Коронавирус боюнча имиштер себептүү Тажикстан базарларында дүрбөлөң
Тажикстан базарларында үч күндөн бери дүрбөлөң өкүм сүрүүдө. Буга Тажикстан аймагында коронавирус жайылып жатканы тууралуу имиштер себеп болду. Эл арасындагы дүрбөлөң себептүү эң керектүү товарларга талап күчөп, азык-түлүктүн баасы эки эсе кымбаттады.
Бул арада Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги өлкөдө коронавирус катталбаганын билдирүүдө.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жетчүдөй азык-түлүк запасы бар экенин билдирген. Мындан тышкары, азык-түлүк мурункудай эле импорттолууда.
Бирок, “Азаттык”тын тажик кызматы кабарлагандай, 5-март күнү эртелеп соода түйүндөрүндө ун жана башка башкы азык-түлүктөргө кезекке турган учурлар катталган. Бири-бирин түртүшкөн элдин көптүгүнөн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөтүшкөн.
Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасады. Өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө тыюу салынды.
Тажикстандык журналист Азиз Накибзод бийликтин кескин чаралары калк арасындагы дүрбөлөңгө себеп болгондугун билдирип: «Мечиттерде намаз окууга тыюу салынгандан кийин эле эл көйгөй башталды деп ойлонуп калды», – деди.
Комментарий: Коранавирус дүйнөнү дүрбөлөңгө салды. Борбор Азиянын негизги стратегиялык өнөктөшү болгон Россия да коронавирустан сактануу чараларын күчөттү. Башка мамлекеттер сыяктуу эле, Орто Азия өлкөлөрүн да вирус эмес, анын дүрбөлөңү кризиске алып барууда. Дүйнөлүк маалымат каражаттары адамдардын жүрөк үшүн алып, бул коркуу аларды төмөндүк агымына тартып барууда. Адамдар гарыйзаларынан келип чыгып, өзүн-өзү сактоо туйгусу негизинде аракеттенишет.
Учурда дүйнөнү башкарып жаткан, демократияга негизделген илманийлик (светтик) система адамзатты жаратуучусунан ажыратып, адамзатты бул дүйнөнүн маталарына кул кылып койду. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер умтулуп жаткан, алар үчүн өрнөк болгон Европа, Америка сыяктуу демократиялык мамлекеттердин жарандарында да Тажикстандагы сыяктуу дүрбөлөң, коркуу абалдары байкалууда. Алар да соода түйүндөрүн талап, керектелүүчү товарларды өтө чоң өлчөмдө сатып алышууда. Алар мамлекетке ишенгендиктен, ушул күнгө чейин күнүмдүк керектөөсүнө жете турган товарларды сатып алууга адаттанып калышкан эле. Эми мамлекеттер алсыздык кылган ваба (коронавирус) алдында кимге ишенерин билбей сарсанаа болуп жатышат.
Ваба – Аллах тарабынан келет! Анын көтөрүлүшү да Аллахтан! Бул исламий Акыйда ар бир мусулманды кадыржам кыла турган идеология. Акыйдага акыл аркылуу ишенген мусулман ваба келген учурда акыйдасынан келип чыгып, Аллахтын көрсөтмөлөрүнө (шаръий өкүмгө) таянат. Мусулман адам вабага чалдыккан учурда Аллахка гана тобокел кылат. Эгерде акыйкат үстүндө турган абалда өлүмгө дуушар болсо да, Аллахтын ыраазылыгынан үмүттөнүп, кадыржам болот. Жашоодон көздөлгөн максат Аллахтын ыраазылыгы деп билген ар бир момун-мусулман ушул Акыйдадан келип чыгып кадыржам боло алат. Ал кафирлер сыяктуу сарсанаага түшүп, өзүнүн муктаждыгы үчүн башкаларга зулум кылбайт. Аллахка тобокел кылып, коомдо биримдикти сактайт жана коомчулукту ушул абалдан алып чыгуу камында жашайт. Аллахтын Раззак деген сыпатына ширк келтирбейт. Башка адамдарды да ушул Акыйда негизинде Аллахка таянууга чакырат!
Абдураззак Муъмин.