3-март Үммөт «Калканын» жоготкон күн

303
0

3-март Үммөт «Калканын» жоготкон күн

Ислам таңы аткандан баштап, Ислам пикирлери менен куфр пикирлери, мусулмандар менен кафирлер ортосунда күрөш башталды. Расулуллах (с.а.в) 610-жылы пайгамбар болуп жиберилген күндөн тартып, Мадинада 622.09.27 Ислам мамлекетине негиз салынып, бир канча мөөнөт исламий кубат түзүлгөнгө чейин жалаң гана пикирий күрөш менен чектелди. Мадинада Ислам мамлекети тикеленип, өз армиясына ээ болгон ошол күндөн баштап пикирий күрөш менен бирге куралдуу күрөш т.а. динсиздик караңгылыгында, адамзаттын башына балээ болуп, ар түрдүү аталыштар астында адамдарды эзип келе жаткан зулматты талкалап, фатх кылган жерлерине чейин алдоо, зомбулуктардын, акыйкатсыздыктардын сакчысы болгон куфр күчтөрүн талкалап, адамзатты Ислам нуруна алып чыгуу үчүн Аллах Таала фарз кылган маддий (материалдык) жак да башталды. Күрөш көптөгөн жылдар ушундай көрүнүштө уланды. Мындай күрөш, хужжат негизиндеги пикирий күрөш менен бирге жихад да калктарды эзип келе жаткан залим күчтөр дүйнө жүзүнөн тазаланганга чейин же Кыямат күнгө чейин уланат. Мына ушундан куфр – Исламдын, кафирлер – мусулмандардын душманы болуп калды. Дүйнө жүзүндө Ислам жана куфр, мусулмандар жана кафирлер бар болгон соң, мындай абал Кыямат күнгө чейин улана берет. Бул катуу жана туруктуу согушту мусулмандар турмушунун ар бир ирмеминде ачык-айкын элестетүүлөрү о.э. аны Ислам менен куфр, мусулмандар менен кайры диндер ортосундагы алакалар үчүн өлчөө кылып алуусу зарыл.

Расулуллах (с.а.в)дын Мекке шаарында алып барган пикирий күрөшү машакат, сабыр жана бекемдик менен 13 жылга созулду. 13 жылдын ичинде Ислам пикирлери куфр пикирлеринин үстүнөн жеңишке жетишти жана кафирлер хужжат негизинде талкуулашууга чара таба алышпаган соң, мусулмандарды азаптай башташты т.а. жаңыча жашоонун негиздөөчүлөрү болгон Расулуллах (с.а.в) жана сахабаларын (р.а.) куугунтуктоолор жана кээ бирлерин шейит кылууга чейин жетип барган зулумдар менен тосуп алышты. Кафирлердин каршылыгына карабастан, Аллах Таала Исламды бардык диндерден үстөм кылды. Ошондон баштап, башкалар менен болгон бардык согуштарда мусулмандарды ийгилик коштоду. Мусулмандар кээ бир кармаштарда үстөм боло албаса да, бирок алар согуштарда сөзсүз жеңишет эле. Мусулмандар 6 кылым бою бардык согуштарда жеңишке жетишишти. Ушунча доор Ислам Мамлекети дүйнөдө жападан-жалгыз жетекчи мамлекет болуп турду. Мындай үлкөн жеңиш адамзат тарыхында мусулмандардан башка эч кимге, Ислам Мамлекетинен башка эч бир мамлекетке насип кылган эмес. Үммөт өз тарыхында халифалык мамлекетинде гана жашап келди жана бир нече халифалар жетекчилик кылып, Расулуллах (с.а.в)дын ушул хадисинин тастыгы болушту:

«Бану Исраилге пайгамбарлар саясат кылышат эле. Качан бир пайгамбар дүйнөдөн кайтса, артынан башка бир пайгамбар келчү. Менден кийин болсо пайгамбар жок. Халифалар болот. Көп болушат. … »

Хулафаи рошидиндер: 4

Шамдагы Уммавий халифалар:14

Аббасий халифалар: 37

Усманий халифалар: 37

Мусулмандар жогорудагы халифаларды “халифа” же “султан” деп атоодо түрдүү доорлордо бир нече ихтилафтарга барышкан. Алардын ихтилафтары халифалардын милдеттери жана аларды тикелөө важибдиги туурасында эмес, аларды кандай наам менен атоо туурасында болгон. Абу Бакр, Умар, Усман жана Алилерди (Аллах алардан ыраазы болсун) бардык доор мусулмандары хулафаи рошидиндер деп аташкан. Уммавий халифаларды жана Аббасий халифаларды ошол доордо жашап өткөн мусулмандар “халифалар” деп аташса, кийинки доордогу мусулмандар “падышалар” деп аташкан. Усманий халифаларды көпчүлүк мусулмандар “халифалар” дешсе, айрымдары “султандар” деп аташкан.

Алардын бардыгы халифа болушкан. Алардын бардыгы Исламий мамлекеттин жетекчи-акимдери болушкан. Бийликке мусулмандардын байъаты аркылуу келишкен жана исламий мамлекеттин жарандарына исламий өкүмдөрдү – Куран жана сүннөттү колдонушкан.

Үммөт Расулуллах (с.а.в) дүйнөдөн кайткан күндөн тартып, 1924-жылдын 3-мартына чейин ар дайым өз жетекчиси болгон халифаны “байъат” жолу менен шайлоого жана Ислам мамлекетин күчтүү абалда кармоого негизги этибарын беришкен. Ал тургай, халифалыктын акыркы күндөрүндө да т.а. Орто Азияны падышалык Россия Халифалыктан бөлүп алган, Балканды жана Түндүк Африка өлкөлөрүн Европа мамлекеттери басып алган доорлордо да Халифалыкка болгон мындай этибар өз маанисин жоготкон эмес. Буга мисал катары, азыркы Пакистан өлкөсүндөгү аймактардын биринде болгон окуяны келтиремин.

Ал жердеги бир майданда акча салууга ылайыкташкан сандык туруптур. Ал сандык кайрымдуулук кутусу эмес эле, анын үстүнө “Усманий халифалык коркунучта, ага ар ким колунан келишинче жардам берсин” деп жазылган болчу. Элдин баары тапканын алып келип таштап жаткан. Ошондо бир муслима аял сандыкты айланып жүрүп, көрүнгөн адамга “баламды сатамын, ким алат” деп жүрөт. Бул көрүнүшкө таңданган бир бай киши;

– Эй карындашым, бул баланы жолдон таап алдыңбы?
– Жок, өзүмдүн перзентим.
– Эй, шүгүрсүз аял! Эмне үчүн өз балаңды сатып жатасын…? Кандай ырайымсыз эне өз баласын сатат? Эч бир ыймандуу, дили таза эне өз баласын сатууга, боорунан ажыратып таштоого батына албайт го? Же муктаждыктан ушундай ишке барып жатасыңбы? Же оор дартка чалдыктыңбы? Сага акча эмне үчүн керек?
– Акыры, сандыктын үстүнө жазылган жарыяны окубадыңызбы? Халифалык оор абалда экен. Эгерде халифалык кулатылса, анда бүтүндөй Үммөттүн күнү бүтөт. Ошондо чыныгы кыйроо болот. Балам эле эмес, бүтүндөй Үммөт талкаланат, жаман абалга түшөт. Халифалык кулатылса, бизди ким коргойт жана халифабыз биздин «Калканыбыз» го! Мен баламды сатып, акчасын ошол сандыкка саламын, башка кошо турган нерсем жок…
Имам Муслим Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылат: «Расулуллах (с.а.в) айтты: «Албетте имам (халифа) – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат».

Ооба, Үммөттүн «Калканы» жоголсо, дили таза, чыныгы ыймандуулардан башка бардык адамдарга коркоктук балээси жабышат. Натыйжада өздөрүнүн киндик каны тамган өлкөлөргө ээлик кыла албай калышат. Бейиштей жерлер болушуна, табигый кендер көптүгүнө карабастан байлыктары талап-тонолушуна сүкүт сактап, кыйынчылыктарга карабастан Россия же Корея сыяктуу башка өлкөлөргө кете беришет. “Биздин алтындарыбыз кайда? Кендерибиз эмне болуп жатат? – дегенге батына алышпайт.

Үммөттүн «Калканы» жоголсо, аялдарын коргой албай турган даюстарга айланып калышат. Жердештери, ал тургай жакындары башка өлкөлөргө денесин сатууга мажбур болуп кетип жатканына кайдыгер болушат.

Үммөттүн «Калканы» жоголсо, жердештеринен чыккан чыныгы эр жүрөк баатырлары куфрдун айла-амалдарына, жалганына ишенип, өз калкына чыккынчылык кыла башташат, эл журттун чыдамы түгөнгөндө куфрдун койнуна кире качкан паскечтерге айланып калышат.

Үммөттүн ««Калканы» жоголсо, мусулман болуп дүйнөгө келишсе да, нике менен жашоосун башташса да, көз жумгандарды жаназа менен акыркы сапарга узатышса да, бирок, балдарына өз Исламын үйрөнүүгө шарт түзүп бере алышпайт.

Үммөт «Калканын» жоготсо, илим-билим, ачылыштар тармагында т.а. медицина, астрономия, алгебра сыяктуу илим тармактарында да, экономикалык тармакта да, аскерий тармакта да, үй-бүлөнүн бекемдиги, көп балалуу болуу жаатында да, көптөгөн жылдар дүйнөгө жетекчилик кылып келген тарыхын бузук көрүнүштө, куфр сүрөттөп бергендей үйрөнүшөт.

Ошондуктан өз өмүрүн Исламга арнаган устаздардын бири: “Куфр бизге ушундай иш кылды дейсиң, эгер эркектерибизди кескилеп, темир тарактар менен тараганда, же аялдарыбызды өлтүрүп жибергенде азыркы кылган иштеринен жеңилирээк болмок”, — деп өкүнгөн. Себеби, биз Исламдан жүз үйрүдүк, натыйжада куфрга ашыгып, ага малайлык кылуу үчүн кресло талаша турган, аялдарыбызды шерменде көрүнүштө жүрүшүнө кайдыгер болгон даюстарга, дос-душманды айырмалай албаган наадандарга, бирөөдөн көргөнүбүздү сокурдук менен кыла бере турган маңкурттарга, адилетсиздикке көрөрман болуп карап турган намыссыздарга, байлыктарыбыздын талап-тонолушуна унчукпай турган дүлөй-дудуктарга айланып калдык.

Турмуштун бардык тармагы ишенимсиз абалга келип калды. Элден чогулган каражаттардан байып жаткан жетекчилер, депутаттар, журналисттер, сот-прократура кызматкерлери, орган кызматкерлери – бүт баарынын өз калкына кыянат кылуусу адаттагы көрүнүшкө айланды. Эч кандай нерсе үмүт кылбастан, Аллах Тааланын ыраазылыгын издеп, күнү-түнү тыным албастан, оор турмуш шартынан мүмкүнчүлүк таап өз элине күйгөн адамдар жаманатты кылынып, “экстремист”, “террорист” сыяктуу тамгалар жабыштырылып камактарга ташталууда.

Бул балээден кутулуунун жолу, канчалык кыйын болсо да, Исламыбызга кайтуу, аны жакшылап үйрөнүү, үйрөтүү жана ошонун негизиндеги жашоону баштоо. Бул жааттагы кыйынчылыктардын чоң бөлүгүн Расулуллах (с.а.в)дын чыныгы мураскорлору сахих ижтихад менен кеңири чечип, китептерге жазып койду. Бизге бул жааттагы кыйынчылыктарды жеңилдетти. Биз ошол көрсөтмөлөрдү алышыбыз, ишенимдүү жолдомолор негизинде ар бир ишке жандашуубуз менен куфрдун чеңгелинен кутулабыз жана ошондо “калканыбыз” кайрадан тикеленет о.э. мурункудай жетекчилик макамыбызга кайтып, зордукчул залимдерди тыйып коёбуз. Дүйнөнү динсиздик баткагынан Ислам нуруна алып чыгабыз, инша Аллах. Аллах Таала “Раъд” сүрөсүндөгү:

إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ

„Аныгы, тээ бирер коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртүшмөйүнчө, Аллах алардын абалын өзгөртпөйт“. [13:11] аятында өздөрүндөгү нерсени деп, өзүбүздөгү нерсени өзгөртүүнү, бул дүйнөдөгү абалыбызды өзгөртүүгө шарт кылууда. Өзүбүздөгү эмнени өзгөртө алабыз? Денебизди, түзүлүшүбүздү, түсүбүздү, үнүбүздү, тегибизди же боюбуздубу? Жок! Биз ишенимибизди, түшүнүктөрүбүздү, амалдарыбызды о.э. урфтарыбызды өзгөртө алабыз. Демек, демократияга окшогон иътикадды, же андан келип чыккан түшүнүктөрдү кабыл алсак, же болбосо ошондой адамдарды ээрчисек, аларды колдоп-кубаттасак, демек, абалыбыз ошого жараша болот. Эгерде биз акыйдаларды да, түшүнүктөрдү да текшерип, пикирлеп көрүп жалаң гана туурасын алсак, анда жашообуз да туура болушун жана Аллах Таала азыркы абалыбызды да оңдоп коюшун кабарлап жатат. Бул балалуу болуу маселесине окшойт. Баланы Аллах Таала берет. Бирок, дуба кылуунун өзү менен балалуу болбостугун элдин баары билет, үй-бүлө курбастан бала сурап күнү-түнү дуба кылган кишини адамдар шылдыңдап күлүшөт. Ушул сыяктуу эле, колониядан, динсиздиктен кутулуу дуба кылуу менен же бир нече адамдардын аракети менен ишке ашпайт. Аятта «قوم» коум деп бир калктагы өзгөрүү ошолордун өзгөрүшү менен т.а. урфунун өзгөрүшү менен болушун айтып жатат. Жабир ибн Абдуллах (р.а)дан риваят кылынат, ал айтат: … Расулуллах (с.а.в): «Үммөтүмдүн акырында мал-дүйнөнү эч бир эсеп-китеп кылбай, молчулук менен адамдарга тарата турган халифа болот», — деди. Ровий: “Абу Назра жана Абул Аладан «Ал халифа Умар ибн Абдул Азизби?» деп сурадым эле, алар «Жок» деп жооп беришти”, — дейт. [Сахихи Муслим, 5189-хадис]

Абу Зар



LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here