Кулоо алдында турган капиталисттик куфр түзүмү – коронавирустан өткөн кырсык

295
0

Басма сөз баянаты

Кулоо алдында турган капиталисттик куфр түзүмү коронавирустан өткөн кырсык

Коронавирус бүткүл дүйнөнүнө каптады жана ал Түркияга чейин жетип келди. Биз оболу Аллахтан мусулмандарды ушул эпидемиядан сакташын жана оорулууларга шыпаа беришин сурайбыз.

Ушул эпидемия жана ал себептүү коомдо жаралган психологиялык дүрбөлөң артынан өлкө президенти Эрдаган телевидение аркылуу сүйлөп, түрдүү иш-чараларды жарыялады. Бирок, өкүнүчтүүсү, бул иш-чаралардын көпчүлүгү экономикалык тарапка каратылды. Ушул чараларга дыкат көз салган адам ушуларга күбө болот: экономикалык кризис адамдардын желкесинен түшкөн жок, тескерисинче, эпидемия учурунда дагы да күчөдү… Бүгүн өндүрүш жана экспорт чектелген, туризм шал абалда калган жана жумушсуздар саны көбөйүп жаткан учурда ушундай иш-чаралар жарыя кылынууда. Демек, бул ушуну көрсөтүүдө, мамлекет негизги этибарды адамдардын ден соолугуна жана кирешеси чектелген адамдардын желкесиндеги экономикалык жүктөргө эмес, ири компанияларды коргоого каратууда. Бул иш-чаралар үчүн 100 миллиард түрк лирасы бөлүнгөндүгү түрк экономикасы күчтүү делген билдирүүлөргө тескери келүүдө. Мамлекет адамдарга жеңилдик жаратуу үчүн каражатты көбөйтүүнүн ордуна, каражатка акылуу болгон кишилердин акысын кечиктирүүдө, адамдардын негизги муктаждыктары жөнүндө баш катыруунун ордуна, кризис жүгүн ушул адамдардын желкесине оодарууда… Бардык этибарды туризм, фармацефтика жана банк секторун коргоого жана каржылоого каратууда. Ошондуктан, катардагы адамдарга ушул чаралардан бөлүнгөн жардамдар өтө чектелгенин көрүп жатабыз. О.э. мамлекет өзүнүн акысы деп билген салыктар жана төлөмдөрдү кечиктирүүгө, айрым салыктарды төмөндөтүп, карыздардын процентин төлөөгө, өндүрүштү көбөйтүүгө жана ички базарды жандантуу үчүн жумуштуулукту коргоого негизги этибарды каратууда.

Ошондуктан, келечекте кабыл алына турган ушуга окшогон иш-чаралардан экономикалык кризис үчүн керектүү чечим күтпөшүбүз керек. Тескерисинче, бардык капиталисттик мамлекеттердеги жетекчилер да, биздин акимдерибиз да ушул коронавирус эпидемиясынан шылтоо катары пайдаланып, кыйрро алдында турган ушул сасык капиталисттик түзүмдүн кризисине себеп кылып көрсөтүшмөкчү. Бүгүн дүйнөдө ири мамлекеттерде да иш-чаралар жарыя кылынды. Мисалы, Америкада триллион доллар, Германияда 550 миллиард евро, Францияда 300 миллиард евро, Испанияда 200 миллиард евро жана Голландияда 100 миллиард евро иш-чаралар көрүлө турган болду. Бирок, булардын баары алардын кулоого жакын калган сасык режимдерин сактап калуу жана кулоону кечиктирүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар. Бул жерде адамдарды коргоо жана аларды эпидемиядан сактап калуу максаты жок. Себеби, экономикалык жана финансылык сектор толук кулоо алдында турат. Капиталисттик түзүм кыйроо даражасында болуп, экономиканын өндүрүү, соода-сатык, туризм жана кызматтар сыяктуу негиздери артка карап кеткен. О.э. финансылык түзүмдүн бардык куралдары бүткүл дүйнөгө сокку берип жаткан ушул эпидемия чабуулу астында калган. Ошондуктан, келечекте жарыя кылына турган иш-чаралар да чечим боло албайт жана ушул түзүмдүн кыйроосун токтотуп кала албайт.

Эй мусулмандар! Чындыгында дүйнө өзгөрүүнүн жаңы доорунда жашап жатат. Коронавирус пайдубалы жана имараты бузулган, аткарган иштери жана мыйзамдары зулум болгон о.э. максаттары жана натыйжалары ийгиликсиздикке учураган бул капиталисттик түзүмдү кыйратуу алдында турат. Бүгүнкү эл аралык абал жаңы түзүмгө муктаж. Ошондуктан, исламий жашоону кайрадан баштоодон башка чара жок. Исламий Уммат жана күч-кубат ээлери бүгүн ушул сасык режимдерди кулатуу жана турмушта Исламды колдоно турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалиыкты тикелөө учуру келгенин түшүнүп жетиши зарыл. Мына ошондо дүйнө COVID-19 сыяктуу эпидемияда көөдөлөнүп жаткан саламаттык проблемасынан гана арылып калбастан, ушул эпидемиядан да кооптуу капитализмден арылат. Мына ошондо Ислам нуру жаркырайт, куфр караңгылыгы жок болот, исламий бийлик турмушка кайтат, адамдар анын көлөкөсүндө жашайт о.э. дүйнөдө жакшылык жана жыргалчылык өкүм сүрөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here