Кытайга коронавирусту АКШ алып киргенби

655
0

Кытайга коронавирусту АКШ алып киргенби

Кытайдын Ухань шаарына коронавирусту АКШ аскерийлери алып келген. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министринин өкүлү Чжао Лицзянь билдирди.

Ачык болгула! Маалыматтарды жарыялагыла! АКШ бизге түшүндүрмө бериши керек“, – деди Лицзян өзүнүн твиттердеги баракчасында.

Белгилүү болгондой, коронавирус чыкканга чейин АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу күч алып, тараптар мунасага келе албай жаткан эле. Буга эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуу балансында Кытайдын үлүшү үлкөн болуп жатканы себеп болгон. Маселен, 2018-жылы эки өлкөнүн соода алмашуусу 633,5 миллиард долларды түзгөн. Мында Кытайдын экспорту 11,3%га өсүп 478,4 миллиард долларга жетсе, импорт 0,7% гана өсүп, 155,09 миллиард долларды түзгөн. Ошентип Кытай 2018-жылы 323,3 миллиард доллар көбүрөөк товар экспорт кылса, мурунку жылы 275,8 миллиард көп экспорт кылган. Мындан улам, Трамптын администрациясы кытай товарларына бир нече жолу бажы төлөмдөрүн кымбаттаткан. Кытай дагы буга жооп иретинде АКШ товарларына бажы төлөмдөрүн көтөргөн. Жаңы вирустун чыгуусу менен эки өлкөнүн ортосунда байланыш дээрлик токтогон.  Буга окшогон соода согушу АКШ менен Европанын ортосунда да болуп өткөн эле. АКШ 12-марттан тартып Шенген зонасына кирген 26 өлкөнүн жарандарына бир айга чейин аймагына кирүүсүн чектеди. Евробиримдик бул чечимди “бир тараптуу, кеңешпестен кабыл алынды” деп сындады.

Жыйынтыктап айтканда, коронавирус проблемасы империалисттик мамлекеттер ортосунда кызыкчылык талашуу куралына айланды. АКШ Кытайга каршы ишке салып жаткан дүйнөлүк масштабдагы маалыматтык күрөш дүйнө жүзүн коркута алды. Муну менен Кытайдын дүйнөдөгү экономикалык баскынчылык жүрүшүн убактылуу болсо да токтото алды. Учурда коронавирус Европаны бутага алып жатат.

Ал эми мусулмандардын бул балээге карата позициясы шарий өкүмдүн негизинде болушу шарт. Антпесе, алар биздин башыбызга түшкөн балээлерден өздөрүнүн материалдык кызыкчылыктары жолунда пайдалангандай, баалуулуктарыбызга каршы күрөштө да пайдалана  беришет! Маселен, Тажикстанда коронавирус жайылганы тууралуу расмий кабар жок болсо да, өлкө бийлиги мусулмандарга жума намазга чогулбоону талап кылып, имамдар бул буйрукту ишке ашырууда.

Негизи, Халифалык мамлекети астындагы аймактарда да чума жайылган. Ал жөнүндөгү шаръий өкүмгө амал кылуу менен мусулмандар Аллахтын нусратына жетишкен. Демек, Исламий акыйдага ыйман келтирген мусулмандар бир гана Аллахка тобокел кылышсын жана бул жааттагы шаръий өкүмдөрдү бекем карманышсын!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here