Түркмөнстан коронавирус жоктугун билдирүүдө, бирок ДССУнун адистери келип текшерүүсүн да каалабай жатат

228
0

Түркмөнстан коронавирус жоктугун билдирүүдө, бирок ДССУнун адистери келип текшерүүсүн да каалабай жатат

Расмий Ашхабад өлкөдө коронавирус жоктугун айтууда, бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери келип өлкөдөгү абалды изилдешин каалабай жатат.

Сереп:  Түркмөнстандын авторитардык режимине – Россия же Кыргызстан режимдеринен айырмалуу түрдө – карантин киргизүүнүн кызыкчылыгы жок. Башкача айтканда, Түркмөнстан президенти үчүн өлкөдө азырынча саясий проблема жок.

ДССУ сыяктуу дүйнөлүк уюмдар Тажикстанга басым өткөрүп, элди тесттен өткөрүүгө мажбурлады. Бир күндө жүздөгөн адамдан вирус аныкталып, мамлекет карантин жарыялоого мажбур болду.

Түркмөнстан же башка мамлекеттин карантин жарыялоодон баш тартышы эл аралык саясатты дүйнө коомчулугу алдында ыңгайсыз абалга дуушар кылып коюшу мүмкүн. Себеби алардын айтымында, карантин киргизүүдөн баш тартуунун натыйжасында өлкөдө адамдар массалык түрдө кырыла башташы керек эле. Бирок, Түркмөнстан же Белорусия сыяктуу карантин киргизүүдөн баш тарткан өлкөлөрдө алар айткандай болбоду.  Аталган өлкөлөрдө өлүмдүн саны өсүп кеткен жок. Бирок, алар  карантиндин натыйжасында өлкөдө экономикалык кризис күчөп кетишинин алдын алышты. Эл аралык саясат буга тынчсызданууда.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here