Жыйырма миллион ямандык ачкалыктан азап тартып жатканда БУУнун Ямандагы өкүлдүгүнүн кызматкерлери жыргап жашашууда

276
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Жыйырма миллион ямандык ачкалыктан азап тартып жатканда БУУнун Ямандагы өкүлдүгүнүн кызматкерлери жыргап жашашууда

«Ахбарул Явм» сайты хижрий 1441-жылы, 16-ражаб, миладий 2020-жылы, 11-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«БУУнун Ямандагы атайын өкүлү Мартин Гриффитстин өкүлдүгү менен БУУнун Хадида шаарындагы өкүлдүгүнүн бюджети жөнүндө маалыматтардан жана расмий билдирүүлөрдөн айкын болушунча, бул эки өкүлдүктүн кызматкерлерине өтө чоң көлөмдө каражат бөлүнөт. Негизи, БУУ отчётуна ылайык, учурда өлкөдө жыйырма миллион ямандык ачкалыктан азап тартышууда.

«БУУнун Ямандагы атайын өкүлү Мартин Гриффитстин өкүлдүгүнө 2019-жылга карата 17 миллион доллар бөлүнгөн, ал эми, бул жылы 18 миллионго бөлүнүшү күтүлүүдө», – дейт «Тынчтык жолу» уюмунун төрагасы Раша Жархум.

«Анита Аугспургдун согушка каршы козголоңчу аялдар» сыйлыгынын ээси Раша айым айтышынча, БУУ өкүлдүк үчүн Хадидадагы кемени айына 810.000 долларга ижарага алган. Ушул кемени ижарага алууну 2020-жылдын март айынан токтотуп, ордуна Хадида шаарындагы хансарайларды ижарага алуу боюнча сунуштар айтылган».

Роя гезити:

Мына силерге колонизатор БУУ. Бул уюм Яман калкынын каны менен соодалашууда. Ага караштуу башка көп уюмдар да бар, алардын бары Яман калкына жардам катары ушактарды жана бир тиштем менен жок боло турган пайдасы жок азык-түлүктөрдү беришет. Өкүнүчтүүсү, айрым ямандыктар дагы эле БУУдан жакшылык күтүшүүдө же Яманды кризисти куткарат деп ойлошууда. Негизи, бул уюм ушул кризис аркылуу беш жылдан бери азыктанып келүүдө.

Демек, Яман калкы БУУнун түпкү максаттарын түшүнүп жетиши керек о.э. чет мамлекеттердин таасирин бекемдеген мекемелерди, уюмдарды жана малайларды өлкөдөн кууп чыгарышы зарыл. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелешмейинче эч качан жарык күндөргө жетпестигин аңдап түшүнүшү керек. Халифалык мамлекети аларга Аллахтын шариятын колдонуп, кан төгүүнү токтотот, мүлктөрүн жана байлыктарын коргоп, душмандардын зулумунан жана айла-амалынан коргойт.

 

Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here