Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрликтери коронавирус жуктуруп алгандардын ар бирине чоң өлчөмдөгү каражат жумшалып жатканын билдиришти

203
0

Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрликтери коронавирус жуктуруп алгандардын ар бирине чоң өлчөмдөгү каражат жумшалып жатканын билдиришти

Өзбекстанда коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан абалы орточо ар бир оорулуу үчүн мамлекет 32 миллион сом (өзбек сому) каражат жумшап жатат. Оор абалдагы, жандандыруу бөлүмүндө жаткан ар бир оорулууга орточо эсеп менен 64 миллион сом жумшалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алишер Шодмонов 23-апрелде билдирди.

Кыргызстанда да, коронавирус жуктуруп алган ар бир адамга болжол менен 3000 доллардай каражат жумшалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-апрелдеги брифингде билдирди.

Комментарий:  Кантип эле, биздин мамлекеттерде бир оорулууга он күндөй убакытта ушунча каражат жумшалсын?

Социалдык тармактарда коронавирус жуктуруп алып ооруканада жатат делген бир топ жарандар видео кайрылуу менен чыгышты. Алардын айтышынча, ооруканалардагы шарттар аябай начар. Аларга дары-дармек берилген эмес. Болгону карантинде, изоляция абалында гана кармалып турушкан.

Кээ бирөөлөр, “бул өкмөттөр дүйнөлүк уюмдардан акча алуу максатында чыгымдарды көбөйтүп көрсөтүп жатат” деп айтышы мүмкүн. Бирок, бул көбүрүтүп көрсөтүүнүн артынан эл аралык уюмдар сүткордук жолу менен берип жаткан тышкы карыздар кайда кетти? Алар эмнеге жумшалып жатат? Ал карыздар “калкка жумшалып жатат же эми жумшалат” деген дабаа менен алынып жатат го. Убагы келгенде карызды да калк төлөйт го!

Дүйнө жүзүн алдамакчы болуп жаткан бул фасык өкмөттөр бизди алдабайбы? Бир сом жумшаган болсо отчётко он сом деп жазышат. Эл аралык уюмдар да бул коррупцияга баткан түзүмдөн кабарсыз эмес. Алар үчүнчү дүйнө мамлекеттериндеги калктын өнүгүп кетишине кызыкдар эмес. Ошондуктан, аларга кулак салган бийликтерден акчаны кайда жумшаганы боюнча отчёт талап кылышпайт!

Бул ынсапсыздар миллиондогон жетимдердин акчасын кымырып алып, кызматтан түшкөн соң чет өлкөлөргө качып кетишет. Эл болсо улам өсүп бара жаткан карыздарды эсептеп, башы айланып дагы башка жемкорду шайлоо менен алданып жүрө берет! Себеби, проблема жетекчи адамда эмес, тескерисинче, дүйнөлүк башкаруу системасында, пикирий жетекчилик жана жетекчилердин шахсиятында!

Абдураззак Муъмин.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here