بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ
ПИКИРДИ ТУУРА ТҮШҮНҮҮ ЖОЛУ
Пикирлерди уккан учурда, же болбосо, бирер китеп же журналдан окуганда аларды түшүнүү үчүн албетте ушул сөз кандай вакиьни сүрөттөп жатканын элестетүү зарыл. Болбосо, бул пикирлер эч кандай пайда бербейт. Пикирий ибараларды (выражение) пикирлөө т.а. аларды түшүнүү бир гана ибаралардын вакиъси жөнүндөгү собик (мурунку) маалыматтан пайда болот. Эгерде маалымат (т.а. вакиъни сүрөттөп берүүчү маалыматтар) болбосо, ибараны түшүнүү мүмкүн эмес. Себеби, бул ибара белгилүү бир вакиъни түшүндүрүп берет. Эгерде инсанда мына ушул вакиъни шархтай турган собик маалыматтар болбосо, ар кандай абалда бул ибараны түшүнүү мүмкүн эмес. Пикирий услуб боюнча бирер пикирди түшүнүү үчүн собик маалыматтардын далалаты (т.а. вакиъсин элестетүү) менен бирге түшүнүү зарыл. Эгер собик маалыматтар болгону билип коюлуп, алар далалат кылып жаткан вакиъ менен идирек кылынбаса, пикирий ибараны түшүнүү мүмкүн эмес. Себеби, пикирий ибара бирер максатты түшүндүрүп берет жана бул пикир гана болуп калбастан, анын вакиъси да, далалаты да бар. Эгерде пикирдин вакиъси идирек кылынбай, далалатын элестетпестен түшүнүлсө, бул пикирдеги вакиъсин шархтоо үчүн собик маалыматтары болбогону себептүү эмнени сүрөттөп жаткандыгы ифодалаётганлиги түшүнүлбөйт. Мунун пикирлөөгө т.а. пикирий ибараны түшүнүүгө пайдасы жок. Демек, пикирий ибараны түшүнүүнүн шарты собик маалыматтын бар экендиги эле эмес, тескерисинче, анда вакиъни идирек кылуу жана далалатын элестетүү да болушу керек. Мисалы, сиз бир пикирий китепти окуп жатасыз. Китептин ибаралари бирер пикир же маселе болушуна карабастан, ал эне тилиңизде болсо да, сиз өз тилиңизди жакшы билсеңиз да, бирок тилди билишиңиз кээ бир сөздөр жана сүйлөмдөрдүн маанисин түшүнүүгө жардам берсе да, а бирок, мына бул сөз жана сүйлөмдөр түзүлүшүндө жазылган пикирлердин далалаттарын т.а. эмнени баяндап жатканын түшүнүүгө жардам бербейт. Бул пикирлерди түшүнүү үчүн сизде албетте ошол вакиъ жөнүндө собик маалыматтар болушу, бул маалыматтардын вакиъси да, далалаты да идирек кылынышы зарыл. Антпесе, сөздү лугавий жактан түшүнөсүз жана кээде түшүнүгүңүз пикирлер далалат кылып жаткан нерсеге туура келсе, кээде ага тескери келип калат. А бирок, ар кандай абалда пикирди эмес, лугатты түшүнгөн болосуз.
Мисалы, мына бул ибараны окуп жатасыз. «Саясат –Үммөттүн ички жана тышкы мамилесин башкаруу болуп, ал мамлекет жана Үммөт тарабынан ишке ашырылат. Мамлекет ушул башкарууну иш жүзүндө түздөн-түз ишке ашырат, Үммөт болсо мамлекет бул башкаруу кандай ишке ашырылып жатканы боюнча мухасаба кылат». Бул бир пикирий ибара, аны түшүнүү үчүн ушул сүйлөмдөгү ар бир сөздү жакшы түшүнүү, вакиъсин анык элестетүү зарыл. Үммөт ким? Анын мамилелери эмнелерден турат? Мамлекет деганде кимдерди түшүнөбүз? Аны башкаруу кандай ишке ашырылууда? Мухасаба кандай болот? Мисал үчүн келтирилген бул пикирди түшүнүү үчүн ушул пикирде келген сөздөрдү жакшы элестетишибиз важиб. Үммөттү анык элестетпей туруп, анын мамилелери эмнелерден турушун билбей туруп бул пикирди туура түшүнүү мүмкүн эмес. Мамлекет да үммөттүн “мамилелерин” (экономикалык, социалдык, башкаруу же билим берүү сыяктууларга болгон көз карашын) үйрөнбөй туруп, аны түздөн-түз башкарышы кыйын. Бул мамилелерди түшүнбөгөн, өзүн “саясий” деп тааныткан шахс чыныгы саясат майданына жакындай албастыгы анык. Демек, бул пикирди түшүнүү үчүн ушул сөздөр жөнүндө жетиштүү маалыматтар болушу зарыл. Негизи, маалыматтар аябай көп, бирок алардын керектүү жана зарыл болгондорун таап алуу, катасынан туурасын ажыратып алуу бир топ татаал. Мисалы: үммөт – бул бир акыйданы кабыл алып, ошол акыйда негизинде пикирлей турган; ар бир ишин, мамилелерин ошол акыйдасы негизинен келип чыгып белгилей турган адамдар. Бул үммөттүн жетекчилери да ошол акыйда негизинен туруп башкаруусу табигый. Бирок, бул акыйдага негизделбестен башкарса, анда бул жетекчи же башка акыйда ээлеринин өкүлү болот, же болбосо башка акыйда ээлерине кызмат кылып жаткан, өз үммөтүнө кыянатчы, малай жетекчи болот. Натыйжада бул үммөттү башкаруу үчүн жалган жана айла-амалдарды колдонот. Үммөт акыйдасын пикирлөө үчүн негиз кылбайт, үммөт өз акыйдасынан келип чыккан түзүмдөрдү жакшы үйрөнүшүн каалабайт. Өз акыйдасын жана андан келип чыккан системаны башкаларга үйрөтүп жаткандарга, ал тургай өз алдынча үйрөнүп жаткандарга да мүмкүн болушунча тоскоолдук кылат, эл аларды жаман көрүшү үчүн, аларга жакындабашы үчүн доомат жана жалааларды жабыштырышат, себеби, акыйдасын пикирлери үчүн негиз кылып алган жана анын негизинде өз мамилелерин белгилей турган адамдарга жалган жана айла-амалдары өтпөгөндүктөн, наадан –кыянатчы жетекчилер аларды башкара алышпайт. Алар үммөттү да акыйкаттарды көрө турган кылып коюшунан коркушат. Булар “үммөт” жана аны башкарууга тиешелүү кээ бир маалыматтар эле. Ушул маалыматтар негизинде бир үммөттү башкармакчы болгон мамлекет ушул үммөт акыйдасын жана андан келип чыккан системаны жакшы түшүнбөсө аларды кантип башкарат? Аны мухасаба кылмакчы болгон саясатчылар да үммөт акыйдасын жана андан келип чыккан системаны жакшы түшүнбөстөн мамлекетти мухасаба кылышы мүмкүнбү? Т.а. Үммөт кабыл алышы мүмкүн болгон жашоо таризин аныктамайынча, үммөткө аны түшүндүрмөйүнчө, мамилелерин кабыл алдырмайынча Үммөт да башкарылбайт жана мамлекетти да мухасаба кыла алышпайт. Ушуларды жакшы элестеткенден кийин гана «саясат–Үммөттүн ички жана тышкы мамилелерин башкаруу болуп, ал мамлекет жана Үммөт тарабынан ишке ашырылат. Мамлекет ушул башкарууну түздөн-түз ишке ашырат, Үммөт болсо мамлекет бул башкарууну кандай ишке ашырып жатканы боюнча мухасаба кылат» деген пикирди түшүнүү мүмкүн.
Дагы бир мисал: «саясий аң-сезимдүү адам өзүнүн түшүнүктөрүн калкка сиңирип, багыттарын күчөтүүгө киришкен учурда, багытына тескери болгон бардык багыттарга, өзүнүн түшүнүктөрүнө тескери болгон бардык түшүнүктөргө каршы күрөшкө киришүүсү зарыл». Бул сүйлөм да бир пикирий ибара. Анын маанисин түшүнүү үчүн өз тилиңизди билишиңиз, сөздөргө жана сүйлөмдүн далалаттарына токтолушуңуз жетиштүү болбойт. Тескерисинче, сизде албетте саясий көз караш ачык-айкын болушу зарыл.
Ал үчүн сизде багыттардын жана алар далалат кылган нерселердин вакиъси түшүнүктүү болушу, бул багыттардын өз багытыңызга байланыштуулугу, өз багытыңызды адамдарга кандай сиңирүү белгилүү болушу керек. Башкача айтканда, өз багытыңызга тескери болгон багыт – иштин башталышында – Исламды туура жана жакшылап үйрөнүүдөн тосуулар (түшүнүктөрдү оңдоо, айкындаштыруу о.э. ката түшүнүктөрдү сындырып таштоо үчүн алар эмнелерден турат, эмнеси ката экенин билүүгө) болсо, кийинчерээк аны башкаларга үйрөтүүгө (т.а. Үммөттү өздүгүнө кайтаруу багытына) каршылыктар болуп, Исламды турмушка алып келүү (негизги багыт) үчүн тоскоолдуктар коюла баштайт. Башкача айтканда, саясий майданга кадам коймокчу болгон адамда “саясий аң-сезим”, “саясий күрөш”, “багыттар” жана “түшүнүктөр” жөнүндө маалыматтар, элестетүүлөр болушу зарыл. Ошондо гана бул ибараны түшүнүүгө болот. Ушул нерсе болбосо жана маалыматтар маалымат бойдон гана же пикир бойдон калса, далалаты вакиъсиз мааниге ээ болсо, бул ибараны түшүнүү мүмкүн эмес. Түшүнүлбөгөндөн кийин, ал тургай аны жаттап алса да пайдасы болбойт. Ошондуктан, пикирий ибаралар бир имаратка окшоп, андан бирер кышты сууруп таштаганда имараттын көрүнүшүн ошондой бойдон сактап калуу мүмкүн болбогондой, ибарадан да бир тамганы алып, башка жерге коюу же бир сөздү башкасына алмаштыруу мүмкүн эмес. Тескерисинче, ибараны кандай болсо, толук ошол бойдон сактоо зарыл. Себеби, көздөлгөн вакиълик т.а. аткаруу болжонгон пикирдин далалаты белгилүү бир вакиъ, белгилүү бир сүрөт болуп, вакиъсинен же сүрөтүнөн бир нерсе өзгөрсө, түшүнүү да өзгөрүп кетет. Ошондуктан, пикирлерди туура түшүнүү сөздөрдү өзү каалагандай же шархтоочусу түшүнгөндөй эмес, текстте келгендей, бирер сөзгө өзгөртүү киргизбестен элестетүү менен ишке ашат. Демек, пикирий ибараны түшүнүү анын далалатын түшүнүүнү, далалатын түшүнүү болсо андагы ар бир сөздү жана сүйлөмдү өзгөртпөстүктү, кандай болсо ошол бойдон түшүнүүнү талап кылат.
Пикирлерди туура түшүнүү үчүн пикирий ибараларда жаркын пикирлөө зарыл. Бул болсо эң бир баалуу байлык, себеби жаркын пикир нерселердин акыйкатын көрсөтүп берет, натыйжада алар туура идирек кылынат. Шашмалык менен үстүртөн пикирлөө, вакиълигин аныктабастан, ага тиешелүү маалыматтар негизинде текшербестен, ал жөнүндөгү башка пикирлерге салыштырбастан кабыл алуунун натыйжасында ката түшүнүп калуу табигый. Пикир жаркын болушу үчүн албетте терең болушу керек. Терең пикир – бул нерселерге мүмкүн болушунча терең, түпкү-негизине чейин назар салуу. Жаркын пикир болсо нерселерге, алардын абалдарына жана аларга байланыштуу нерселерге терең назар салуу жана туура натыйжаларга жетүү үчүн бул назар салууну далил кылып келтирүү. Башкача айтканда, жаркын пикир – нерселерге терең жана жаркын назар таштоо. Демек, пикирлерди туура түшүнүү үчүн ар бир пикирге, андагы ар бир сөзгө жакшылап менен назар салуу, текшерүү, ага байланыштуу бардык маалыматтарды кошуп пикирлөө, туурасын катасынан ажыратып алып, андан соң тыянак чыгаруу зарыл. Ошондо инсан ар бир пикирди туура идирек кылат жана мамилесин туруктуу негизде белгилеп, турмушта туура жолду табат.
Абу Зар