Кайс Саид партияларды жана адамдарды опузалоосу.
Мунун себептери, максаттары жана маңызы
Устаз Мухаммаднасир Шувайха
Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятындагы
вилаят межлисинин мүчөсү
Тунис президенти Кайс Саиддин жаңы өкмөттүн министрлеринин ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзү согуш жарыялоо катары бааланды. Президент өз сөзүндө партиялар жана саясий адамдарга асылып, саткындыкта, тил бириктирүүдө, сионисттерге жана колонизаторлорго малай деп айыптады. Алардын бетин ачып жоопко тартуу керек деп коркутту. Ал: «Мен силердин өз ара келишир алганыңарды билемин. Бир күн келип мен акыркы айлар ичиндеги кылмыштарыңарды ачык айтып берем жана кыянаттар, тил бириктирүүлөр, жалган убадалар, сионисттерге жана колонизаторлорго малайлыкты ачып таштайм», – деди.
Кайс Саид бул сөздөрдү депутаттар тарабынан сынга кабылганда айтты. Ал: «Мен акыйкатты сүйлөгөндөрдү да күзөттүм, жалган айтып, доомат кылгандарды да. Ушул күндөрдө дооматчылар өтө эле көп экенин көрдүм. Бирок, аманат берилсе, кыянаттык кылбай турган чынчыл кишилер да ар дайым болот», – деди.
Анын бул сөздөрү кээ бир партиялардын жетекчилери ага карата айткан сөздөрүнө раддия болду. Бул партиялпрдын лидерлери айтышынча, өкмөткө карата ишенимди камсыздоо жыйынынан мурда президент алар менен жолугушуп, алардан парламентти таркатпоонун акысына Мишиший өкмөтүн кулатууну талап кылган о.э. азыркы өкмөткө Иляс Фахфахтын ордуна башка премьер-министрди тандоону шарттаган. Белгилүү болгондой, мурунку премьер-министр Иляс Фахфах партиялардын каршылыгына учурап жаткан.
О.э. президенттин бул раддиясы «президент эмне кылып берди?!» деп күмөн билдирип жаткандарга да жооп катары болду. Кайс Саид аларга: «Акыркы айларда силер караңгы түндөрдө жана караңгы өтмөктөрдө ушакташкандан башка эмне кылдыңар?!», – деп жооп берди.
Президенттин мындай кескин чабуулу, ачыкка чыккандай, өкмөттүн өз ара чатакташуу жана бири-бирин жаман көрүү негизинде түзүлгөнүн көрсөтүүдө. Президент партиялардан парламентти таркатпоо акысына жаңы өкмөттү кулатууну талап кылып жатат деген сөздөр ушуну түшүндүрөт: Саид Кайс саясий партиялар менен келишүү жана аларды шантаж кылуу жолуна өттү, демилгени тартып алууда, Машиший өкмөтүн партияларга таандык болбогон технократтардан министрлерди дайындоого мажбур кылууда, ушинтип, шайлоодо жеңип чыккан партияларды башкарууга келтирбөөнү көздөп жатат. Кайс Саиддин өлкөдөгү саясий оюн эрежесин өзгөртмөкчү экендиги туурасында о.э. ал башкарууну президенттик башкарууга өзгөртмөкчү деген сөздөр пайда болду. Ал тургай, президент ушул өкмөт аркылуу президенттик башкарууга даярданып жатат дегендер да табылды.
Президент ушул раддия аркылуу жалган сүйлөөнү, кыянаттык кылууну, тил бириктирүүнү, сионисттер жана колонизаторлор менен мамиле кылууну каралады деди дебейбиз. Себеби, айыптоого тергөө жана далилдер керек. Ал эми, президент Кайс бул кайрылуусунда эмне деп жатканын жакшы билет, кыянаттар, тил бириктирүүлөр, жалган убадалар о.э. сионисттерге жана колонизаторлорго малайлык кылуу үстүндө келишим бар экендигине анын ишеними жетиштүү. Демек, Тунисте мына ушундай кылмыштар болуп жатат жана муну президент билип турат. Бирок, президент аларга карата эмне кылып жатат деген суроо жаралышы табигый.
Ал: «Бир күн келип мен акыркы айлардагы кылмыштарыңарды ачык айтып берем», – деди. Кызык, мамлекетке кыянаттык кылмыштар «бир күн келип андай кылам, мындай кылам» деген сөздөр менен чечилеби, биорк, ал күн келеби, келбейби билбейбиз. Кылмыш жана кыянаттын жазасы курулай сөздөрбү?!
Мындан Кайс Саид кандай кимсе экени ачыкталды:
- Аны бул коркутуулары олуттуу эмес. Тескерисинче, алар шамал сыяктуу жок болуп кете турган сөздөр. Алдамчылык, колонизаторлорго жана сионисттерге малайлык кылуу бардык адамдардын өлчөөсүндө кыянаттык болуп эсептелет. Кайс Саид шайлоо дебаттарында айтып жаткандай, анын назарында бул катуу жазага тартылышы шарт болгон эң чоң кыянаттык эсептелет имиш. Бул жалган, негизи Тунистин ички жана тышкы коопсуздугуна байланыштуу маселелерде ыйгарым укукка ээ адам президент болуп эсептелет! Душмандар менен мамиле кылуу – алардын сөзү менен айтканда – улуттук коопсуздукка байланыштуу. Кала берсе, өлкөнүн коопсуздугу башка бийликтерден өзгөчөлөнүп турган жалгыз укук. Бул туурасында президенттин колу ар кандай тосмодон өтө ала турган даражада узун. Президент олуттуу болсо, бул нерсе андан тил бириктирүүлөрдү токтотууну жана өлкөдөгү саткындарга күч менен кескин сокку берүүнү талап кылат. Коркутуу болсо, күчү жок алсыздардын гана чарасы.
- Кайс Саиддин бул кайрылуусунан максат коомчулук алдында – айрыкча, Франция сапарынан кийин – түшүп бара жаткан аброюн тикелөө. Себеби, ушул сапарда анын кордугу жана эски колонизатор алдында абдырап, жасакерленгени ачык көрүнгөндөн, өзгөчө, Франциянын колонизаторлугун четке кагып, аны коргоочу деп шерменде билдирүү бергенден кийин аброю түшүп кеткен!
- Өлкөдөгү саясий күчтөр ортосундагы күрөш, өзгөчө, президент менен парламенттен турган партиялар ортосундагы күрөш бир спектаклден башка нерсе эмес, бул ачык-айкын көрүнүп турат. Бирок, бул жаман ойнолгон спектакль. Себеби, ар кандай күрөштө, айрыкча, саясий күрөштө оболу ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланылат, бул баарына белгилүү. Ар бир атаандаш убакыттан пайдаланып, өз атаандашын кулатып, аны майдандан чыгарат. Бул тууралуу Нахза кыймылы өкмөткө каршы күрөшүп, аны отставкага чыгарганын мисал кылуу мүмкүн. Ал тургай, Кайс Саид да өкмөттөн ачыктан ачык отставка талап кылып, аны отставкага чыгарып жиберди, бирок, далилсиз айыптап койду. Күрөштүн эрежеси ушундай болсо, эмнеге бул президент мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, каралоодо өз тастыгын тапкандарды майдандан чыгарбады, акыры, алар Иляс Фахфахтан да жаман иштерди кылып жатышат го?! Эмнеге убакыттан пайдаланып, өлкөнү саткындардан жана жасалма кризистерды, кыйынчылыктарды жаратып жаткан кимселерден тазалабай жатат?!
Бул алсыздыкпы?! Же ал үчүн сызып берилген кызмат вазыйпасы сызыктан ары өтпөөнү талап кылабы?!
- Саиддин бул кайрылуусу ушуну көрсөтүүдө: ал үчүн да, башка бардык саясатчылар үчүн да басып өтүү мүмкүн болбогон сызык тартылган. Ошондуктан, бул президент каралоо өз тастыгын тапкан кишилерди сотко тарта албайт. Бул болсо, Тунисте токтом кабыл алууда чет элдик аралашуу кандай таасирдүү экенин көрсөтүп турат. Ооба, ушундай!!! Өкмөттүн турушу да, кетиши да, бирер расмийдин турушу жана кетиши да аларга байланыштуу эмес, парламент да андай кыла албайт. Булардын баары Европага, өзгөчө, саясий сахнаны көзөмөлдөп жаткан Британияга байланыштуу. Президент жана расмийлер оюнчу катары кала беришет, алардан талап кылынган нерсени гана аткарышат. Бирок, алар кээде ишти бузуп коюп, айыптары ачылып калууда о.э. деңиз артынан туруп аларды башкарып жаткандарды ачып таштоодо.
Роя гезити, №303, 2020-жыл, 9–сентябрь.