БАЭ менен Израилдин ортосунда телефон байланышы иштей баштады
16-августта Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) менен Израилдин ортосунда телефон байланышы иштей баштады.
Дипломатиялык мамиле орнотулгандан кийин телефон байланышын ишке түшүрүү эки мамлекет ишке ашырган алгачкы аракет болду. 13-августта БАЭ Израилди тааныган жана АКШ ортомчулугунда Израиль менен толук кандуу дипломатиялык мамиле түзүүгө макулдашкан эле.
Сереп: Ислам дүйнөсү куфр менен мамиле кылууга, келишүүгө жана ага көз каранды абалда жалтактап жашоого көнүп барууда.
Батыш дүйнөсү ааламда, анын ичинде исламий өлкөлөрдө өнүктүрүп жаткан “муътадил Ислам” (мээлүүн ислам) багыты мусулмандарды куфрга жакындаштырып, көз карандылыгын күчөтүү негизине курулган. Акыркы он жылдыкта муътадилдик багыты – куфр дүйнөсү менен кызматташтыкта – Ислам дүйнөсүндө белгилүү бир орунду ээлеп барууда.
Муътадил Ислам – бул куфрдун долбоору болуп, исламий өлкөлөрдө бузук исламий мухит жаратуу максатында иштелип чыккан. Муътадилдик фикраты – мусулмандарды куфр саясаты астында жашоого ыраазы кылуу максатында – коомдо бузук исламий урф-омм пайда кылат. Натыйжада, мусулмандар өлкөнүн, коомдун жана үммөттүн кызыкчылыктарына болуп жаткан зулумга жана куфр саясатына кайдыгер болуп калышат. Ошондон кийин исламий өлкөлөрдүн жетекчилери куфр негизине курулган ички жана тышкы саясаттарын уланта алышат.
Жогорудагы сыяктуу яхудийлер менен байланышты жана башка куфр негизиндеги мамилелерди мабдаий Ислам гана четке кагат. О.э. мусулмандарды ага каршылык көрсөтүүгө жана бул алакалар шаръий болушун талап кылууга чакырат. Ар кандай мамлекет өз вужудун (башкаруу түзүмүн) үммөттөн т.а. өз жарандарынан алат. Бул жалпы коида болуп, бардык коомдордо ушундай.
Демек, үстүбүздөгү жетекчилер куфр негизинде алып барып жаткан бардык алакалар үммөттүн раъйына (дүйнөкарашына) байланыштуу. Алар ишке ашырып жаткан бузук саясат үчүн да үммөт жоопкер. Үммөттү мойнундагы акимдерди мухасаба кылуу жоопкерчилигин сезбей калышы үчүн “Муътадил Ислам” долбоору иштелип чыкты.
Ислам дүйнөсүнүн барык өлкөлөрүндө абал ушундай! Куфр өкүм сүрүп, өкмөттөр бардык алакаларында куфрду ачык эле көрсөтүп жатышат. Бир катар Ислам руханийлери куфр тарапка өтүп алышып, адамдарды акимдерге шүгүр кылууга чакырышат. Мусулмандарды болсо “ибадаттар өкмөттүн уруксаты менен болушу керек” деп тарбиялашат! Аллах фарз кылган даъват иштерин да, куфрдан уруксат сурап, ал сызып берген сызыктын ичинде алып барууга чектешет! Үммөттү саясаттан ажыратып, мамлекеттин, үммөттүн жана адамдардын кызыкчылыгын коргоодон кайтарышат!
Натыжада акимдер куфрга жалынып, үммөттүн атынан алар менен мамиле орнотушат. Үммөт ага сүкүт сактоо менен ыраазы болуп, келишимдерге моюн суна берет!
Абдураззак Муъмин.