Капиталисттик хазараттын мөмөлөрүнөн: Корона илдети үч миллиард адамды суу жана самынга муктаж кылышы мүмкүн

265
0

Капиталисттик хазараттын мөмөлөрүнөн:

Корона илдети үч миллиард адамды суу жана самынга муктаж кылышы мүмкүн

«Ал-Жазира нет» сайты хижрий 1441-жылы 25-ражаб, миладий 2020-жылы 20-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Бүткүл дүйнө бойлоп коронавирустун жайылышына каршы катуу чаралар көрүлүп жатканда, БУУ эксперттери айтышынча, үч миллиард адам ушул илдеттен коргонуу каражаты болгон суу жана самынга муктаж болууда.

ЮНИСЕФтин Түштүк-Чыгыш Африкадагы суу ресурстары боюнча адиси Сэм Годфринин айтымында, кээ бир адамдар суу менен камсыздалбаган, самын сатып алууга акчалары жок, алар илдеттен коргонуу үчүн жөнөкөй нерселерден пайдалануу маанилүү экенин түшүнүшпөйт.

Эң көп кооптондуруп жаткан адамдар – тыгыз жашаган үйлөрдөгү же качкындар лагерлеринде жашаган адамдар. Себеби, аларда начар тамактануу жана санитариясы жок абалдар көп учурайт о.э. канализация системалары жок.

ЮНИСЕФ баса белгиленишинче, Африка чөлүндөгү шаар жана айылдар калкынын 63 пайызы (258 миллион адам) колдорун жууй албайт, бул көрсөткүч Борбордук жана Түштүк Азияда 22 пайызды (153 миллион) түзөт».

Роя гезити:

Адамзатка ири мамлекеттер о.э. алардын жырткыч капиталисттик түзүмдөрү алып келген нерсе – мына ушул. Алар алтын, нефть, диоксид кремний, темир, кобальт жана уран сыяктуу ресурстарды ташып кетүү максатында ондогон жылдар согуштарды алып барышты. Натыйжада, бул региондордун калкын азык-түлүксүз, суу жана самынсыз калтырышты, аларды ачкачылыктын, оорунун, эпидемиянын жана качкындыктын курманына айлантышты.

Учурда ач көз капитализмдин чыныгы жүзү адамзатка ачык-айкын көрүнүп калды. Коронавирус келип, бул жырткыч түзүмдүн соңку айыбын да ачыкка чыгарды. Айрым мамлекеттер саясий жана экономикалык кызыкчылыктары үчүн бул чындыктарды жашырышты, акыбетте бул вирус пайда болуп, кеңири жайылды. Кээ бир мамлекеттер экономикалык жана финансылык зыяндан кооптонуп, бул илдетке каршы чараларды көрүүгө о.э. эксперттердин эскертүүсүнө маани беришпеди. Кээ бир мамлекеттер «жамааттык иммунитет» теориясы сыяктуу болбогур далилдер-шылтоолорду айтып, бул илдет жашы улуулардан жана өнөкөт оорулуулардан кутулуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк деп билишти. Кээ бир мамлекеттер жүз миллиарддаган, ал тургай, триллион доллардан ашкан каражаттарды ушул ооруга каршы күрөшүп, жайылышын алдын алууга эмес, экономиканы, компанияларды жана биржаларды колдоп-кубаттоого, алардын зыянын компенсациялоого сапырышты… капитал базарына этибар берип, катардагы адамдардын саламаттыгына көз жумушту.

Аларга карама-каршы түрдө, Ислам адамдарга камкордук жана этибар менен карайт, алардан пайдаланууну жана аларды кул кылууну максат кылбайт. Ислам түзүмүнүн өлкөлөрдү фатх кылуудан көздөгөн максаты – алардын калкын адилеттик жана акыйкат менен башкаруу, Аллах аларга тартуу кылган байлыктардан туура пайдалануу жолдорун үйрөтүү. Алардын байлыктарын талап-тоноп максат эмес.

 Роя гезити, №280, 2020-жыл, 1-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here