АКШ Индияны Кытайга каршы колдонот

412
0

АКШ Индияны Кытайга каршы колдонот

АКШнын президенти Дональд Трамп 24-февралда расмий сапар менен Индияга барды. Бул тууралуу “Голос Америки” жазды.

Маалыматка ылайык, Индия АКШдан 3 млрд долларлык курал жарактарды сатып ала турган болду. Анын ичинде дрондордон баштап ракета системаларына чейин бар. Ошондой эле Трамп терроризмди жок кылуу үчүн Индия менен да, Пакистан менен да кызматташа турганын билдирди.

Белгилүү болгондой, АКШ менен Индиянын кызматташтыгы Кытайдын аймактагы таасиринин кеңейишине каршы багытталган. Ошондуктан, акыркы жылдары АКШ Индиянын аскердик жактан күчтөнүүсүнө жардам берип, Кытайдын аны менен убара болуп калуусун көздөйт. Муну менен катар АКШ Кашмир маселесин чечүүгө ынтызар. Анткени, Кашмир маселеси үммөттүн тагдырий маселелеринен болуп, Индиянын аймакты басып алуусу үммөттү силкинте турган окуялардан болуп калды. Ошондуктан, АКШ аймактагы жихадий топторду жок кылуу менен Кашмир маселесине чекит коюп, Индиянын Кытай менен гана алек болуусун каалайт. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here