Силерди бул дүйнө кырсыктарынан жана Акырет азаптарынан куткаруучу роббаний түзүмдү колдонуунун убагы келбедиби?!

477
0

Силерди бул дүйнө кырсыктарынан жана Акырет азаптарынан куткаруучу роббаний түзүмдү колдонуунун убагы келбедиби?!

Би-Би-Си сайты хижрий 1441-жылы 25-ражаб, миладий 2020-жылы 20-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Идрий Лагрини Амирликте чыккан «Халиж» гезитине: «Чамасы, корона апааты артынан дүйнөдө чоң-чоң өзгөрүүлөр боло тургандай көрүнөт, ал азыркы эл аралык системанын негиздерин силкинтип, жаңы глобалдуу системага чөйрө жаратып жаткандай», – деп билдирүү берди. Өз кезегинде, Мухаммадакиф Жамал айтат: «Идеологиялык, экономикалык, саясий жана административдик чөйрөнү камтыган дүйнөлүк система – маал-маалы менен аны силкинтип келген – олуттуу сыноолорго учурады. Бул силкинүү мамлекеттердин экономикасына зыян жеткирип жаткан финансылык кризистер… кооп-коркунучу жергиликтүү жана регионалдык масштабдан өткөн айлана-чөйрөнүн булганышы… жергиликтүү чыр-чатактар регионалдык жана эл аралык жаңжалга айланып кетишине алып бара турган саясий кескиндиктер…  көптөгөн мамлекеттер күрөшө албай жаткан эпидемиялар катары көрүнүүдө»».

Роя гезити:

Дүйнөлүк система жердеги эң майда нерсеге да каршы күрөшө албастыгын моюнга алды жана адашууну улантып, адамзатты өлүмгө таштап койду. Негизи, бул дарттын дабаасы бар экендиги илимий, медициналык жана шаръий жактан далилденген. Бүткүл дүйнөгө рахмат болуп келген Мухаммад Мустафа ﷺ айтат:

«لِكُلِّ دَاءٍ دَوَاءٌ فَإِذَا أُصِيبَ دَوَاءُ الدَّاءِ بَرَأَ بِإِذْنِ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ»

«Ар бир дарттын дабаасы бар. Эгер дарттын дабаасы табылса Аллах Азза ва Жалланын уруксаты менен албетте айыгат». (Имам Муслим риваяты).

Бирок, бүгүн саламаттыкты сактоо мекемелери туура эмес илимий жана медициналык ыкманы колдонуп, материалдык пайданы үстөм коюп жатышкандыктан эпидемия ушунчалык оорлошуп кетти, натыйжада адамдарды айыктыра турган дарыны таба албай жатышат, таба алышпайт да. Анткени, бул мекемелердин кант оорусу жана кан басымы сыяктуу ооруларды дарылоо үчүн иштеп чыккан дарылары зыяндуу, кээде бул дарылардын зыяны оорунун өзүнөн да кооптуу… Көп учурда оорулуулар дарылануу үчүн бардык мүлкүн сарптоого туура келип жатат. Түпкүлүгүндө, бул мекемелер туруктуу кардар бар болуп турушун көздөшөт, оорулууларга инсаний мамиле эмес, тескерисинче «кыйноого салган шайтандар» сыяктуу мамиле жасашат.

Чоң же кичине болушуна карабастан, пандемиянын ар кандай түрү оор, кудум тоо-таштар жана бак-дарактар да тилге кирип, бүткүл адамзатка, өзгөчө, алардын эң жакшысы Ислам Умматына мындай деп жаткандай: Бул эл аралык системанын астында миңдеген жолу азап тартканыңар аздык кылабы?! Силерди бул дүйнө кырсыктарынан жана Акырет азаптарынан куткаруучу роббаний түзүмдү колдонушуңардын убагы келбедиби?!

 Роя гезити, №280, 2020-жыл, 1-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here