Эл аралык каржылык уюмдардан карыздар кандай шартта алынып жатканы айтылды

277
0

Эл аралык каржылык уюмдардан карыздар кандай шартта алынып жатканы айтылды

 Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева эл аралык финансы уюмдарынан каражат кандай шартта, кайсы тармактарга алынып жатканы тууралуу маалымат берди.

Кабарда келишинче, Эл аралык Валюта Фондунун карызы 10 жылга, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы 38 жылга берилүүдө. Алардын пайыздык чендери да төмөн. Эл аралык Валюта Фонду 0,7%, Дүйнөлүк банк 0,75%, Азия өнүктүрүү банкы 1% менен берип жатат.


Комментарий: Бийликтин бул чарасыздыгы себептү карапайым калктын мойнуна дагы 40 жылдык карыз илинүүдө. Себеби, жогорудагы банктар  узак мөөнөткө карыз берип жаткандай болуп көрүнгөнү менен ушунча жылдык мөөнөттө ал карыздын үстөк пайызын гана алышат. Эгерде карыз алуучу мамлекет карызды төлөөгө кудуреттүү болуп калып, карызын мөөнөтүнөн мурда төлөп коймокчу болсо да пайыздар эсебинен мамлекеттерди карызга батыруучу мындай эл аралык каржылык уюмдар буга ыраазы болушпайт. Качан мөөнөтү келмейинче үстөк пайызын ала беришет. Мисалы, Эл аралык валюта фонду 10 жыл мурда берген 0,7%дык карыз үчүн карапайым калк төлөп жаткан салыктардан жыл сайын 1 миллион доллардан ашык төлөп отуруп, 10 жылда 10 миллион доллардан ашык каражат төлөшүбүз керек болот. Башка карыздар да ушундай көрүнүштө көптөгөн жылдар бою үстөгү төлөнгөндөн кийин, акырында алынган карыздын өзү төлөнөт.. Мына ошентип алынган карыздын баш-аягы үзүлбөй, ушул көрүнүш улана берет…

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here