Капитализм түзүмү капиталисттердин мүлкүнө таянат

266
0

Капитализм түзүмү капиталисттердин мүлкүнө таянат

Ишкерлерди колдоо үчүн 14 млрд сом табылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн брифинг учурунда айтты. Анын маалыматына караганда, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн биринчи болуп жабыр тарткан жана көп чыгымга учураган бизнестин түрлөрү анализденип жатат.

Расмий маалымат боюнча, коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы ушул тапка чейин 5 миллиард сом зыян тартты. Анын ичинен салыктардан 1,5 миллиард сом, бажы төлөмдөрүнөн 3,8 миллиард сом түшпөй калды.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык финансы институттарынан келген карыздардын көлөмү болжолдуу түрдө 450 миллион АКШ долларын түзөөрүн, бул каражат бюджетти жана бизнести колдоого багытталарын айткан. Финансы министрлигинин алдын ала божомолу боюнча быйыл бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд сомго чейин толбой калышы мүмкүн.

Белгилүү болгондой капиталисттик түзүм пайдага негизделип, анын кыймыл-аракети капиталисттердин мүлкүнө таянат. Мындан улам, коронавируска каршы күрөштө бардык дүйнө мамлекеттери триллиондогон каражаттарын ишкер чөйрөнү колдоого жумшап жатат. Анткени, бул ишкерлерсиз ансыз да жар жакасына келип калган капиталисттик мабданын өмүрү түгөнүү коркунучу бар. Ушул көз караштан келип чыгып, кыргыз өкмөтү да эл аралык финансы институттарынан алган карыздарды ишкерлердин чыгымына иштетери маалым болуп калды. Ал эми карызды үстөк пайызы менен кошуп төлөө жалпы калктын желкесине жүктөлүп калмакчы.

Мындай абал АКШ баштаган бардык капиталисттик өлкөлөрдө күзөтүлүп жатат. Бул өлкөлөр бөлгөн каражаттар жакыр катмарга эмес, тескерисинче, бай катмарга багытталып, алардын байлыгын сактап калуу максат кылынууда.

Мунун каршысында Ислам динибиз экономикалык мындай көйгөйдү эң көркөм көрүнүштө чечип берген. Мындай абалда, ар кайсы тармактарды байлардын монополия кылып алуусуна жол бербестен, балким, жарандардын негизги керектөөлөрүн кандыруучу товарларды мамлекет өзү өндүрүүнү жолго коюшу керек болот. Ал тургай, эгер зарылдык туулуп калса,  аларды бекер тарката турган болушу керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here