Константинополду фатх кылуу даңкынан Халифалыкты тикелөө даңкына

219
0

Константинополду фатх кылуу даңкынан Халифалыкты тикелөө даңкына

Асъад Мансур

Мусулмандар Расулу акрам ﷺдын башараттарын кудум шарияттын буйрук жана кайтарууларын тастыктагандай тастыкташты жана алардын жүрөгүнө кымындай күмөн кирбеди. Анткени, ал пайгамбар болуп, жалган сүйлөбөйт жана ал Аллах жөнүндө сөз ойлоп табышы мүмкүн болбогон нерсе. О.э. ал төлгөчү да эмес:

﴿وَمَا يَنطِقُ عَنِ الْهَوَى + إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْيٌ يُوحَى﴾

«Жана ал өзүнүн көңүл каалоосуна менен сүйлөбөйт. Болгону ал вахий кылынып жаткан бир вахий»                                                                                                                   [53:3-4]

Демек, Расулуллах гайб ааламын т.а. ага көрсөтүлгөн башараттарды Роббисинен билди. Мусулмандар да бул башараттарды талап иретинде кабыл алышты. Анткени, ушул кабар – амал кылууга үндөгөн талап. Ушул себептен улам, мусулмандар бул башараттар инсандын амалысыз жүзөгө чыкпайт деп билишет. Мусулмандарда амал кылбастан, нусратты күтүп олтурсак, периштелер түшүп, биздин ордубузга согушат деген пикир таптакыр болбогон. Тескерисинче, алар Аллахка тобокел кылып, Анын жолунда мал-жандарын сайып, олуттуу аракет кылышты жана толук дайырдык көрүштү. Мына ошондо гана периштелер түшөт жана мусулмандарга коркпогула, капа болбогула, биз силерге бул дүйнө турмушунда да, Акыретте да жардамчы болобуз, Роббиңер бизге силерди бекем кылуубузду буйруп, кафирлердин баштарын алгыла, бармактарын чапкыла деп вахий кылды дешет.

Мусулмандар Расулу карим ﷺдын:

«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»

«Константинополь албетте фатх болот. Аны фатх кылган амир кандай гана жакшы амир, аны фатх кылган кошуун кандай гана жакшы кошуун», – деген сөздөрүн угуп, ушул фатхтын даңкына татыктуу болуу үчүн олуттуу аракет кылышты. Алар ошол амир мен болсом же ошол кошуун мен болсом деп үмүт кылышты.

Ошондуктан, халифа Муавия Константинополго кошуун жөнөтүп, ал да ошол фатих амир болсун деген үмүт менен кошуунга өз уулу Язидди амир кылды. Язид менен улуу сахабалар жолго чыгышты жана алардын баары ошол фатих кошуун болууну үмүт кылышты. Бану Умайянын халифалары ушул даңкка жетүү ниетинде улуу империянын чыгыш борбору болгон шаарды фатх кылууга өз уулдарын жиберди. Халифа Абдулмаликтин уулу Маслама ушул хадистин сахихтигине ынаанып, ал да казатка аттанды. Ушинтип ондогон жылдар бою Константинополду курчоого алып, айлана тегерегин фатх кылышты жана алардын айрымдары каза болушту. Алардын ошол жерде көп издери бар жана бул белгилердин эң белгилүүсү – улуу сахабий Абу Айюб ансарийдин кабыры.

Мен мындан кырк жыл мурун адамдар менен сүйлөшүп, аларга улуу ата-бабаларын жана Халифалыкты тикелөө фарздыгын эске салгам. Ошондо бир киши туруп, мага: «Сизге эч ким байкабаган мечитти көрсөтөмүн», – деп калды. Мени Истамбулдун Каракой районундагы бир мечитке алып барды. Мечитке киргенимде жүрөгүм кадыржам болду. Чынында бул мечит өзүнүн улуулугу менен башка кооздолгон, мунаралуу мечиттерден өзгөчөлөнүп турат. Дарбазасынын үстүнө «Арабий шариф мечити, аны Маслама ибн Абдулмалик хижраттын 77-жылы курду» деп араб тилинде жазылган.

Мусулмандардын убара керчилиги ушундай болгон. Алар Константинополду фатх кылып, ушул башаратка жана Римди фатх кылуу жөнүндөгү экинчи башаратка татыктуу болууга умтулушкан. Расулуллах ﷺдан: «Кайсы шаар биринчи фатх болот, Константинополбу же Римби?», – деп сурашканда, ал:

«مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلًا يَعْنِي قُسْطَنْطِينِيَّةَ»

«Биринчи Ираклинин шаары т.а. Константинополь фатх болот», – деп жооп берген. Ушул себептен улам, мусулмандар аны чыгыштан фатх кыла алышпаган соң, батыштан фатх кылып, аны эки тараптан курчоого алуу жөнүндө ойлонушту. Ушул максатта Испанияны фатх кылышты жана Париждин астанасына чейин жетишти, Италиянын Сицилиясын фатх кылып, Римге жакын келишти… Муну менен алар көңүл каалоосу менен сүйлөбөгөн Расул акрамдын кушкабарын жүзөгө чыгарууга урунушту.

Бану Аббас халифалары румдуктарга каршы согушту. Алардын мамлекетин чөгөлөтүп, жизя төлөөгө мажбур кылышты. Ошондо румдуктардын бири каршы чыгып, жизя төлөөдөн баш тартып, халифага кат жазганда, халифа ал каттын артына минтип жооп жазды:

«Момундар амири Харунар Рашидден румдуктардын ити Никифорго. Сен, кафирдин баласынын, катын окудум, жообун болсо, укпайсың, өз көзүң менен көрөсүң». Кийин халифа ошол күнү атка минип, тезинен жолго чыкты жана Ираклинин шаарына жетип барды. Румдуктарды кыйроого тушуктуруп… өлтүрдү жана туткунга алды. Никифор болсо, кор болуп, жыл сайын жизя төлөө акысына Харундан амандык сурады, халифа макул болду».

Кийин Аббасийлер Халифалыгы Анадолунун фатх кылынган жерлеринен мусулман түрктөргө жер бөлүп берди, түрктөр Константинополду фатх кылуу жолунда ал жерлерди коргоп, румдуктарга каршы күрөштү. Түрктөрдүн биринчи амири миладий 1040-жылы Селжук Бек болду. Ал Анадолунун абдан көп жерлерин Халифалыкка моюн сундурууга жетишти. Ошондон баштап Селжукий амирлер жихадды улантып, акыры Усманийлер келди. Усманийлер да жихадды улантышып, миладий 1453-жылы Константинополду курчоого алып, Мухаммад Фатих жетекчилигинде аны фатх кылууга жетишишти. Мухаммад Фатих Ая Сафия чиркөөсүн мечитке айлантты. Батыш абдырап калды… Ватикан папасы опузалаган сөздөрдү айтты. Ошондо Мухаммад Фатихке ага кат жолдоп: «Ая Сафия ибадаткана сыйына ээ болду. Эгер, сен оозуңду баспасаң, мен Римге кирип барып, Ватиканды атканага айлантамын», – деди. Папа коркуп, оозун басты. Бирок, Мухаммад Фатих жөн турбады… Ал: «Бул жыл ажылык жылы, кийинки жыл Римди фатх кылуу жылы, инша Аллах», – деди. Бирок, ал ажылыкка бара жатканда ажалы жетип дүйнөдөн кайтты. Аллах анын бешенесине ушуну жазган экен жана Рим фатхын башка кишиге насип эткен экен. Расулуллах ﷺ башарат кылган Константинополь фатхы хижрий 850-жылы жүзөгө чыккан болсо, ошого чейин мусулмандар Пайгамбардын башаратынан бир ирмем да үмүт үзүшпөдү.

Мына, бүгүн да мусулмандар арасындагы айкөл кишилер үмүттөрүн үзбөстөн, убада-шерттеринде бекем туруп, Расулу акрам ﷺдын башка башараттары да жүзөгө чыгышына толук ишенишет. Алар бул башараттардын бири болгон:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», – деген башаратын жүзөгө чыгаруу үчүн бутка турушту. Алардын арасында Такийюддин Набаханий рохимахуллах пешкадам болду. Ал киши халифаны тикелөө үмүтүндө олуттуу аракет кылып, ижтихад алып барып, дүйнөлүк улуу Хизбге негиз салды. Аллахтын фазилети менен, бул Хизб терең-жаркын пикири, курч көз караштары жана жетик аң-сезими менен аракет баштады. Набаханийдин Хизбине кирген ар бир мүчө Халифалык үчүн аракет кылуу даңкына жетүү жана аны көздөрү менен көрүп кубануу үмүтүндө жана ушул башараттын жүзөгө чыгышын үмүт кылып олуттуу аракет кылды, ижтихад алып барды. Ушундайча алар бекем кадам шилтеп, убада-шерттерин бузушпады, курган нерселерин бузушпады, артка чегинишпеди. Айрымдары көз жумду, айрымдары шахиддикке ынтызар жана алар убада-шеттерин өзгөртүшпөй, күнү-түнү тынымсыз амал жана зикирди улантышууда. Алар Аллахтын убадасына жана Расулу ﷺдын башараттарына толук ишенип, үчүнчү амирлери Ата ибн Хали Абу Роштанын колуна колдорун берип, Аллах ал кишинин жана биздин колубуз менен Расулунун башараттарын ишке ашырат деген үмүттө аракет кылышууда.

Ал кишинин амирлигинде Хизб иштери кеңейди, тамыр жайды, ийгиликтерге жетишип, Хизб кеңейип, мүчөлөрдө түшүнүк, аң-сезим жана өзүнө ишеним даражасы артты.

Ар бир амирликте бекем турган кишилер кыйратуучу эмес, куруучу болот, азайтпайт, көбөйтүшөт, аракетти мыктылап, жетиктикке умтулушат. Алардын жүрөгү келечектеги башараттардын жүзөгө чыгышына толук ишенип үмүт байлашат. Себеби, алар улуу адамдардын неберелери, ушул Умматтын перзенттери. Хизб мүчөлөрүнүн коом тарабынан кабыл алынышы күндүн-күнгө өсүүдө. Алардын көзүндө бүткүл куфр күчтөрү арзыбас саналат, анткени, алар максаттары асыл инсандар.

Аллах Өз рисаласын кайда коёрун Өзү билет, Расулдун башараттарын кимдин колу менен жүзөгө чыгарууну Өзү билет. Андыктан, мелдешүүчүлөр мына ушул нерсе үчүн мелдешсин.

Роя гезити, №269, 2020жыл, 15январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here