Дүйнөлүк экономика 3 пайызга төмөндөйт

306
0

Дүйнөлүк экономика 3 пайызга төмөндөйт

2020-жыл глобалдык экономика үчүн дээрлик 90 жыл мурдагы Улуу депрессиядан берки эң оор жыл болуп, дүйнөлүк экономика 3 пайызга төмөндөшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү Эл аралык Валюта Фонду 14-апрелде жарыялады.

Глобалдык экономикадагы мындай төмөндүк эгер коронавирус пандемиясы 2020-жылдын экинчи жарымында ооздукталса гана сакталат. Эгер пандемия ооздукталбаса, капиталисттик дүйнө экономикасын мындан да кооптуу жагдай күтүп турат. Башкача айтканда 2021-жылга чейин улана турган болсо, дүйнө өлкөлөрүнүн жалпы экономикалык көрсөткүчү дагы 8 пайызга төмөндөшү ыктымал. Уюмдун эсеби боюнча, 2020-2021-жылдары коронавирустан улам дүйнө 9 триллион доллардай кирешеден айрылат.

Ал эми Борбор Азия аймагында эң чоң төмөндөө Кыргызстанда катталганы турат. Маселен, быйыл Казакстандын ички дүң жыйымы 2,5 пайызга азайса, Кыргызстандыкы 4 пайызга азаяры күтүлүүдө. Мындан улам, Эл аралык Валюта Фонду жакыр өлкөлөрдү өзүнүн таасиринде кармап туруу үчүн 1 триллион доллардык карыз берүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп жатат. Анын 120,9 млн доллары Кыргызстанга берилмекчи. Муну менен өлкөнүн ЭВФга карызы 280 млн доллардан ашты. Мындай карыз берүүнүн аркасында сөзсүз өлкөдө “реформаларды” кылуу талабы турат.  Акыбетте инвесторлордун кирүүсүнө шарт түзгөн мыйзамдар кабыл алынып, салыктарды, электр энергиясына карата тарифти көтөрүү талаптары да коюлат. Бул өз кезегинде инвестор беткабын кийген капиталисттердин өлкө ресурстарын талап кетишине жол ачат. Андан тышкары, ЭВФ бийлик күрсүсүндө отургандар кредиттердин бир бөлүгүн өз чөнтөгүнө салып аларын билип турса да кредит берет. Себеби, ЭВФ үчүн кредит пайызы менен кайтышынан да өлкө карызды төлөй албай, кайра-кайра кредит алып биротоло кишенделип калышы маанилүү. Мына ушундайча, мамлекет карыздардын үстөк пайызын берүү менен бирге алардын талаптарын да аткарууга мажбур болот.

Ал эми капиталисттик экономиканын төмөндөө, а түгүл уроо алдына кептелишине токтолсок, коронавирус капиталисттик экономикалык түзүмдүн чабалдыгын дагы бир ирет дүйнөгө көрсөттү. Буга капитализмдин чексиз каалоо – чектүү ресурс теориясына негизделген дүйнө байлыгын бөлүштүрүүдөгү каталыгы себеп болуп жатат. Мунун үстүнө пайдага негизделген компаниялардын медициналык мекемелердин иши бул абалды мындан да курчутууда. Натыйжада ири компаниялар да банкроттукка учурап, массалык жумушсуздук коркунучу пайда болду. Ошентип, эпидемия аягы көрүнбөгөн эл аралык экономикалык кризиске айланды. Албетте, пайдага негизделген капиталисттик түзүм мындай кризистик абалда эле эмес, жай турмушта да адамзат проблемасына туура чечим бере албашы анык. Мунун каршысында Ислам мабдасы гана адамзатты бактылуу-бакубат жашоого жеткире алат!

Мумтаз Маверанахрий

⠀ ⠀ ⠀

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here