Түркмөнстан Англиядан кум сатып алат

184
0

Түркмөнстан Англиядан кум сатып алат

Аймагынын 80 пайызын чөл ээлеген Түркмөнстан Англиядан кум сатып алат. Бул үчүн 1 млн. фунт стерлинг бөлүндү. Чет элден алынган кум күлүк аттар чуркай турган жолго төшөлөт. Бул тууралуу Англиянын «The Gazette» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, келишимде 10 миң тонна кумдан башка да материалдар бар. Келишимге 2020-жылдын февраль айында Стамбулда кол коюлган.

Белгилей кетсек, учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов мурдагы жылы түркмөн чөлүн даңазалап, «Каракум» аттуу ырын чыгарган эле. Тилекке каршы үммөттү ушундай саткындар башкарууда. Мындан да төмөн абалга үммөт кептелбесе керек. Тебелеп жүргөн кумду чет өлкөдөн үммөттүн мүлкүн пайдаланып сатып алууну мындан башкача мүнөздөө мүмкүн эмес. Мына ушуга окшогон жетекчилердин айынан мусулман өлкөлөр, алардын катарында Орто Азия өлкөлөрү капиталисттик система зулумунда эзилүүдө. Анткени, миллиарддаган куб газ, нефти жана башка кен байлыктардын үзүрүн чет элдик империалисттер жана жергиликтүү аткаминерлер гана көрүп жатышат. Албетте мындай саткын жетекчилер жана колонизаторлор зулумунан өз Исламыбызды жашоого кайтаруу менен чыга алабыз. Исламыбыз арабыздагы сергек жана ойгоо азаматтардын колу менен албетте жашоого кайтат. Ошондо аттардын туягы гана эмес, зулумдук чегип жаткан калктын, чалкып жаткан чөлдүн жана анын астындагы байлыктардын баркы өз ордуна коюлат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here