АКЫЛ ӨЗ ОРДУНДА ИШТӨӨСҮ ФАРЗ

200
0

АКЫЛ ӨЗ ОРДУНДА ИШТӨӨСҮ ФАРЗ

Өкүмгө тиешелүү талкуулардын эң маанилүүсү, эң абзели жана баян кылынышы зарыл болгону – бул ким өкүм чыгаруу укугуна ээ экендигин т.а. ким өкүм чыгаруучу экенин билип алуу. Себеби, өкүм чыгаруучунун кимдигин билип алган соң, өкүм жана анын түрлөрү билинет. Бул жерде өкүм чыгаруучу дегени өзүнүн кол алдындагыларга өкүмүн өткөрүүчү салтанат ээси эмес, балким, феълдер жана нерселерге өкүм чыгаруу укугуна ээ болгон зат ким экендиги. Себеби, жашоодо хис кылынган нерселер адамдын феълдери же ушул феълдерге тиешелүү нерселер гана болот. Адам ушул ааламда жашоочу жанзат сыпатындагы талкуу темасы болгон соң о.э. өкүм чыгаруу да адам үчүн жана ага тиешелүү болгон соң, демек, өкүм адамдын феълдерине жана ага байланыштуу нерселерге чыгарылышы керек. Себеби, адам ар бир нерсеге же ар бир ишке кандай мамиледе болушунан мурда ошол вакиъни туура чечип алышы о.э. туура жандашуусунда ыктыярдуу жана эки дүйнө бактысы да, кыйроосу ушул тандоодо туура тыянак чыгарышына байланыштуу. Антпесе, ал адашып, алышы керек болгон нерсени албай, таштоосу керек болгон нерсеге жакындашат. Эми, бул нерселерге өкүм чыгарууга акылуу зат ким? Аллахпы, адамдын өзүбү? Башкача айтканда, шариятпы же акылбы? Себеби, Аллахтын өкүмүн шарият баян кылса, адамды өкүм чыгаруучу кылган нерсе акыл. Кыскасы, өкүм чыгаруучу ким? Шариятпы же акылбы?
Ал эми, ушул өкүмдүн темасы т.а. феълдер жана нерселер үстүнөн өкүм чыгарылуучу нерсе жагымдуу (жакындоо) жана жагымсыз (качуу). Себеби, өкүм чыгаруудан көздөлгөн максат бирер иштин каршысында адамдын мамилесин аныктоодон турат; адам ушул ишти кылсынбы же кылбасынбы? Же кылуу же кылбастыкта ыктыярдуубу? О.э. адамдын өз феълдерине тиешелүү нерселер каршысындагы мамилесин да дайындап берүү керек; ал бул нерселерди алабы же таштайбы? Же алуу жана албастыкта ыктыярдуубу? Адамдын мындай мамилесин дайындоо анын нерсеге жагымдуубу, жагымсызбы же жагымдуу да, жагымсыз да эмеспи деген көз карашына байланыштуу. Ошондуктан, бул орунда талап кылынган өкүм жагымдуу жана жагымсыздык. Демек, “жагымдуу” же “жагымсыз” деп өкүм чыгарууда бул экөөнөн (акыл жана шарияттан) тышкары үчүнчүсү жок болгондуктан, бул акылдын ишиби же шарияттыкыбы? – ушуну жакшылап чечип алуу негизги маселе болуп калууда. Мунун жообу төмөнкүдөй, феълдер жана нерселерге өкүм чыгаруу:
1. Алардын вакиъси эмне экендиги жагынан
2. Алардын адам табиятына жана фитрий майилдерине туура келиши же туура келбестиги жагынан
3. Ушул ишти кылганына мактоо, кылбаганына мазаммат, же мактоо да, мазаммат да кылынбастыгы т.а. ушул ишке сооп же жаза бар экендиги же сооп да, жаза да жоктугу жагынан болот. Бул – нерселерге өкүм чыгаруунун үч жагынан; биринчиси, алардын вакиъси эмне экендиги. Экинчиси, алар адам табиятына туура келиши же келбестиги. Үчүнчүсү, сооп жана жаза, же мактоо же мазаммат жагы.
Ал эми, нерселерге өкүм чыгарууда биринчи жана экинчи жактан т.а. алардын вакиъси эмне экендиги жана алар адам табиятына туура келиши, келбестиги, булардын баарында өкүм чыгарууга адам акылуу т.а. бул шарияттын эмес, акылдын иши болуп эсептелет. Ушул эки жакта феълдер жана нерселерге акыл өкүм чыгарат. Бул эки жактын биринде да шарият өкүм чыгарбайт. Себеби, бул иштерге шарияттын тиешеси жок, себеби илим жагымдуу, жахалат жагымсыз. Алардын вакиъсинен т.а. илимден камалат жана жахалаттан ажыздык көрүнүп турат. О.э. байлык жагымдуу, кембагалдык жагымсыз. Чөгүп бара жаткан адамды куткаруу жагымдуу жана бирөнүн малын акысыз түрдө алып коюу жагымсыз болгону сыяктуу. Себеби, адам табияты зулумду жек көрөт, кырсыкка дуушар болгонго жардам берүүгө майил болот. О.э. таттуу нерсе жагымдуу, ачуу нерсе жагымсыз ж.б.у.с… Булардын бардыгы адам хис кыла турган нерсенин вакиъсине байланыштуу болгондуктан акыл аларды идирек кылат же адамдын фитраты жана табиятына байланыштуу болуп, адам андан туйгуланат жана акылы идирек кылат. Ошондуктан, бул нерселерге шарият эмес, балким акыл жагымдуу жана жагымсыз деп өкүм чыгарат т.а. жогорудагы эки жакта феълдерге жана нерселерге өкүм чыгаруу укугу адамга берилет. Бул орунда адамдын акылы иштей турган орундар, акылын иштетүү фарз болгон темалар. Бул орундарда акыл иштеши менен Аллах Таала жараткан нерселер адам үчүн канчалык зарыл экендигин түшүнүп жетет. Демек, бул эки жакта өкүм кылуучу адам. Аллах Таала акылын иштепегендерди төмөнкүдөй сыпаттайт:
وَمَثَلُ الَّذِينَ كَفَرُوا كَمَثَلِ الَّذِي يَنْعِقُ بِمَا لَا يَسْمَعُ إِلَّا دُعَاءً وَنِدَاءً صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَعْقِلُونَ
“Кафир болгон кишилердин мисалы кудум добуш менен чакырыкты гана уга турган айбандарга кыйкырып жаткан кишини элестетет.Алар дүлөй, дудук, көр. Демек, алар ой жүгүртө алышпайт”. [2:171] .
Ал эми, феълдер жана нерселерге дүйнөдө мактоо жана мазаммат, акыретте болсо, сооп жана жаза жагынан өкүм чыгаруу адам үчүн эмес, бул тема шек-күмөнсүз, жалгыз Аллахтын акысы. Т.а. бул укук акылдыкы эмес, шарияттыкы. Мисалы, ыйман жагымдуу, куфр жагымсыз, таат жагымдуу, маъсият жагымсыз, согушта жалган сүйлөө жагымдуу, тынчтык абалында кафир акимге да жалган сүйлөө жагымсыз ж.б.у.с… Бул жааттагы жападан жалгыз өкүм чыгаруучу акыл эмес, шарият экендигинин себеби, акыл хис, вакиъ, собик маалымат жана мээден туруп, хис акылдын жүзөгө келишиндеги негизги фактор. Себеби, акыл нерселерге (сооп же жаза жагынан) өкүм чыгарышы үчүн ошол нерселерди хис кылышы шарт. Эгер адам нерсени хис кылбаса, ага өкүм чыгара албайт. Хис кылынбаган нерселерге акыл өкүм чыгарышы мүмкүн эмес. Зулумдун мактала турган же мазаммат кылына турган нерсе экендигин акыл хис кыла албайт. Себеби, бул хис кылына турган нерсе эмес. Ошондуктан да анда акыл иштебейт т.а. акыл ага өкүм чыгарышы мүмкүн эмес. Зулумду мактоо же мазаммат кылуу, мейли, адам өз фитраты менен аны жаман көрсө же ага карата майил болсо да, бирок, бул туйгунун өзү бирер нерсеге өкүм чыгарууда акылга жардам бербейт. Акыл иштеп, ага өкүм чыгарышы үчүн хис кылынышы шарт. Ошондуктан, акыл иш же нерсеге жагымдуу же жагымсыз (сооп же жаза) деп өкүм чыгара албайт. Ушундан белгилүү болгондой, акылдын аларга (сооп же жаза жагынан) өкүм чыгарууга мүмкүнчүлүгү болбогону үчүн да, ал феълдерге же нерселерге мактоо жана мазамат менен өкүм чыгара албайт. Бул иш акыл үчүн мүмкүн эмес.
Бирок, акмактар “бул жаатта да өзүбүз же өзүбүзгө окшогон адамдар аныктап берет” деп ойлошот т.а. сооптуу туура иштерди да, жазалануучу ката иштерди да билүү мүмкүнчүлүгүбүз бар деп, кээ бир иштерди кылууга киришишет, кээ бир иштерди кылбастыкка чечим кабыл алышат жана өздөрү менен бирге башкаларды да адаштырышат. Акылдуу адамдар иштин маанисин билгендиктен бул жааттагы өкүмдөрдү, эмнелерди кылуу керек да, эмнелерден тыйылуу керектигин жалаң гана шарияттан издешет. Мужтахиддер өздөрү жетип барган өкүмдөрдү кайсы негиздерден алгандыгын далилдери менен келтиришет. Акыл ээлери болгон аамийлер болсо, ошондой иштери менен таанылган мужтахиддердин өкүмдөрүн ээрчишет. Бул ишти кылуу жаиз эмес, себеби баланча мужтахид бул ишти кылуу жаиз эмес деген, же бул ишти сөзсүз аткарышыбыз керек, аны аткарбастыкка бизде ыктыяр жок, себеби Аллах Таала муну фарз кылганын баланча мужтахид өз китебинде келтирген деген негизде иш кылышат.
Мактоо жана мазаммат менен өкүм чыгарууну адамдын фитрий майилдерине таштап коюу мүмкүн эмес. Себеби, бул майилдер өзүнө туура келе турган нерсени мактап, туура келбей турган нерсени мазамматтаган өкүм чыгарып коёт. Адамдын фитрий майилдерине туура келгени үчүн зына, кумсалык, адамдарды кул кылуу сыяктуу кээ бир иштерди Батыш мактап, бардык жерге жайып жүрөт. Бизде да кеңири жайылтууга болушунча умтулууда, өзүбүздөн чыккан малайлар да айлакердик менен алардын пландарын ишке ашырып келишет. Негизи, бул иштер мазаммат кылына турган эң жийиркеничтүү иштерден болуп эсептелет. Же болбосо, эң зарыл фарздардан, эки дүйнө бактысына жеткирүүчү, макталган иштер түркүмүнөн болгон жана жаралуу майилдерине тескери болгон: душманга каршы күрөшүү, кыйынчылыктарга сабыр кылуу, башына мусибат түшөрү анык болуп турган абалда да акыйкатты айтуу сыяктуу кээ бир иштерден адамдарды тосуп, бул иштерди баарына жаман көрсөтүп жатышат. Адамдын табиятында бул иштерди каалабастык бар болгону үчүн алар бул жаатта чоң утуштарга: бизге ээ болуп, өз максаттарына мажбурлоодо, акыйкатты жаман көрүшүбүзгө, Исламды үйрөнбөстүккө ыраазы болушубузга жетишип жатышат. Демек, бул орунда өкүм чыгарууну майил жана каалоолорго тапшыруу, мактоо жана мазаммат үчүн аларды өлчөө кылууну түшүндүрөт жана бул ката өлчөө экендиги анык. Ошондуктан, бул жаатта акыйкатка тескери көрүнүштө өкүм чыгарып коюусу себептүү майилдерди бул иштерде өкүм чыгаруучу кылуу ачык ката болот. мындан тышкары, мактоо жана мазаммат жаатында өкүм кылуу негизи кандай болушу важибдигине эмес, нафс-каалоого негизделип калат. Ошондуктан, фитрий майилдер мактоо жана мазаммат жаатында өкүм чыгаруучу болушу жаиз эмес. Акыл мактоо жана мазаммат жаатында өкүм чыгара албаган соң жана бул жаатта фитрий майилдерге да жол берүү мүмкүн болбогон соң, демек, мактоо жана мазаммат жаатында өкүм чыгаруу укугун адамга берүү туура болбойт. Ошондуктан, бул жааттагы бирден-бир өкүм чыгаруучу адам эмес, Аллах Таала т.а. акыл эмес, шарият.
О.э. эгерде феълдерге жана нерселерге мактоо же мазаммат кылуу т.а. сооп-жаза жаатында өкүм чыгаруу адамдын өзүнө калтырылса, өкүмгө тиешелүү адам жана замандардын өзгөрүшү менен өкүмдөр да өзгөрүп кетиши табигый. Себеби, адам бул нерселерге өзгөрбөс, туруктуу өкүм чыгарууга кудуреттүү эмес. Ошондуктан да мындай иштерге акыл эмес, жалгыз Аллах Таала өкүм кылат т.а. мындай өкүмгө акылдын тиешеси жок экен, акыл эмес, шарият өкүм чыгарат. Адам бүгүн бир нерсени жакшы деп билсе, эртеси эле аны жаман деп өкүм чыгарышына жана кечээ эле жамандык деп атап жаткан нерсесин бүгүн жакшылык деп өкүм кылып жатканына күбө болуп жүрөбүз. Ошол себептен, бир нерсеге болгон өкүм туруксуз, бир нече түрдүү болот. Натыйжада өкүмдө ката жүз берет. Бул жаатта акылын өкүм чыгаруучу кылып алгандар да туруксуз адамдар болушу табигый, бир нерсеге бүгүн чакырса, эртең эле ошол нерседен кайтарышат. Кечээ катуу кайтарып жаткан нерселерине бүгүн чакырып жатышканына өзүбүз күбө болуп жүрөбүз. Ошондуктан, мактоо жана мазаммат жаатында өкүм чыгарууну адамга да, акылга да тапшырып болбойт.
Ушуга ылайык, пенделердин феълдерине жана аларга тиешелүү нерселерге мактоо жана мазаммат (сооптуу же жазалануучу иштер) жагынан өкүм чыгаруучу адам эмес, Аллах Таала т.а. акыл эмес, шарият болушу зарыл.
Бул жагымдуу жана жагымсыздыкка аклий далил жагынан. Ал эми шаръий далил жагынан болсо, албетте шарият жагымдуу жана жагымсыз эсептөөдө Расулуллах(с.а.в)ды ээрчүүгө болгон амрди важиб кылып, нафс-каалоону мазамматтады. Аллах Тааланын ыраазылыгына жетүү үчүн төмөнкүдөй шарт кылынган:
قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمْ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
“(Эй Мухаммад): «Эгер Аллахты жакшы көрсөңөр, мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди жакшы көрөт жана күнөөңөрдү магфират кылат. Аллах магфират кылуучу, мээримдүү», дегин». [3:31]
Ошондуктан шаръан катъий нерсе ушул, мазаммат жана мактоо жагынан шарият эмнени жагымдуу десе, ал жагымдуу, эмнени жагымсыз десе, ал жагымсыз.
Феълдер жана нерселерге мактоо же мазаммат менен өкүм чыгаруудан максат, буларга карата адамдын мамилесин белгилөө. Себеби, нерселерге карата бул өкүм: аларды алуу мүмкүн же арам экендигин адамга баяндап берүү. Акыйкаты мындан башкача болушу мүмкүн эмес. Адамдын феълдерине карата болсо, адамдан бул феълдерди аткаруу талап кылынабы же таштоо талап кылынабы, же аткаруу жана таштоодо ага ыктыяр берилеби. Ушул (сооп-жаза) жактан алып каралганда, өкүм кылууга шарият акылуу экен, адам феълдеринин о.э. аларга тиешелүү нерселердин өкүмдөрүн акыл эмес, шарият гана чыгарышы зарыл. Демек, шарияттын өкүмү гана пенделердин феълдерине жана алардын феълдерине тиешелүү нерселерге өкүм чыгаруучу болушу важиб болот.
Мындан тышкары, нерселерге – адал, арам деп өкүм чыгаруу, пенделердин феълдерине – важиб, арам, мандуб, макрух же мубах деп өкүм чыгаруу о.э. иштерге, келишимдерге – себеп, шарт, монеъ, сахих, батыл, фасид же азима жана рухсат экендиги жөнүндө өкүм чыгаруу, булардын бардыгы адамдын табиятына туура келиши, туура келбестиги жагынан же булардын вакиълери жагынан эмес, тескерисинче, бул нерселерге дүйнөдө мактоо-мазамматты жана акыретте болсо, сооп-жазаны белгилөө жагынан болот. Ошондуктан, бул жаатта өкүм кылуу акылга эмес, шариятка гана таандык. Демек, феълдерге жана аларга тиешелүү нерселерге о.э. иштерге, келишимдерге чыныгы өкүм чыгаруучу жалгыз шарият болот. Бул жаатта акылга таптакыр орун жок.
Гариб Муслим.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here