Коронавирустун жайылышы адамзат жардам жана тавфик сурап Аллахка жалбара турган жетекчилерге муктаж экенин көрсөтүүдө

289
0

Басма сөз баянаты

Коронавирустун жайылышы адамзат жардам жана тавфик сурап Аллахка жалбара турган жетекчилерге муктаж экенин көрсөтүүдө

Коронавирус (COVID-19) оорусу Пакистанда тез жайылууда. Себеби, кээ бир адамдар ооруга чалдыкканын билбестен адамдар арасында аралашып жүрүшөт. Анткени, коронавирустун белгилери көбүнчө кийинчерээк байкалат. Туура, бул вирус менен ооругандардын көпчүлүгү жеңил оорушууда, инша Аллах, көпчүлүгү үйлөрүндө айыгып жатышат. Бирок, азчылык адамдардын кийинчерээк курч өпкө оорусуна кабылышып, ооруканада кеңири көлөмдүү медициналык кароого муктаж болушу күтүлүүдө.

Адамдар арасында оорунун жайылышынан кабатырлануу пайда болгонун эсепке алып, дүрбөлөң тарашын жана медициналык кызматтан орунсуз пайдаланууну алдын алуу үчүн тезинен чаралар көрүлүшү керек. Себеби, психологиялык стресс узак убакыт уланса ооруга каршы иммунитет төмөндөп кетет. Жетекчилер жооптууларга, маалымат каражаттарына жана аалымдарга ар кандай оор абалда сабыр кылууга чакырган күчтүү исламий пикирлерди жеткириши үчүн көрсөтмөлөрдү бериши керек. О.э. мусулмандарды Аллах Тааладан жардам сурап дуа кылышы, оорунун дабасы бар экенине ишениши жана Аллах Таала мусулманга жеткен зыян акысына Акыретте сыйлык бериши жөнүндө жолдомолорду бериши керек.

Расулуллах ﷺ айтат:

«مَا يُصِيبُ الْمُسْلِمَ مِنْ نَصَبٍ وَلاَ وَصَبٍ وَلاَ هَمٍّ وَلاَ حُزْنٍ وَلاَ أَذًى وَلاَ غَمٍّ حَتَّى الشَّوْكَةِ يُشَاكُهَا، إِلاَّ كَفَّرَ اللَّهُ بِهَا مِنْ خَطَايَاهُ»

«Бирер мусулман кишиге азап, оору, тынсыздануу, капалык, кыйынчылык, кайгы жетсе, ал тургай, бир тикен сайылса да, Аллах анын каталарын ошол себептүү өчүрөт». (Бухарий риваяты). Мындан тышкары, мусулмандар өлүмдүн чыныгы себеби ажал экенин жана бул Аллахтын колунда экенин о.э. грипп, тиф, малерия жана коронавирус сыяктуу оорулар өлүм абалдары экенин билиши керек.

Оорунун жайылышы жөнүндө айтсак, режим адамдарга зыян жеткире турган нерсеге кайдыгер карашууда. Режим Ирандан ооруга чалдыгып келген адамдарды соо кишилер менен аралашуусуна жол берди. Алар өз үйлөрүндө соо кишилер менен беймарал аралашып жүрө беришти. О.э. Пакистандын түрдүү жайларынан өз үйлөрүнө кайтышты жана бул оорунун көбөйүшүнө себеп болду. Адаттагыдай, режим өз каталарынан сабак албады. Режим бүгүн да оорунун соо кишилер менен аралашуусун токтотуу үчүн эч нерсе кылбады. Бүгүн зыяндын ыктымалы турган соң, этият чараларын көрүү керек. Расулуллах ﷺ айтат:

«لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ»

«Зыян көрбөгүлө жана бирөөгө да зыян жеткирбегиле». (Ибн Мажжа).

«لا تُورِدُوا المُمْرِضَ عَلَى المُصِحِّ»

«Ооруну соого жакындаштырбагыла». (Бухарий риваяты). Ошондуктан, мусулмандар оорулууларды соо кишилерден бөлүшү керек. О.э. улуу кишилер жана мурунку өпкө оорусуна чалдыккандар сыяктуу иммунитети төмөн кишилерге өзгөчө этибар бериши керек. Аларга туура тамактануу жана спорт менен алектенүү сыяктуу көрсөтмөлөр берилиши зарыл.

Кооптуу ооруларга чалдыккан кишилерди дарылоо маселесине келсек, бүгүнкү колонизаторлук түзүмдөгү саламаттыкты сактоо системасынын кайдыгерлиги ушул пандемия доорунда ачык-айкын көрүнүп калды. Мисалы, Пакистан режими адамдарга камкордук көрсөтүү жана саламаттыкты сактоо тармагына этибар берүүнүн ордуна, бюджеттин чоң бөлүгүн сүткордук карыздарын төлөөгө сарптоодо. Муну менен бирге, бул колонизаторлук түзүм Пакистан өнөр жайлашкан алдыңкы мамлекетке айланбашына о.э. турмуштук зарыл болгон – мисалы, өпкө оорулуулар үчүн жасалма дем алдыруу жабдыгы сыяктуу – медициналык жабдыктарга ээ болбошуна кепил.

Эй Пакистан мусулмандары! Расулуллах ﷺ айтат:

«فَالإِمَامُ رَاعٍ، وَهْوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам жетекчи жана кол астындагыларга жоопкер». (Бухарий риваты). Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык жок болгондуктан биз ар кандай кризисте камкордук менен башкарган атасыз жетимдерге окшоп калдык. Ошондуктан, Аллах ушул балээден арылтып, бизге саламаттык жана жакшылык беришин о.э. 99 жыл мурда т.а. хижрий 1342-жылы 28-ражабда жоготкон Халифалыгыбызды кайра тикелөөгө жеткиришин сурап дуа кылышыбыз керек. О.э. Аллах бизден ыраазы болушу жана алсыздыгыбыздан арылтышы үчүн Аллах Таала түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүнү кайра тикелөөгө олуттуу аракет кылышыбыз зарыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here