Кытайдын кытмыр саясаты уланууда

363
0

Кытайдын кытмыр саясаты уланууда

Коронавирус Кыргызстан бийлигин көптөгөн тараптардан “кайыр” суроого мажбур кылды. Дүйнөдө империализмди бекемдеген эл аралык уюмдар мурункусундай эле колонизаторлук көз караштарынан келип чыгып “жардам колдорун созушмакчы” болушууда. Ошондой эле, колонизатор мамлекеттер да колониалдык саясаттары негизинде “жардамдарын” берип жатышат. Алардын катарында Кытайдан да каражаттар келип, алар тууралуу Кыргызстан бийлиги саймедиреп, Кытайды жөн эле “камкор атадай” кылып көрсөтүүдө.

Негизи, ал жардамдар өзү эмнелерден турат? Алгач Кытай өкмөтү тарабынан 21 000 даана экспресс-тест берилди. Андан кийин, ушундай реагенттер жана жеке коргоочу каражаттар келди. Алар менен катар “Алибаба” жана “Жэк Ма” фонддорунан ушундай эле каражаттар тапшырылды. Дегинкиси, эгер Кытайдан бул ооруу таркабаганда, биз мындай жардамдарга мухтаж болмок эмеспиз. Ошондуктан, Кытай бул оорууга кайдыгер карагандыгы жана дүйнөгө жайылып кетишине жол бергендиги себептүү, ал эл аралык саясатта обочолонтуп ташталышы керек болчу. Анын алкагында, Кыргызстан да Кытайдын экономикалык экспансиясына каршы чыгып, андан кол үзүүгө багыттанышы керек эле. Бирок, бардык иштер мунун тескерисинче кетти. Учурдагы эл аралык саясатта – Кытай БУУ аркылуу дүйнөгө жетекчилик кылып жаткан державалардын бири болгондуктан – ал обочолонтуп ташталбады. Ал эми Кыргызстан болсо, бул дүйнөлүк системада колу-бутунан байланган “кул” болгондуктан, Кытайдан кол үзүү тууралуу пикир жүргүзмөк турсун, андан кантип ажырабаштын аргасын издөөдө. Учурдан пайдалануу менен Кытай товарларына көз каранды болбоо жолунда өз өндүрүшүн жолго коюунун ордуна, Кытай менен мурунку абалды калыбына келтирүүгө жан үрөөдө.

Мына эми болсо, Кытай товарларына карата Эркечтам посту ачылды (Кытайда эпидемия күчөп турганда да чегаралардын кеч жабылышы жана Кытайда ооруу толугу менен жок боло электе эле чегаралардын шашылыш түрдө ачылышы, өз кезегинде, Кыргызстанга ооруунун келиши жаатында да шектүү күмөн жаратат. Балким, бул ооруу Кытайдан бизге алда качан эле келгендир). Жана дагы Кыргызстан президенти Кытай жетекчисинен карыздарды жеңилдетүү жана мөөнөттөрдүү узартуу тууралуу суранууда. Эгерде эле бул суранычтар канааттандырылса, албетте, алар кандайдыр бир шарттарсыз болбойт. Болгону, ал шарттар “мамлекеттик сыр” болуп калат.

Буга чейин, социалдык тармактарда жеке адамдардын арам жол менен табылган акчаларын жардам катары албоо жаатында исламий туйгулар алоолонгон эле. Мына ушул сыяктуу эле, Кыргызстан мусулмандарында Кытайдын колонизаторлук “жардамдарына” каршылык болушу керек. Жана мусулмандар бул жаатта сергектигин жоготпошу зарыл. Анткени, бул колонизаторлуктун эки дүйнөбүз үчүн зыяны үлкөн. Ошондуктан да, бул жаатта мамлекет мухасаба кылынышы керек. Тилекке каршы, мындай мухасаба кылган жигиттерибизди мамлекет – Кытайдын буйруктарына моюн сунуу менен – камактарга алып жатат. Ал тургай, ушул карантин абалында да, колонизаторлуктун бетин ачкан бир нече даъватчы жигиттерибиз залимдердин камактарында олтурушат. Жана алар токко урдуруу сыяктуу кыйноолорго алынышууда. Мунун каршысында, интернет айдыңында колонизаторлор саясатына кызмат кылган айрым жарандар ачыктан-ачык улуттар аралык жана диндер аралык чыр-чатак козгоочу кеп-сөздөр менен чыгып жатышат. Аларды укук коргоочу уюмдар актап-жактап чыгышууда. Ал эми, даъватчыларга болуп жаткан зулумдар жаатында болсо, алардын көздөрү сокур жана кулактары дүлөй болуп калат. Мамлекет болсо тигил чыныгы экстремисттерди кечирим суратымыш болуп, кайра тайраңдатып коё берип жатат.

Эмнеси болгондо да, бул вирус пандемиясы дүйнөдө өкүм сүрүп жаткан демократиялык идеологиянын бузуктугун, дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан империалисттик-капиталисттик системанын залимдигин ачып таштады. Муну акыл-сезими сокур адамдар гана көрө алышпайт. Ошондуктан, Кыргызстан мусулмандары кафирлердин демократиялык бузук идеологиясынын ордуна өз Исламын үйрөнүшсүн, империалисттик системаны омкоруп таштай турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышсын. Кытай сыяктуу империалисттердин өлкөлөрүбүзгө ач көздүк менен сук артууларына да Халифалык менен чек коюлат.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here