Жээнбеков жооптуулар менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун талкуулады

343
0

Жээнбеков жооптуулар менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун талкуулады

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жооптуулар менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбеков, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Жанат Бейшенов жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Василий Дашков менен жолугушкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын транспорттук көз карандысыздыгын бекемдөө жана транспорттук жүк жана жүргүнчүлөр агымын диверсификациялоо максатында өлкөнүн бардык аймагында темир жол транзити менен ички жолдорду өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Анын айтымында, транспорт секторундагы эң ири жана стратегиялык долбоорлордун бири “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу курулушун баштоо болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы өлкөнүн темир жол инфратүзүмүн модернизациялоону ыкчамдатууга жана темир жол транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташуу чөйрөсүндөгү санарип демилгелерди ишке ашырууну улантууга көңүл бурду.

Комментарий:“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында көтөрүлгөн. Бирок, бул долбоор Россиянын региондогу кызыкчылыктарына тескери келгендиктен ушул кезге чейин ишке ашпай келди. Кытайдын каражатына курула турган жаңы темир жол долбоору Кытайдын Орто Азиядагы таасирин ого бетер күчөтөт. Бул болсо, региондо өзүн кожоюн катары сезүүгө үйрөнүп калган Россия үчүн жагымсыз абал. Ошол себептен да Россия темир жол курулушуна каршылык көрсөтүп келди. Кытай-Россия сүйлөшүүлөрү натыйжасында, Россия бул долбоорго өзү да катышуусу жана темир жол анын көзөмөлү астында болушу шарты менен ыраазы болду. Кытай анын кээ бир талаптарын кабыл алгандан кийин, 2019-жылы Россия аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн 200 миллион рубль (3 136 364 доллар) каражат бөлдү. Ошондон кийин долбоорду ишке ашыруу кайра жанданды.

 Негизи темир жол Орто Азия мамлекеттери үчүн пайдалуу. Себеби, темир жолу дүйнөдө деңиз аркылуу жүк ташуудан кийинки орунда турган, стратегиялык жактан өтө маанилүү жана өздүк баасы арзан багыт болуп эсептелет. А бирок, куфр түзүмү мусулман өлкөлөрдүн, анын ичинде, биздин өлкөлөрдүн да кызыкчылыктарына колонизатордук көзү менен карайт. Алар кээде бирер тармакта өз колониясын эптей албай калган учурда колониясы астындагы мамлекетти дүйнөдө таасирге ээ болгон башка колонизатор мамлекеттин долбоорлоруна тапшырып жибериши мүмкүн. Жаңы темир жол долбоору да регионду орустун таасиринен алыстатып, мушрик кытайлар чеңгелине салып берүү жолундагы бир кадам болуп эсептелет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here