Лансароте келишими, анын таасири жана акыбеттери

285
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Лансароте келишими, анын таасири жана акыбеттери

 Устаз Саххам Арус

Батышка көз каранды өлкөлөрүбүздүн акимдери жана аларга берилген режимдер дагы эле өз калкын колонизатор кафирге туткун кылып беришүүдө. Бул абалдын арты үзүлбөй келе жатканын ушул режимдер эл аралык келишимдерди тастыктоо үстүндө иштеп жатканынан көрүүгө болот. Алар бул келишимдер конституциядан жогору коюлуп жатканын, акыйдабызга жана сакафатыбызга тескери экендигин, ал тургай, турмуш чындыгына тескери экенин жакшы билет.

Акыркы жылдарда өкмөт Европа Союзунан Тунисти Лансароте келишимине кошууну суранып келет. Бирок, бул кезектеги проблеманы келтирип чыгарат. Ансыз да акимдерибиз жан берүүнү жана моюн сунууну улантып, мунун оор кунун биз төлөп жатабыз. Биз Батыштын көз караштарына ылайык аракет кылуу менен кыйроого жүз тутканыбыз да, Батыштын жашоо таризине таянып калганыбыз да, алардын пикирлөө тарыйкатын кабыл алганыбыз да бул акимдерге аздык кылды. Батыштын пикирлөө тарыйкаты бизге кыйроо артынан кыйроолорду алып келген болсо да, бирок, бул нерселер акыйдабызды унуттура албады, мусулмандардын өз динине болгон байланышын үзө албады. Ошондуктан, Батышка мусулмандар менен дин ортосундагы байланышты үзүүгө мүмкүнчүлүк берген жаңы план зарыл болду. Батыш өз максатына жете албай жаткан соң, амалдагы стратегиясын өзгөртүүгө мажбур. Батыштын жаштар жана улуулар үстүндө алып барган аракети көздөгөн максатынын бир бөлүгүн жүзөгө чыгарды жана кийинки бөлүктөрү калды. Ошондуктан, Батыш кийинки аракеттерде негизги этибарды жаштарга каратууда. Батыш өз планын ишке ашырууда о.э. мусулмандар менен дин-акыйда ортосундагы байланышты үзүүдө же начарлатууда натыйжалуу чөйрө катары жаштарды көрүүдө.

Лансароте келишими балдарды жыныстык эксплуатациядан жана зомбулуктан коргоо боюнча Европа Союзу Кеңешинин конвенциясы болуп эсептелет. Бул келишимдин негизги максаттары мүчө мамлекеттер ортосунда биримдикти жаратуу. Жер ортолук деңиздин түштүгүндөгү мамлекеттерде демократиялык реформаларды алга сүрүү – Европа Союзу Кеңешинин максаттарынан бири. Европа Союзу менен биздин ортобузда кандай биримдик болушу мүмкүн, бул кандай демократиялык өзгөрүү?!

Бул максаттарды үйрөнүү менен ушул нерсе ачык-айкын болууда – Европа Союзу да колонизаторлордун бири, колонизаторлордун баары өлкөбүздө өз таасирлерин бекемдөөгө аракет кылышат. Аныгы, алар биздин идеологиябызга сокку беришти, эми өз таасирилерин балдарды адам соодасынан жана жыныстык эксплуатациядан коргойбуз деген шылтоо аркылуу бекемдешмекчи. Европа Союзу перзенттерибизге өз сунуштарын зордоп өткөрүүгө жетишти. Т.а. мыйзамга таалим министрлиги үндөп келген «жыныстык тарбия беренеси» киргизилди. Негизи, министрлик таалим мекелеринде пайда болгон жыныстык кол салууларга чекит коюу максатында ушул беренеге үгүттөөгө мажбур болду. Кыскасы, бул берененин Тунис мыйзамына киргизилиши да Европа Союзу Кеңешинин сунуштарынан болуп, Лансароте келишиминин алтынчы пунктунда мындай делет: «Ар бир мүчө мамлекет орто мектептердин орто жана башталгыч класстары үчүн керектүү мыйзамдуу же башка зарыл чараларды кабыл алат. Т.а. балдарга жыныстык зордуктоо же жыныстык эксплуатация коркунучтары о.э. мындан коргонуунун ыкмалары туурасында маалыматтарды берет. Керек болсо, бул маалыматтар ата-энелердин катышуусунда жыныстык турмуш жөнүндөгү жалпы маалыматтарга киргизилет. О.э. жаңы маалымат технологияларынан пайдалануу натыйжасында жүзөгө келе турган абалдарга өзгөчө көңүл бурулат».

Европа Союзу Тунисти Лансароте келишимине кошууга макул болду, бүгүн өлкөбүз алдында аны ишке ашыруу үчүн зарыл иш-чараларды кабыл алуу гана калды. Ага амал кылбоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Себеби, ар бир эл аралык келишим конституциядан үстөм турат. Ушул себептен улам, маалымат каражаттары көптөгөн мектептерде зомбулук окуялары болуп жатканын кабарлап, коомдук пикирге көбүртүп көрсөтүп жатканынан бир эле максат көздөлгөн, ал да болсо, ушул илдетти чечүү багыттарын издөө. Чечим болсо, алдын ала даярдалган т.а. Лансароте келишиминин алтынчы пунктунда көрсөтүлгөн нерселерди активдештирүү. Ушул таризде калкта мамлекетибиз проблемаларыбызды чечүүгө аракет кылып жатат деген түшүнүк пайда кылынат, калк да мектептердеги зомбулук жаңы пайда болду, мурун жок эле деп түшүнөт. Түпкүлүгүндө, ал мурдатан болгон, аткаминерлерди жазага тартпоо үчүн жашырылып келген. Келишимге кол коюлгандан кийин бул окуяларга башкача мамиле жасала баштады. Азыркы абалда да, мурунку абалда да бийлик бул проблеманы чечүүгө аракет кылбаган, тескерисинче, бирер тараптын кызыкчылыгын аткарып келген.

Ушул келишимге ылайык «адам соодасына каршы күрөшүү» деп аталган комитет түзүлүп, анын төрагасы судья Равза Абидий болду, биринчи 2018-жыл үчүн, кийин 2019-жыл үчүн отчёт чыгарды. Кийин ал «Адам соодасына каршы күрөшүү боюнча 2019-жылдагы эң жакшы отчёт» деп аталган сыйлык алды. Сыйлыкты АКШ мамлекеттик департаментинин Вашингтондогу кеңсесинен алды. Комитет ушул сыйлыкты Тунистин адам соодасы курмандары үчүн жасаган аракеттери, эл аралык уюмдар менен кызматташтыгы жана катышуучуларды даярдоодогу жеңиши деп баалады.

Комитет балдарга карата зомбулукту токтотуу стратегиясын иштеп чыкпады, аны жойгон да жок, бирок, сыйлык алды. Себеби, ал Батыш үчүн жол ачып берди. Эми Батыш мусулмандарга ушул проблемага каршы күрөшүү туурасында чараларды өткөрөт. Бул сыйлыктан комитет түпкүлүгүндө кандай вазыйпа менен алектениши, Батышка мүмкүнчүлүк эшиктерин ачып бериши ачыкталууда. Бул болсо, кадрларды даярдоо жана иш-чараларды өткөрүү аркылуу мусулмандардын мээсине Батыш пикирлерин жана сакафатын куюу мүмкүнчүлүгү болот.

Мындай сыйлыктарды алуу саястчылар үчүн ийгилик болуп эсептелет. Себеби, алар үчүн эң маанилүүсү Батыштын ыраазылыгына жетүү. Ошондуктан, алар ар кандай мыйзамды же келишимди кабыл кылууга, ар кандай жан берүүгө даяр экендиктерин, бул жолдо бир аз пикирлебестен, ал тургай, калкты массалык өлтүрүүгө да ыраазы болуп жатышанына күбө болуп жатабыз. Ушул жерде табигый орундуу суроо пайда болот: Тунистеги адам соодасы менен Батыш коомдорундагы ачуу чындыктын ортосунда эмне айырма бар, Тунисти бул сыяктуу келишимдерге кошулууга эмне үндөп жатат?! Себеби, биз акыбеттерге карабастан, жан берүү заманында жашап жатабыз, ошон үчүн!

 

Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here