Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкты

377
0

Кыргызажик чек арасында жаңжал чыкты

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймакта чыр чыкты. Талашкан жер такталбаган аймакка кирет, бирок аны кыргыз тарап пайдаланып келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-майда болгон окуядан төрт кыргызстандык жарадар болуп ооруканага түштү. Өз кезегинде тажик тарап кыргызстандыктар төрт гектар жерди өзүм билемдик менен ээлеп алганын айтып чыкты. Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор» деп мүнөздөлүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал СССР кулагандан бери тыйылбай, мезгил-мезгили менен курчуп келет. Буга СССРдин мураскору Орусия эки өлкөнүн ортосундагы чек араларды тартып жатканда атайылап талаштуу аймактарды калтырганы негиз себеп болууда. Орусия көпчүлүк учурда өлкөдө коомдук маанай бийликке каршы күчөгөндө же өзүнүн басымын өткөрүүдө ушул чек ара көйгөйүнөн пайдаланат.

Андыктан, биз мусулмандар мындай жаңжалдардан чагымчыл күчтөрдүн оюнуна алданбастан, эки элдин ынтымагын сактоо менен гана аман калабыз. Ошондо гана бизге басым өткөрүп жаткан Орусия менен анын өкүмүн аткарып жаткан биздин бийликтердин ниеттери таш кабат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here