Бишкекте шайлоонун натыйжасына нааразы болгон оппозициялык партиялардын митинги 6-октябрга караган түнү Ак үйдү басып алуу менен аяктады

570
0

Бишкекте шайлоонун натыйжасына нааразы болгон оппозициялык партиялардын митинги 6-октябрга караган түнү Ак үйдү басып алуу менен аяктады

Кыргызстанда кезектеги төңкөрүш да ишке ашты. 4-октябрдагы шайлоонун натыйжасына нааразы болгон партиялар уюштурган нааразылык акциялары 6-октябрга караган түнү орган кызматкерлери менен митингчилердин кагышуусу натыйжасында Ак үйдү басып алуу менен аяктады. Натыйжада элдин басымы астында мурунку экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-депутаттар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков сыяктуу бир топ саясий туткундар бошотулду. Бийлик кайсы күчтүн таасири алдында экендиги азырынча белгисиз. Акциялар о.э. митингчилер менен орган кызматкерлери ортосундагы тирешүүлөр уланып жатат. Партия лидерлери Жээнбековдун өз ордунда калышын, күч органдары менен кызматташып, аларга эч кандай басым өткөрбөстүк тууралуу чечим кабыл алышты.

Ар кандай президенттин (диктатордун) артында аны колдоп турган жетекчи топ болот,  ошол топтун кубаты, аң-сезими жана элдин алдындагы деңгээли коомдо диктатордун кубаты катары көрүнөт. Кыргызстанда президент эмес, жетекчи топтун куугунтукталышы күтүлүүдө. Т.а. президенттин артында турган Матраимовдордун үй-бүлөлүк жетекчи тобу куугунтукталганы турат. Муну менен жетекчи топ бир нече күчтөр ортосунда кайрадан түзүлөт. Күч түзүмүнүн жетекчилери, жетекчи партиялар, өкмөт жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да кайрадан жаңыланат.

Бирок, тышкы көрүнүшү өзгөргөнү менен мааниси өзгөрбөйт! Жээнбеков бийликке келгенден баштап Матраимовдор менен Атамбаев тобу ортосунда калды. Атамбаевден баш тартып, аларды камакка алуу менен Матраимовдорду тандады. Кийинчерээк Матраимовдор менен президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун ортосунда талаш-тартыштар пайда болуп, шайлоонун алдында президент эки топтун ортосунда калды.  Ар бир топ президентти өз кызыкчылыгы тарапка тартып, президентти өзүнүн таасири астында кармоого аракет кылды.

Жаңы калыптанып келе жаткан топ да, мурункулардан башкача эмес. Булар да президентти өздөрүнүн кызыкчылыгы тарапка жүрүүгө мажбурламакчы болушууда. Бул башы туюк көчө  болуп, саясий күчтөр жана партиялар качан гана өз кызыкчылыктары жүзөгө чыкканга чейин элдин күчүнөн пайдаланышат. Азыр качып бара жаткан топ да – кудум азыркылар сыяктуу эле – элди алдоо жолу менен бийликке келген. Жаңы келе жаткандары да көп убакыт өтпөстөн мурункулардай эле залимдерге айланышат.

Өзгөрүшү мүмкүн болгон нерсе коомдун саясий аң-сезими. Башкача айтканда, ар бир бийлик алмашкан сайын коомубузга Батыш дүйнөкарашына сугарылган жаштар кирип келе жатышат. Бул болсо, кийинки мамлекеттик төңкөрүш Украина же Белорусия сценарийи сыяктуу болорун билдирет.

Бул демократия акыйдасына негизделген капиталисттик башкаруу системасынын кесепети болуп, элди “эл – бийлик ээси” деген жалган негиздер менен башкаруунун натыйжасында келип чыгат. Себеби, иш жүзүндө эл бийликти башкарышы мүмкүн эмес! Ошондуктан, элдин башкарууну шайлоо аркылуу бирөөлөргө тапшыруу укугу гана бар. Кожоюндук да элдики эмес, ал мыйзамдыкы болушу керек. Кыргыз саясатчылары да – дүйнөдөгү саясатчылар сыяктуу эле – өз элин демократия менен алдап, бийликти элден бузуку шайлоолор жолу менен тартып алып, жеке адамдар, партиялар жана белгилүү топтор таасири астында бийликтен кыянаттык менен пайдаланып келе жатышат.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here