Бардык тармакта иши артка кеткен бийлик ызасын муслималардан чыгарып жатат

301
0

Бардык тармакта иши артка кеткен бийлик ызасын муслималардан чыгарып жатат

Маалымат каражаттарында кабарланышынча, УКМК Нарында диний-экстремизм шылтоосу менен алты хизбия муслиманы камакка алган. Жергиликтүү булактардын кошумчалашынча, ал мазлума муслималардын саны сегиз болгон. Алардын арасында карыган ата-энелерин жана эмизүүдөгү ымыркайларын караган хизбиялар да болгон. Залим бийликтин жүгүртөктөрү ал эже-карындаштарыбызды Нарындагы №24 убактылуу кармоочу жайына киргизгендиги маалым болду.

Учурда мамлекетте улуттар аралык, региондор аралык, диндер аралык кастыкты козуткан ураандар жайнайт. Бийликти кулатууга болгон чакырыктар да көбөйүүдө. Аларга алы жетпеген бийлик ызасын муслималардан чыгарууну эп көрүүдө. О.э. бийликке каршы калктагы маанайды эски “экстремизм” мокочосу менен алаксытмакчы дагы. Ушулар менен бирге, кафир кожоюндарына динге каршы күрөшүү жаатында отчет да берип алышмакчы.

Кафирлер малайларынын репрессиячыл аракеттери биздин Хизбия эже-карындаштарыбыздын эркин эч качан сындыра албайт. Тескерисинче, кайраттарын курчутуп, кадамдарын бекемдейт. Алар Аллах жолунда – залимдин зулумунан, жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон – Исламий жашоону кайра алып келүү деген сыймыктуу иштерин уланта беришет, инша Аллах.

Исламий саясий Хизбут-Тахрир партиясынын иш жүргүзүүсүнө, алгач, Кыргызстанда Акаев доорунда тыюу салынган. Мында Кыргызстан бийлиги Россия бийлигине малайлыгын билдирип, Хизбут-Тахрирди экстремисстик уюм деп тапкан. Анткени, ошол 2003-жылы 14-февралда, РФда да Хизбут-Тахрир террористтик уюм деп таанылган.

Негизи, “экстремизм” батыштык колонизтор кафир державалар ойлоп тапкан термин. Ошентсе да, бирок, ага эл аралык деңгээлде так аныктама берилбеген. О.э. ар бир мамлекеттин экстремизмге карата берген улуттук-юридикалык аныктамалары да ар кыл.

Мисалы, 2001-жылы кабыл алынган Шанхай Кызматташтык уюмунун аныктамасы менен 2003-жылы кабыл алынган Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын резолюциясында берилген аныктама өз ара айырмаланат.

Кыргызстан да Россия жана Кытай кафир державалары түзгөн ШКУ уюмуна мүчө болгондуктан, бул уюмдун экстремизмге карата аныктамасын айта кетели:

– Тараптардын улуттук мыйзамчылыгында кылмыш катары каралган, бийликти күч менен алууга же күч менен кармап турууга;  мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө; коомдук коопсуздукка кол салууга, алардын катарында, жогоркудай максаттарда мыйзамсыз куралдуу курамдарды уюштурууга же аларга катышууга багытталган кайсы бир иштер – экстремизм  деп аталат.

ШКУнун аныктамасынан алганда

– Акаевдин аксылык жарандарды атканы – бийликти күч менен кармап турууга багытталган иш болгондуктан – экстремизм

– Бакиевдин бийликке келиши жана кетиши – Бийликти күч менен алууга жана күч менен кармап турууга багытталган иш болгондуктан – экстремизм

– Убактылуу өкмөттүн бийликке келиши да – бийликти күч менен алгандыктан – экстремизм

– Азыр иши тергелип жаткан Атамбаевдин акыркы аракеттери да экстремизм эсептелмек.

Булардын каршысында, исламий саясий Хизбут-Тахрир партиясы – кафирлердин ушул аныктамасынан алганда да – эч кандай экстремисттик иш-аракеттерди алып барган эмес. Негизи, Хизб кафирлердин мындай токума атамасын тааныбайт да, тан албайт.

Өтмүштөгү президенттер “экстремизм” шылтоосу менен динге каршы күрөшүп келген. Азыркы президент да алардын көчүн улантып баратат.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here