Чаткалдыктар кен казууга мораторий киргизүүнү талап кылды

291
0

Чаткалдыктар кен казууга мораторий киргизүүнү талап кылды

Чаткалдын тургундары аймакта жүргүзүлүп жаткан чачыранды алтын казууга мораторий киргизүүнү талап кылышууда. Алар бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү менен жолугушкан учурда айтышты.

Маалыматка ылайык, учурда Чаткал районунда 158 фирма кен казууга лицензия алган. Алардын ичинен төрт фирмадан башкасы жалаң чачыранды алтын казууга алышкан. Азыр лицензия алгандардан отузу гана иштеп жатат. Алар Чанач-Сайда 21 кг алтын үчүн 71 гектар токойду жок кылышкан. Ушул кезге чейин чачыранды алтын казып кеткен ишканалардан бири да рекультивация иштерин жасаган эмес.

Жеке булактардан алынган маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда алтындын жалпы запасы СССР учурунда эле 2 миң тоннадан ашат деп эсептелген. Чачыранды жана чайкап алуучу алтындардын запасы 300 тоннага жетет. Өлкөдө жалпысынан 2.5 миң кен аныкталган. Кыргызстан жылына 1997-жылдан бери 18ден 26 тоннага чейин алтын өндүрүүдө. Алтындан сырткары эки миң тоннадай кору бар күмүш, 1 млрд. тоннадан ашуун запасы бар көмүр кендери бар. Алардан сырткары сурма, сымап, калай, сейрек кездешүүчү металлдар, алюминий кендери бар.

Бирок, өлкөдөгү буга окшогон жалпы элдик байлыктын үзүрүн бир ууч капиталисттер гана көрүп келет. Алардын бир бөлүгү Чаткалда – Кумтөрдө кылынгандай – өзү билемдик менен иш алып барып, жаратылышка орду толгус зыян келтирип жатат. Ал эми казылган алтындын пайдасын чет элдик капиталисттер менен алардын кылмыштарын мыйзамдаштырып берип жаткан аткаминерлерибиз көрүүдө.

Албетте, мындай абал өзгөрүүсү үчүн биз пайдага негизделген капиталисттик түзүмдөн баш тартып, ордуна жалпы элдик мүлктү адилеттик менен бөлүштүрүп, анын үзүрүн ар бир үй-бүлө көрүшүнө шарт түзүп бере турган Ислам мабдасын жашоого алып келишибиз шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here