Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы чукул план жарыяланды

481
0

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы чукул план жарыяланды

 Кыргыз өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис планын жарыялады. Планга кирген бардык иштер быйыл аткарылат.

Биринчи кезекте мыйзамдык базаны түзүү каралууда.Мындан тышкары, эл арасында түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүрөт, зомбулук болгон үй-бүлөлөр аныкталып, жабыркагандарга жардам берилет.

Зомбулук жасаган адамдар менен өзүнчө иш жүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанда 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Анын ичинен 5752 аялга, 393 эркекке жана 168 жашы жете элек балага коргоо ордерлери берилген.

 Комментарий: 2019-жылдын август айында Кыргызстандагы БУУнун аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров менен жолугуп, гендердик  теңдиктин алкагында мындан ары кызматташууну улантуу маселелерин талкуулашкан.

Жолугушуунун алкагында Улзийсурен Жамсран гендердик саясаттын өнүгүшү боюнча бир топ багыттарды баяндады о.э. демография жана калктын коопсуздугу маселесин өкмөттүк деңгээлде талкуулоого алып чыгууну сунуштады.

Кочкоров болсо мамлекеттин социалдык заказынын алкагында кризистик борборлор түзүлүп, ал борборлор зомбулукка кабылган аялдарга колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилеген.

2020-жылдын 20-январында БУУнун Женевада өткөн адам укуктары боюнча сессиясында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев башчылыгындагы делегация отчёт берген.

 Делегациянын мүчөсү Жаңыл Алыбаеванын билдиришинче, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча 27 комитет ачылган, мындай комитеттерди ар бир айылда ачуу пландаштырылууда. О.э. өлкө боюнча 14 кризистик борбор ачылган, быйыл дагы эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат.

 Аялдарды сатылуучу товар, ырахат алуучу буюм катары көрө турган демократия (капитализм) түзүмүндө аялдардын укуктарын коргоо боюнча канчалык мыйзам жанан токтомдор кабыл алынып, түрдүү иш-чаралар аткарылганы менен булар эч кандай натыйжа бербейт. Себеби, бул түзүм аял кишиден мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланууну көздөйт. Бул түзүм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды…

 Ислам болсо аял кишини сакталышы важиб болгон намыс жана үй кожойкеси катары карап, зарылдык болбогон учурда эркектер менен аралашуусуна тыюу салат. Аял кишиге  өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Ислам өкүмдөрүн толук колдоно турган Халифалык мамлекети гана бүгүнкү бузук түзүмдүн натыйжасы болгон үй-бүлөлүк зомбулук, зордуктоо сыяктуу илдеттерди жоюп, аялдардын укугу Аллах белгилеп койгондой корголушун камсыздайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here