Коронавирус илдети жөнүндөгү суроо-жооп боюнча келген суроолорго жооптор

570
0

Коронавирус илдети жөнүндөгү суроо-жооп боюнча келген суроолорго жооптор

Төмөндө коронавирус илдети жөнүндөгү суроо-жооп боюнча келген суроолорго жооп беребиз:

  • Тоун менен өлөттүн, же коронавирус менен өлөттүн ортосунда жугуштуу ооруу экендиги жагынан эч кандай айырма жок. Себеби, күч-кудурет ээси болгон Аллах Таала өлөттү да, коронавирусту да жугушу мүмкүн кылып жараткан. Ооруу бактерия аркылуу жугабы, же вирус аркылуубу, айырмасыз, анда жугуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, жугуу мүмкүндүгү жагынан алардын хукму бирдей. Суроо-жооб баракчасы мына ушул теманы өз ичине алган эле.
  • Биз өз жообубузда азыркы коронавирус илдети адам тарабынан пайда кылынбаганын айткан элек. Ушул туурасында да суроо берилип, «мында Батыш отчётторуна таянып айтылыптыр, алардын отчётторуна таянып болбойт» дешти… Бул кеп анчалык туура эмес. Себеби, илимий көз караштарды ар кандай булактан алуу мүмкүн, маанилүүсү, ал нерсенин чындыгында туура экени басымдуулук кылып, буга дил канааттанышы керек. Ошондуктан, коронавирустун адам тарабынан пайда кылынбагандыгы туурасындагы Батыш отчётторуна таянуу мүмкүн. Чындыгында, суроо-жооб баракчасында бул вирустун адам тарабынан пайда кылынбастан, табигый пайда болгонун т.а. адам тарабынан белгилүү бир максатта пайда кылынган деген фикирге караганда табигый түрдө пайда болгон деген фикирдин ыктымалы көбүрөөк экенин, айрыкча, Кытай жана АКШ сыяктуу коронавирус илдетин таркатты деп айыпталып жаткан мамлекеттердин өзүндө да вирустун кеңири таркалгандыгы бул нерсени далилдеп турганын айтып өткөнбүз. Суроо-жооб баракчабызда мындай деген элек: «Ошентип, коронавирус (Covid-19, SARS-CoV-2) жайылышы боюнча Америка менен Кытай ортосунда сөз ыргытуу согушу орун алды. Эки мамлекет тең бири-бирин ушул илдет жайылышынын түздөн-түз себепчиси деп айыптоодо. Ушундай болсо да, Кытай өкмөтүнүн да, АКШ өкмөтүнүн да илдеттин таркалышы артында тургандыгы ыхтымалдан тышкары эмес. Бирок, биз маселени үйрөнүп чыкканыбыздан кийин, Кошмо Штаттардын да, Кытайдын да коронавирусту башка мамелкеттерге алып барганына, же болбосо аны пайда кылып, башка мамлекеттерге көчүрүлүшү үчүн мүмкүнчүлүк жаратып бергенине жетиштүү далилдер жок деген тыянакка келип, ушул варианттын ыхтымалы көбүрөөк деп билип жатабыз». Бул туурасында суроо-жооб баракчабызда кеңири айтып өткөнбүз. Ал фейсбуктагы баракчабызда турат, ага кайрылып көрүүгө болот.
  • Жума намазы мечитте окулат. Кээ бир фукахалар майдандарда т.а. намазкөйлөрдүн киришине тыюу салынбай турган коомдук жайларда да окулушун жаиз эсептешкен. Бирок, жума намазынын менчик жайларда (үйлөрдө) окулбашы жана дурус болбошунун ыхтымалы көбүрөөк (рожих). Ошондуктан, мечит же майдан табылбаса, анда, үйдө төрт ракаттуу бешим окулат. Эгер мамлекет мечиттерде же майдандарда окууга тыюу салса, күнөөкөр болот. Себеби, нусустар ушуну ифадалайт жана Аллах Субханахунун:

﴿يَا أيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ﴾

«Эй момундар, качан Жума күнү намазга чакырылса, дароо Аллахты зикр кылууга шашып баргыла жана соода-сатык ишиңерди токтоткула! Эгер, билген болсоңор, бул силер үчүн жакшы»                                                                                   [62:9]

деген аятынан ушул нерсе түшүнүлөт. Ошондуктан, мусулман адам жума намазына эч бир тыюусуз барышы керек.

﴿فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ﴾

«… дароо Аллахты зикр кылууга шашып баргыла жана соода-сатык ишиңерди токтоткула». Демек, жумага аракет кылуу фарз болуп, мунун каринасы мубахты таштоо болот. Мындан тыюу жайиз боло турган үйлөр сыяктуу менчик жайларда жума намазы өтөлбөйт деген кеп келип чыгат… Ошондуктан, жоопто акимдер мечиттерди жаап, ал жерде намаз окууга тыюу салуулары жайиз эместиги жана мында ошол акимдер үчүн чоң күнөө бар экени айтылган. Ушуга ылайык, эгер акимдер мечитте жума намазы окулушуна тыюу салышса жана үйлөрдөн тышкары намаз үчүн аталган башка жер болбосо, үйдө төрт ракаттуу бешим окулат. Мечиттерди жапкан мамлекет болсо – жоопто айтканыбыздай – катуу күнөөкөр болот.

  • Эми «демек, түшүнүшүм боюнча – валлоху аълам – бүгүнкү күндө акимдерден зулум жетүү коркунучу болсо, ушул себептүү жума жана жамаат намаздары сакыт болот экен да» деген суроого келсек, бул маселени тафсилаты менен баян кылуу лазым. Жообубузда мындай деп келген: «Кооп-коркунучта калган кишиге да жума важиб болбойт. Буга Ибн Аббас розияллаху анхунун ушул риваяты далил. Набий ﷺ айтты:

«مَنْ سَمِعَ النِّدَاءَ فَلَمْ يُجِبْهُ فَلَا صَلَاةَ لَهُ إلَّا مِنْ عُذْرٍ، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ وَمَا الْعُذْرُ؟ قَالَ: خَوْفٌ أَوْ مَرَضٌ»

«Ким азанды угуп, ага жооп бербесе, анын намазы жок. Болгону, үзүр абалы гана мындан сырткары. Сурашты: «Я Расулаллах, үзүр эмне?». Айтты: «Коркуу же оору». Байхакий «Сунан кубро» китебинде келтирген». Ушул коркунуч жөнүндө Ибн Кудама өзүнүн «Муганний» китебинде (1/451) мындай деген: «(881) фасл: кооп-коркунучтагы кишиге экөөсүн тең ташташы үзүргө өтөт. Буга Набий ﷺдын:

«الْعُذْرُ خَوْفٌ أَوْ مَرَضٌ»

«Үзүр – коркуу же оору» деген хадиси далил. Коркунуч (хоуф) үч түрдүү болот: жан үчүн, мал үчүн, үй-бүлө үчүн. Жан үчүн болгон коркунуч кишинин аким же душман тарабынан камакка алынышынан коркушу, же ушуга окшош өмүрүнө бирер зыян жеткиришинен коркушу…». «Мухаззиб фи фикхи имам Шафъиий ли Широзий» китебинде да минтип келген: «… өзүнө же малына зыян жетишинен, же болбосо, максаттын ишке ашышын кыйындатып коё турган бир оорудан коркушу. Буга далил Ибн Аббас розияллаху анху риваят кылган Набий ﷺдын төмөндөгү хадиси:

«مَنْ سَمِعَ النِّدَاءَ فَلَمْ يُجِبْهُ فَلَا صَلَاةَ لَهُ إلَّا مِنْ عُذْرٍ، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ وَمَا الْعُذْرُ؟ قَالَ: خَوْفٌ أَوْ مَرَضٌ»

«Ким азанды угуп, ага жооп бербесе, анын намазы жок. Болгону, үзүр абалы гана мындан сырткары. Сурашты: «Я Расулаллах, үзүр эмне?». Айтты: «Коркуу же оору». Т.а. мусулман киши залим аким тарабынан адилетсиз түрдө куугунтукталса, үзүрлүү болуп эсептелет. Мисалы, акимдин малайлары жамиъ мечитте аны камакка алуу жана зыян жеткирүү үчүн күтүп турушканына анык ишенсе, же буга күмөнү көбүрөөк үстөм келсе, ал ошол мечитте жума намазын окуудан үзүрлүү болуп эсептелет жана жума намазын окуу үчүн башка мечитти издеши лазым болот. Издөө аракети да пайда бербесе, анда, менчик жайда төрт ракаттуу бешим окуйт… Эгер, суроо берген киши биздин жообубуздан ушул нерсени түшүнгөн болсо, туура түшүнүптүр, валлоху аълам ва ахкам.

  • Имам Бухарий риваят кылган «لَا عَدْوَى… ооруу жугушу жок…» деген хадиске келсек, кээ бир уламалар нафиъ маанисинде т.а. оору жукпайт деп тафсир кылышкан. Бирок, анын талаб маанисиндеги хабар болушунун ыктымалы көбүрөөк. Ошондуктан, эгер мусулман адам жугуштуу ооруга чалдыкса, же анын ооруусу Аллах Субханаху жараткандай жугушу мүмкүн болсо, мындай абалда мусулман киши башка намазкөйлөргө жуктуруп коюудан корккону үчүн жума жана жамаат намаздарына баруудан үзүрлүү болуп эсептелет. О.э. бул жогорудагы «الْعُذْرُ خَوْفٌ أَوْ مَرَضٌ үзүр – коркуу же ооруу» деген хадисте келген үзүрлөрдүн бири.
  • Имам Бухарий риваят кылган:

«إِذَا مَرِضَ الْعَبْدُ أَوْ سَافَرَ كُتِبَ لَهُ مِثْلُ مَا كَانَ يَعْمَلُ مُقِيماً صَحِيحاً»

«Эгер, пенде ооруп калса же сафар кылса, ага мукыйм, соо кезиндеги кылган амалынын ажырындай сооб жазылат» деген хадиске келсек, бул хадис мусафыр же оорулуу адамга т.а. жамаат жана жума намаздарына баруудан үзүрлүү болгон кишиге карата айтылган. Ал намаздарын шариятта көрсөтүп бергендей окуй берет жана Аллахтын урухсаты менен, мукыйм же соо кезинде намаз окуганынын сообун алат. Ошондуктан, үзүрсүз жума намазына барбай жаткан ден соолуктуу же мукыйм кишиге бул хукм туура келбейт.

  • Эми, биздин жума намаздагы адад (адамдардын саны) үчөө деген сөзүбүзгө карата Шафиъийде кырк экени айтылган суроого келсек, бул башка тема жана буга Маликийдеги он эки деген фикирди да кошууга болот… Бул жерде эч бир карама-каршылык жок. Себеби, кеп мусулман кишинин шаръий санактагы кишилер менен жума жана жамаат намаздарын окушу үчүн мечиттерди жаап койбоо жөнүндө болуп жатат. Белгилүү болгондой, жоопто айтылгандай, үч кишинин жума намазын окуй алышы – туура фикхий рай.
  • Себептерди кармоо темасына келсек, бул туура. Бирок, шариятка тескери келбеши лазым. Бул жерде оору кишинин жумага барбай, соолордун барышы – себептерди кармоо дегени… Биз суроо-жооб баракчабызда соо кишилер намаз окуй алуулары үчүн масжиддер жаап коюлбашы керектигин жана жугуштуу оорусу бар кишилер намаз окуганы келбеши үчүн бардык керектүү иш-чаралар көрүлүшү лазымдыгын жетиштүү баян кылганбыз. Ошондуктан, «соо кишилер да коронавирус илдетине чалдыккан болот, бирок, анын симптомдору көрүнбөйт, ушул себептүү баарын масжидден тыюу керек т.а. бүткүл жер жүзү калкын мечиттерге киргизбөө лазым» деп айтуу туура эмес! Себеби, бул бир да хужжатка негизделбеген жана бирер бир үстөм күмөнгө да негизделбеген! Негизи, жугуштуу илдетке чалдыкканы анык болгон киши мечитке киргизилбейт. О.э. жугуштуу илдетке чалдыкканы күмөн кылынган киши да киргизилбейт, ал эми, башкалар намаз окуша берет…
  • «Коронавирустун омурткасы жок» деген кишинин суроосуна келсек, бул киши коронавирус адам сыяктуу эмес демекчи болсо керек. Ооба, ошондой, ал инсан сыяктуу эмес. Бирок, чамасы, бул мавжудатта муундардын бар экени себептүү англис булагы аны «Backbone» деп атоого мажбур болгон көрүнөт. «Backbone» деп медицина тилинде омуртка айтылат. Анткени, ушул муундардын байланышы адам омурткасындагы байланууларга окшойт… Ушул себептен улам, муну ушундай бойдон калтырган элек… Мындан суроо келип чыгат деп ойлобогон болчубуз!
  • Маййитти жууш маселесине келсек, анын шаръий хукму төмөнкүдөй:

а)   Мусулман маййитти жуушу фарзи кифая болуп, мына ушул раъй рожихирээк. Мунун далилдерин төмөндө келтирип өтөбүз:

  • Төөсү зыян жеткириши натыйжасында каза болгон ихрамдагы киши жөнүндө Расулуллах ﷺ мындай деген:

«اغْسِلُوهُ بِمَاءٍ وَسِدْرٍ وَكَفِّنُوهُ فِي ثَوْبَيْهِ»

«Аны суу жана сидр (жыттуу өсүмдүк кошулган суу) менен жууп, эки кийими менен кефиндегиле». (Бухарий Ибн Аббастан риваят кылган).

Набий ﷺ өз кызын жууган аялдарга мындай деген:

«اغْسِلْنَهَا وِتْراً ثَلَاثاً أَوْ خَمْساً»

«Так кылып, үч же беш ирет жуугула». (Муслим Умму Атийядан риваят кылган).

  • Ушул эки хадистен маййитти жуугандар ушул ишке жетиштүү болгон бир нече мусулмандар болгондугу о.э. Расулуллах ﷺ ушуну менен чектелгендиги ачык-айкын көрүнүп турат. Мындан тышкары, Расулуллах ﷺ өз жашоосунда бардык мусулман маййиттерине ушул хукмду колдонуп келген жана маййитти жуушту эч качан истисна кылбаган. Болгону, Бадр жана Ухуд согуштары сыяктуу согушта шахид болгондорду жуубаган. Ошондуктан, маййитти жууш фарзи кифая.

б)   Бул хукмду көптөгөн фукахалар алган:

  • Сарахсийдин «Мабсут»унда мындай деп айтылат: «Билип койгула, маййитти жууш важиб болуп, мусулмандын мусулман үстүндөгү акысы. Мухаммад алайхиссалам «Мусулмандын мусулман үстүндө алты акысы бар» деген хадисинде каза болгондон кийин жуушту да зикр кылган. Лекин, кээ бир мусулмандар аны аткарышса, максад ишке ашканы үчүн калгандардан сакыт болот».
  • Имам Шафиъий «Умм» китебинде мындай деген: «Адамдарга маййитти жууш, жаназа окуу жана көмүү важиб. Бул иш мусулмандардын баарын өз ичине албайт. Балким, бул ишке жетише турган айрым мусулмандар аткарышса, ошонун өзү кифая, инша Аллах».
  • Ибн Кудаманын «Шархул Кабир»инде мындай келген: «(Маййитти жууш фасли): (Маселе): «Маййитти жууш, кефиндөө, жаназа окуп, дафн кылуу фарзи кифая». Себеби, төөсү зыян жеткириши натыйжасында каза болгон киши жөнүндө Расулуллах ﷺ мындай деген:

«اغْسِلُوهُ بِمَاءٍ وَسِدْرٍ وَكَفِّنُوهُ فِي ثَوْبَيْهِ»

«Аны суу жана сидр (жыттуу өсүмдүк кошулган суу) менен жууп, эки кийими менен кепиндегиле». (Муттафакун алайх)».

в)   Маййитти жууш маъзур (үзүрлүү) боло туган кээ бир себептер да бар. Мисалы, суу жок болушу мүмкүн, же дене күйүп кетип, суу менен жууганда тытылып кетиши мүмкүн, же болбосо маййит макоо, чума жана коронавирус сыяктуу илдет себептүү каза болуп, жуундуруучуга оору жугушу мүмкүн жана башка ушул сыяктуу. Биз бул маселеде бирер хукумду табанний кылмакчы эмеспиз. Мусулман киши көңүлү тынчтанып, рожих деп билген фикхий райлардын бирине таклид кыла берет. Мен фукахалардын кээ бир шаръий райларын келтирип өтмөкчүмүн:

  • Ханафийлер, эгер суу жоктугу себептүү маййитти жууш маъзур болуп калса, ал топурак менен тайяммум кылынат деген. Мисалы, «Инаят» китебинде (16/261) «Суу жоктугу себептүү жууш маъзур болуп калса, ал топуракта тайяммум кылынат» деп айтылган. Ал эми, маййитти кармоо маъзур болгону себептүү жууш да маъзур болуп калса, үстүнөн көп суу куюп жиберилет. Бул жөнүндө «Марокил Фалах»та (224) мындай деп айтылган: «Шишип кеткени себептүү кармоо маъзур болуп калган убакта, маййиттин үстүнөн суу куюп жиберилет».
  • Маликийлердин райы боюнча, суу жоктугу себептүү жууш маъзур болуп калса, маййит тайяммум кылынат… Эгер денедеги жаралар, же күйүк, же кычыткы, же болбосо чечек оорусу себептүү маййитти жууш маъзур болсо т.а. суу менен жууганда дене шылынып же тытылып кете турган болсо, мындайда ушундай абалдарга алып барбай турган даражада үстүнөн суу куюлат. Эгер суу куюу да маъзур болсо, маййит таяммум кылынат… Бул шейх Ахмад Дардирдин «Мухтасари Халил»ге жазган «Шархи Кабир»инде келген.
  • Шафиъийлердин райында, кээ бир себептерге ылайык маййитти жууш үзүрлүү болуп калса, мисалы, суу жок болсо же күйүү акыбетинде дененин шылынып-тытылып кетиши коркунучу болсо, мындай абалдарда маййит жуулбайт, балким, тайяммум кылынат. Шафиъийлер – эгер жуундуруучуга маййитти жууганда бирер зыян жетиши коркунучу болсо – аны таяммум кылуу важибдигин анык кылып, айтып өтүшкөн. Имам Нававий рахимахуллах «Мажму»да мындай дейт: «Эгер суу жоктугу себептүү же күйүп кетип, жууганда дененин шылынып-тытылып кетиши себептүү маййитти жууш маъзур болуп калса, ал жуулбайт, балким, таяммум кылынат жана бул таяммум важиб. Себеби, таяммум тазалоо болуп, нажасатты кетирүүгө алакасы жок. Кудум жунуб болгон киши суу менен гусул кыла албаган убакта таяммум кылганы сыяктуу, мындай абалда да таяммум кылынат. Мисалы, маййиттин денеси майда-майда болуп, жууш натыйжасында дене тытылып кете турган болсо же жуундуруучу үчүн коркунуч бар болсо, мындай абалда маййит таяммум кылынат».
  • Ханбалийлерде эки риваят бар, биринчи риваят мындай: «Эгер бирер тоскоолдук (маниъ) себептүү маййиттин денесин ышкалап жууш үзүрлүү болсо, ышкалабастан үстүнөн көп суу куюп жиберилет. Бул да мүмкүн болбосо, таяммумга өтүлөт».

Экинчи риваят: «Жууш үзүрлүү болуп калса, маййит таяммум кылынбайт. Балким, жуубаган жана таяммум кылынбаган абалда жаназа окула берет. Себеби, жууштан максат тазалоо. Таяммум менен болсо, тазалоо ишке ашпайт».

  • Шейх Мухаммад ибн Мухаммадмухтар Шанкитий «Умдатул Фикх» шархында мындай дейт: «Бирөөнүн зыян берүүчү жугуштуу оорусу болсо – албетте маййит туурасында кеп болуп жатат – жана тирүү гассолго зыяны тийиши мүмкүн болсо т.а. окуп үйрөнүү менен о.э. адистер күбөлүгү негизинде анын жугуштуу оорусу жууш убагында гассолго жугушу далилденсе, мындай абалда маййит таяммум кылынат».

Көрүп турганыңардай, бул туурасында эки рай бар экен. Биринчиси: эгер маййитти жууш маъзур болуп калса, ал таяммум кылынат жана жаназа окулуп, дафн кылынат. Экинчи райга ылайык, маййитти жууш үзүрлүү болсо, ал таяммум кылынбайт, балким, жаназа окулуп, дафн кылына берет. Биз ушул жообубуздун башында айтканыбыздай, мусулман киши туура экендигине көңүлү толгон райга таклид кылышы лазым.

  • Биздин акыйда жана ибадаттар маселесинде табанний кылбашыбызга келсек, бул туура. Бирок, биз негизги акыйдаларда жана Уммат биримдигине байланыштуу болгон ибадаттарда, мисалы, ар кандай өлкөдө ай көрүнгөн убакта орозону баштоо жана айт кылуу маселеси сыяктууларда табанний кылганбыз. Мечиттердин жабылышы маселесинде да табанний кылдык. Т.а. жоопто айтканыбыздай, керектүү убактарда мечиттер ачык турушу важиб.

                                                               18-шаъбан, 1441-х.

          11-апрель, 2020-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here