Түркиянын Сомалидеги ролу кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?!
Түркиянын «Анадолу» маалымат агенттиги кабарлашынча, АКШда чыккан «Homeland Sekuriti Tobay» журналынын 2020-жылы 25-март күнкү санындагы макалада Түркиянын Сомалидеги ролу жөнүндө жазылган. АКШнын коопсуздук маселелерине багышталган бул журналда Түркиянын Сомалидеги экономикалык жана коопсуздук саясаттары жазылган. Түркия «терроризмге» каршы күрөштө «жумшак күч» колдонуп жатканы о.э. Түркия менен Сомали армиясын калк күчтүү колдоого алып жатканы жогору бааланды. Журналда Түркиянын 2011-жылдан бери Сомали экономикасына кошкон салымдары өзгөчө баса белгиленди. Сомалиден Африка Союзунун күчтөрү чыгып кетиши артынан бул өлкөнүн коопсуздугу Сомали армиясынын жоопкерчилигине өткөн бир убакта Түркия бул армиянын кубатын бекемдөө үчүн кеңири көлөмдүү аракеттерди жасап жатканына этибар каратылды. Журналда: «Сомали аскерий күчтөрү машыгуудан өтүшү жана согуштук даярдыгы бекемделиши Шабаб кыймылын өз стратегиясын өзгөртүүгө мажбур кылды», – деп айтылат. «Бул кыймылдын катардагы калкка каршы чабуулдарды күчөткөнү о.э. Сомалидеги түрк жумушчуларын бутага ала баштагана» баса белгиленди.
Бул нерселерден Түркиянын ролу Америка кызыкчылыгына багытталганы ачыкка чыгууда. Себеби, Америка Исламды колдонууга чакырып жаткан Шабаб кыймылына каршы күрөшөт.
Эске салсак, 1990-жылы Американын малайы Сиад Баррийге каршы ыңкылап жасалгандан кийин 1991-жылы Түркия ал жердеги элчилигин жапты. Сиад Баррий бийликке кайтууга урунду, бирок, 1991-жылы май айында жеңилип, Кенияга качууга мажбур болду. 1993-жылы августта Америка өзүнүн күчтөрү менен бирге, мусулман өлкөлөрүнүн калкын алдоого урунуп Түркия, Мисир, Пакистан, Малайзия сыяктуу мусулман өлкөлөрүнүн күчтөрүнөн куралган «Кайра ойгонгон үмүт» деген коалиция түздү. Ушинтип Америка стратегиялык жайгашуусу менен Африка тумшугунда маанилүү орунга ээ Сомалидеги таасирин бекемдөөгө аракет кылды.
Америка 1992-жылы августта ал жерде болуп жаткан согушта зыян көргөндөргө жардам берүү деген нерсени шылтоолоп Сомалиге аралашууну баштады. Кийин гуманитардык жардам көрсөткөн күчтөрдү коргоо үчүн аскерий күчтөрүн жиберди. Адатта, Американын мамлекеттерге аралашуусунун ыкмасы ушундай болот, гуманитардык жардамдар наамы астында башталат. Түпкүлүгүндө, бул мурун тыгуу үчүн биринчи кадам. Экинчи кадам – гуманитардык жардам көрсөткөн күчтөрдү коргоо жана жардамдарды таратуу үчүн аскерий күчтөрдү жиберүү. Кийин үчүнчү кадам т.а. түрдүү жалган ураандар аркылуу түздөн-түз аралашуу кадамы ташталат. АКШ президенти улуу Буш Сомалиге көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдарга жетекчилик кылуу шылтоосу менен кыска сапар уюштурганы белгилүү. Бирок, түпкүлүгүндө анын сапары аралашуу чечимин кабыл алуу үчүн өлкөнүн абалын үйрөнүү максатында уюштурулган! Себеби, гуманитардык жардамдарды көрсөтүү деген сөз колонизатор мамлекеттердин лексиконунда таасир орнотуу, өкүмдарлык кылып, байлыктарды ташып кетүүнү түшүндүрөт. Бирок, 1994-жылы март айында жергиликтүү калк тарабынан катуу каршылыкка туш келгендиктен Америка жана анын союздаштары Сомалиден чыгып кетүүгө мажбур болушту. АКШ отчётторуна ылайык, бул колонизатор мамлекет 18 америкалык аскердин өлүмү жана 70 аскердин жараат алышы менен чоң аскерий жоготууга туш болду, бул Вьетнам согушунан кийинки эң чоң жоготуу деп эсептелет.
Бирок, куралдуу топтордун жетекчилери ортосундагы күрөш токтогон жок жана Ислам Мекемеси Союзу 2006-жылы бийликке келди. Союзду катардагы адамдар, соодагерлер жана уруу жетекчилери колдоп-кубатташты. Алар Исламдын колдонулушун каалашкандыктан о.э. өлкөдө күрөшкөн колонизатор мамлекеттердин куралы болгон куралдуу топтордун жетекчилеринин бири-бирине каршы согушу акыбетинде жаралган туруксуздуктан кутулууну каалашкандыктан бул Союзду колдоп-кубатташты. Кээ бир исламий өкүмдөрдүн колдонулушу менен коопсуздук орношту о.э. колонизатор аралашуу үчүн шылтоо катары пайдаланган жакырчылык жана ачкачылык жоюлду.
Бирок, Америка унчукпай карап тура албайт. Себеби, бул нерсе анын колонизаторлугунан азат болууну түшүндүрөт. Ошондуктан, Америка «терроризмге» каршы күрөшүү чүмбөтү астында абадан, кургактыктан жана деңизден Сомалиге карай аракетке келди. Америка Африка күчтөрүн, өзгөчө, Эфиопия жана Уганда күчтөрүн аракеттендирди. Бул күчтөр Исламды колдонууга урунуп жаткан Ислам Мекемеси Союзуна каршы кургактыктан чабуул кылышты. Акыбетте, Америка өзүнүн малайлары жардамында Ислам Мекемеси Союзун бийликтен кулатууга жетишти. Бирок, Шабаб кыймылынын мужахид жаштары дагы эле жихад кылууну улантышууда. Америка да аларга абадан жана деңизден сокку берүүдө.
Бирок, Америка өз колониясын турукташтырып алууну каалайт. Ошондуктан, Америка Түркияны Сомалиде «жумшак күч» ролун аткарууга үндөдү. Түркия президенти Эрдаган 2011-жылы 19-августта Сомалиге сапар кылып, ал жердеги элчиликти кайрадан ачты. Ушул сапардан кийин Түркия Кызматташтык жана Координация агенттиги, Түркия Кызыл жарым ай коому жана бейөкмөт уюмдары жардам көрсөтүүгө үлкөн салым кошушту, 2011-жылдан тартып ушул күнгө чейин бул жардамдардын көлөмү бир миллиард долларга жетти. Сомалидеги мусулман боордошторго жардам көрсөтүү деген негизде түрк мусулмандарынын туйгуларынан пайдаланылды. Натыйжада мусулмандардан зекет, садака жана курмандык сыяктуу ири өлчөмдө жардамдар чогултулуп жөнөтүлдү. Исламий туйгусу күчтүү болгон түрк мусулмандары бул жардамдар Американын таасирин бекемдөөгө жана Исламдын башкарууга келишине тоскоолдук кылууга кызмат кылышын билишпеди. Америка жана Африка мамлекеттери Сомалиде исламий жамааттарга каршы күрөшүү үчүн куралдуу күчтөрдү ишке салып жатышкан болсо, Түркия «жумшак күчтү» ишке салып, ал жердеги күчтөрдү аскерий машыгуудан өткөрүүнү улантууда. Түркиядагы илманий режим Сомали калкынын исламий туйгусунан пайдаланып жатат, ал тургай, Түркия тышкы иштер министрлиги өз сайтында «Түркия менен Сомалинин мамилеси мурунтадан болгон, ал Усманий мамлекеттин заманына барып такалат» деди! Жок, андай эмес, бул эки абал ортосунда чоң айырма бар. Усманий мамлекет Сомалиде Исламды колдонгон жана бул өлкөнү португалиялык колонизаторлордон коргоп, 1497-жылы Сомалиге бастырып кирген португалдарды 1517-жылы кууп чыгарган. Ал эми, азыркы Түркия ал жерде Исламдын колдонулушуна каршы күрөшүп жатат жана аскерий жактан ийгиликке жетишпеген Американын колонизаторлугун бекемдөөгө жардам берүүдө.
Түркия чет элдеги эң чоң базаны Сомалиде курдум деп мактанды. Бул база Америкага көз каранды Сомалидеги илманий режим үчүн «терроризмге» каршы күрөшүү жана тынчтыкты сактоо сыяктуу шылтоолор астында исламий кыймылдарга каршы согушууга кудуреттүү аскерий күч жаратууга кызмат кылууда. Түркия ал жерде полицияны, армияны жана разведка кызматкерлерин машыгуудан өткөрүүдө.
Сомали тышкы иштер министри Ахмад Иса Иваз 2019-жылы 27-ноябрда Анкарага сапар кылды, сапар учурунда: «Мамлекеттердин, негизинен, Түркиянын колдоосу менен Сомалидеги террористтик Шабаб кыймылы маселесин чечүүгө жетиштик», – деди.
Түркия кайда барбасын, ал жерде жалган айтылат, мусулмандарга сокку берилет. Түрк режими өзүнүн түпкү илманий жүзүн жашыруу жана Америкага жан тартуусун адамдарга көрсөтпөө үчүн Усманий тарыхтан жана исламий туйгулардан пайдаланууда. Мисалы, Түркия режими Сирияда канкор режимди кулатуу үчүн күрөшүп жаткан куралдуу топтордун көпчүлүгүн алдады. Катар менен биргеликте 2006-жылы Хамасты алдап, шайлоолорго алып кирди жана мурунку президенти Абдуллах Гул муну менен сыймыктанган. Фалестин жана Газа калкын силерге жардам беребиз деп алдап келет. Негизи, президент Эрдаган: «Түркия-«Израиль» мамилелери абдан маанилүү», – деп келет. 2011-жылы Исламды колдонбошу үчүн Ихванул Муслимин жамаатын алдады. Эрдаган бул жамааттын башкы катчысы Мухаммад Акифти илманийликке ишендиргендиги менен мактанды. Эрдаган Америка малайы Хафтарга каршы согушуп жаткан куралдуу топторду алдоо үчүн Ливияга да кирди. Түркия Азербайжан калкын да алдаган. Түркия 2009-жылы Армения менен келишимге кол койду, Армения Азербайжан жеринин 20 пайызын басып алганын жана ал жерден бир миллион азербайжанды кууп чыгарганын тымызын моюнга алып, ыраазы болду. Крымды болсо, жардамсыз калтырды. Т.а. Түркия режими 2014-жылы Россия Крымды басып алганын каралады, бирок, ушул каралоону заматта унуткандай, Россиянын досуна айланды. Түрк режими Түркияга баш калкалоо үчүн барган чечен жетекчилерин Россиянын колуна тапшырды. О.э. уйгур мусулмандарын жардамсыз калтырып, Кытай аларды репрессия кылып жаткан жок, террористтерге каршы күрөшүшүүдө деп, Кытайды коргоду!
Ошентип, Исламды колдонбогон же илманийликке бекем баш ийип жаткан, мусулмандардын исламий туйгуларынан пайдаланып, АКШ жана Европа менен мамиле кылып жаткан ар кандай мамлекетке, Түркия болобу, башкасы болобу, ишенбөө керек жана алардан этият болуу зарыл. Бул саясий түшүнүктүн негизги чекити.
Роя гезити, №290, 2020-жыл, 1-апрел.