Капиталисттик хазараттын мөмөлөрүнөн: ири мамлекеттер өз экономикаларын өнүктүрүү үчүн адамдардын азап-кыйынчылыктарынан пайдалануу

374
0

Капиталисттик хазараттын мөмөлөрүнөн: ири мамлекеттер өз экономикаларын өнүктүрүү үчүн адамдардын азап-кыйынчылыктарынан пайдалануу

Кытай тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы коронавирусту Уханга америкалык аскерлер киргизген болушу мүмкүн деп АКШны айыптады, өз кезегинде, АКШ муну четке какты. Ошондой болсо да, эки мамлекет пандемиядан жана адамдардын азап-кыйынчылыктарынан өз экономикасын жакшыртуу үчүн пайдаланууга аракет кылып жатышат. Мисалы, Кытай өкмөтү өз жеринде жайгашкан көптөгөн чет элдик компанияларды эркин соодага коюп, технологиялык компаниялардын акцияларын өтө арзан баада сатып алды. Трамп болсо, үлкөн көлөмдөгү Саудия нефтисин өтө арзан баада сатып алууга, ушул аркылуу АКШнын стратегиялык запастарын толтурууга буйрук берди. Себеби, нефтинин бир баррель баасы 25 долларга төмөндөп кетти. О.э. Трамп Евросоюз мамлекеттерине АКШга сапар кылууга тыюу салуу менен катуу сокку берди. Бул жагдай Европа мамлекеттеринин финансылык базарлары үлкөн зыян көрүшүнө алып келди, анын зыяны 33%га жетти. Кызыгы, Трамп жаңы гана Союздан чыккан Британияны – анда да вирус тараганына карабастан – бул тыюуга кошподу!

Хизб-ут-Тахрир–Фалестин маалымат бөлүмү бул жөнүндө билдирүү жарыялап, ушуларды баян кылды:

«Коронавирусту өнүктүрүп биологиялык курал катары пайдаланган Америка болушу да, Кытай болушу да мүмкүн, же бул вирус адамзаттын бузгунчу мүнөзү себептүү келип чыккан болушу да мүмкүн. Бирок, кандай болушуна карабастан, Батыш дүйнө тагдырына макиавелличе назарда карап жаткандыгынын кунун бүткүл дүйнө, алардын катарында, Батыш калктары да төлөп жатат. Дүйнөгө экономикалык өкүмдарлык кылуу үстүндө Кытай менен Америка ортосунда болуп жаткан технологиялык жана соода-сатык согуш адамзаттын азап-кыйынчылыгын күчөткөндөн күчөттү. Негизи, ансыз да адамзат 2008-жылдагы финансылык кризистин кыйынчылыгынан дагы эле кутулган жок».

Билдирүүдө дагы мындай делет:

«Бүгүнкү күндө бул ач көз капиталисттик мамлекеттер өздөрүнүн колонизаторлук пландарын ишке ашыруу үчүн адамдардын азап-кыйынчылыктарынан пайдаланып, алардын азап-кыйынчылыктарына «инвестиция жаткырып жатышканы» таң калычтуу эмес. Алар дүйнөлүк согуштарда миллиондогон адамдарды курман кылуу менен дүйнөгө мусибаттарды алып келишти, алар адамдарга ядердик жана башка бомбаларды жаадырышты, бактериологиялык куралдар менен кыргын кылышты. Себеби, бул мамлекеттер адам өмүрүн сокур тыйынга да теңешпейт. Тескерисинче, алар өз пайдаларын жана кожоюндарынын кызыкчылыгын коргошот».

Билдирүү минтип аяктаган:

«Андыктан, бүгүн мусулмандар өз мойнунда кандай гана үлкөн жоопкерчилик жана кандай гана маанилүү вазыйпа турганын түшүнбөй жатышабы?! Шек-күмөнсүз, бул – бүткүл адамзатты кылмышкер капиталисттик түзүмдүн бактысыздыгынан куткаруу жоопкерчилиги жана вазыйпасы. Бейпил туруктуу коомду түзүүгө Ислам гана кудуреттүү».

 

Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here