Орусия Өзбекстанга басым өткөрүү үчүн Кыргызстандагы ГЭСтерди курууга кызыктар
Бул жаатта орусиялык «Интер РАО» компаниясы ишти кайрадан калыбына келтирүүнү каалап жатат. Негизи, бул компания 2008-жылы «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууну өзүнө алып, бирок долбоорду ишке ашырууну кечеңдеткен. Ошон үчүн 2016-жылы кыргыз тарап макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарган.
«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаровдун айтымында, аталган компания бул долбоорго инвестиция салууга кызыгарын улам кайталап келүүдө. Бирок, алар «өндүрүлгөн 1 кВт электр энергиясын 8 сомдон кем эмес баада сатып аласыңар» деп жатышат.
Мындан белгилүү болгондой, Орусия биринчиден Кыргызстандагы стратегиялык долбоорлорду чет элдик компанияларга алдырып жиберүүдөн чочулап, өз компаниялары аркылуу ири капиталга ээ болууну көздөп жатат. Экинчиден, Өзбекстандын үстүнөн таасир талашуу күрөшү бүгүнкү күндө Америка менен Россиянын ортосунда уланууда. Россия Өзбекстанды ЕАЭБге кошуу үчүн саясий жана экономикалык басым өткөрүп жаткан болсо, өзбек бийлиги Россияга ачык жооп берүүдөн карманып, мүчө болуунун акысына аткарылышы кыйын болгон талаптарды коюуда. Акыры Мирзиёев Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу болуп кирерин айтууга мажбур болду. Бирок, мүчө болбой турганын билдирип АКШны да ыраазы кылууга урунду. АКШ болсо Өзбекстанга ар түрдүү экономикалык жардамдарды берүү жана ал жардамдын көлөмүн жылдан-жылга көбөйтүп баруу менен таасирин жаюуда. Мындан тышкары, Америка таасириндеги Түркия Өзбекстан менен 19-февралда өз ара сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнү макулдашты. Мындай көрүнүш өз кезегинде Орусиянын Өзбекстанга басым өткөрүүсүнө түрткү берди. Басым өткөрүүчү рычагдардын бири Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу өткөн суу агымын ГЭСтерди куруу менен азайтуу болуп эсептелет. (Эске салсак, негизи, 2009-жылы ошол кездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Ташкентте болгон расмий сапарында бул долбоорду ишке ашырууда Өзбекстандын кызыкчылыгы эске алынарын айткан эле).
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан болобу, Өзбекстанбы, айырмасыз, АКШ жана Орусия сыяктуу колонизаторлордун чеңгелинде күнкор абалда турмуш кечирип жатат. Албетте мындай тушалган абалдан чыгуунун жападан жалгыз жолу өз Исламыбызга кайтууда. Тагыраагы, үммөттү Ислам менен бириктирүү аркылуу гана жогорудагы колонизаторлорго каршы тура алабыз!
Мумтаз Маверанахрий