтетип жиберген Мисир режиминин бүгүнкү күндө колу өтө узарып, ал тургай, өлкө экономикасына да асылууда жана аны колдогон армия командачылары өкүмдарлык кылган жаңы экономика жаратмакчы болууда. Алардын чеңгели бара-бара узарып, кичине эмес, ири долбоорлого да жетип барууда. Бул нерсе, өзүн-өзү иш менен камсыздаган көпчүлүк адамдарга кооп-коркунуч туудурду, дагы эле кооп-коркунуч туудурууда, алардын көпчүлүгү режимдин турушуна кызыкдар болушканы үчүн аны колдоп-кубаттап жатышкан болушса да, бүгүн аларга да режим тарабынан коркунуч туулуп жатат. Режим алардын иштерине жана долбоорлоруна бүтүндөй адилетсиз кылып жатат, алардын желкесине түшүп жаткан жүктөрдү өзү желкесине албай, аларды азапка салууда. Режим аларды соода жайларынан кууп, орундарына өз базарларын кура турган болду, иш-аракеттерин токтотуп, лицензияларын тартып алууда. Шек-күмөнсүз, уурулар өкүмдарлык кылган капиталисттик мамлекет мына ушундай болот. Ушундай учурда т.а. режимдин коопсуздук чеңгели узарып, репрессия машинасы ишке түшкөн учурда саясий сахнада реалдуу чечим бере турган жана режимге каршы тура ала турган эч ким жок жана аны адамдар көрбөй жатат. Саясат менен алектенип жаткандардын баары ушул режимге жаккан кимселер. Ал эми, амалий чечимге ээ адамдардын добушу өтө төмөн, өздөрү араң эле турушат. Ошондуктан, адамдардын шайлоого катышууну каалабай жатканы табигый. Ал тургай, капиталисттик өкүлдөр палатасынын эч кимге пайдасы жок экенин жана керек эместигин түшүнбөй жаткан киши да талапкерлердин режимдин көлөкөсүндөгү куурчак экендигин түшүнүүдө. Режим айып пул салуу жолуна өтүшү биринчи ирет болуп жатканы жок, ар ирет шайлоону өткөрүүдө адамдарды сапарбар кыла албай калганда айып пул салууга өтөт. Азыр да жакынкы айларда өтө турган элдик кеңеш шайлоолору алдынан адамдарды коркутуу максатында ушинтип айып пул салып жатат, адамдар коркуп, добуш берүүгө мажбур болушуна үмүт кылып жатат. Бирок, бул коркутуу биринчиси да эмес, адамдар шайлоого катышууну каалабай жаткандыктан, акыркысы да эмес. Себеби, адамдар саясий аракеттен бүтүндөй пайда жок деп билишүүдө. Режим айып салуу аркылуу адамдардан чогулган каражат менен Эл аралык Банк алдындагы карыздарын төлөөгө үмүттөнүүдө.

Бул режим Мисир калкы астында милдетке да, убадага да турбайт. Ал тургай, өзүнүн тарапкерлерине да этибар бербейт, бирер пайда чыгышына карап, бийлигин канчалык колдоп-кубатташына этибар бериши мүмкүн. Ошондуктан, бул режимге алданган адамдар андан баш тартуусунун убага эбак келген. Антпесе, кеч болот жана режим силерди да мурдагы кызматкерлердин абалына түшүрөт. Ошондон ибрат алып, тыянак чыгаргыла.

Эй Кинана калкы!

Шайлоого барбашыңар режимди шерменде кылды, ошондуктан, ал келерки шайлоого катышууңар үчүн силерге басым кылуу жана коркутуу жолуна өттү. Бирок, силер бул нерселерди ага караганда жакшыраак түшүнүп жатасыңар. Биз бул саясатка аралашпай жатканыңар өз акыйдаңардан келип чыкканына ишенебиз. Себеби, силердин акыйдаңар Исламыңарга тескери келген жана диниңерге каршы согуш  жарыя кылган режим астында бир да саясий жараянга катышууңарга уруксат бербейт. Ал тургай, муну толук түшүнбөгөн болсоңор да, бирок, бул силердин табиятыңарга жана абалыңарга бекем байланыштуу. Силер акыйдаңардан балкып чыккан нурду силерге бере турган кишилерди ар дайым издейсиңер. Бул нур – тезинен колдонууга даяр болгон улуу маданий долбоор т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети долбоору. Силерди капитализм зулумунан Ислам адилетине алып чыгып куткаруучу ушул Ислам мамлекети долбоорун, биз түшүнгөндөй, Батыш жана анын малайлары да түшүнүүдө. Алар силер ушул долбоорду көтөрүп чыккандардын тарабында турушуңарды, бул нерсе Мисирди жана бүткүл Умматты түп тамырынан өзгөртүүгө үндөөчү күчкө айланышын жакшы билишет. Шек-күмөнсүз акыйкат ушул: Батыш жана анын малайлары арасынан нур издеп жаткан кимселер эч качан аны таба алышпайт, аларга ишенгендер да эч бир кадыржамдыкка жетише албайт. Ошондуктан, биз Кинана армиясындагы калыс адамдардын Батыштын жана анын малайларынын токтомуна моюн сунушпайт деген үмүттөбүз. Тез арада Батыштын кызыкчылыктарына эмес, Исламынын жана Умматынын кызыкчылыктарына кызмат кыла турган жолдо аракетке келишет деп ишенебиз.

Эй Кинана армиясындагы калыс адамдар!

Мисирдеги бул шайлоолорго адамдардын катышпагандыгы, шексиз, силерге жолдонгон ачык эскертүү. Мунун мазмуну – силер башкаларга окшобойсуңар, өзгөрүү жасоо ишинде силерге таянса болот. Режим да силерге таянат жана өз атаандаштарын, ал тургай, анын кыйратуучу токтомдоруна каршы чыккан ар бир кишини коркутууда силерден пайдаланат. Бул режимдин башы силер аркылуу адамдарды коркутат, силер менен адамдар ортосунда тосмо коюп, силерди режимдин тарабын алган, аны жана тарапкерлерин коргогон армия катары көрсөтөт. Бул режим силерди кызыктырып-алдап, өз милдетиңерден чалгытууда, ушул аркылуу Умматыңарга каршы жасап жаткан кылмыштарына силерди сүкүт кылууга үндөп жатат.

Эй Кинана армиясындагы калыс адамдар!

Бул режим силерден Мисир калкын коркутууда пайдаланууну улантат, бирок, силерге муктаж болбой калганда силерди каршылаш деп билет жана силерден кутулууга урунат. Ушундай кылып жатат жана силерден мурдагыларды ушундай кылды, мунун мисалдарын өзүңөр жакшы билесиңер. Демек, режимдин тарабында турууга жана Умматыңардан үзүлүүгө, Кинана жеринин калкына каршы кылыч болушуңарга силерди эмне мажбур кылып жатат?! Аллах Таала бул жөнүндө силерден сурайт, демек, жооп берүүгө даярдык көргүлө?!

Эй Кинана армиясындагы калыс адамдар!

Мисирдин азаттыгы силердин колуңарда. Бул күч силер Уммат жана анын акыйдасынан алынган долбоор тарабында экениңерде камтылган. Ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта көөдөлөнгөн чыныгы ойгонуу жасоого кудуреттүү долбоор. Ушул долбоорго жана аны көтөрүп чыккандарга нусрат берүү силердин милдетиңер. Себеби, бул нусрат менен ушул долбоор Роббиңер ыраазы боло турган таризде колдонулат жана силер кудум кечеки ансарийлер сыяктуу, Аллахтын, Расулунун жана мамлекетинин ансарларына айланасыңар. Силер аркылуу Умматыңар нусратка жетишет, мамлекет тикеленет, анын нуру бүткүл дүйнөгө жайылат.

Аллахым, бизге ушул мамлекетибизди тикелөөнү тездет жана бизди ага кызмат кылган аскерлерге, аны күбөсү болгон адамдарга айлант.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла»                                                                                     [8:24]

 

Роя гезити, №303, 2020-жыл, 9сентябрь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here