Илманийликтин маңызы жана Исламдын илманийлик жөнүндөгү өкүмү

355
0

Илманийликтин маңызы жана Исламдын илманийлик жөнүндөгү өкүмү

Иброхим Усман (Абу Халил) Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү

Айрымдар илманийлик инсандарга бирдей назарда карайт, анын башкаруусу астында баары бактылуу жашайт деп, аны кооздоп көрсөтүүгө урунушат жана илманийлик динге тескери келбейт деген сөздү бекем карманышат. Ошондуктан, мындай кимселердин бири «мен илманий мусулманмын» деп чыкты!

Ко-ош, илманийлик дегени эмне, анын маңызы жана Исламдагы өкүмү кандай?!

Ар кандай терминди билүү үчүн ал терминге аныктама берген ээлерине кайрылуу керек. Ошондуктан, илманийлик термининин ээлеринин сөздүктөрүнө токтолобуз. Анткени, башкаларга караганда ошолор аны жакшы билишет, ошолор аныктама берип, терминге айлантышкан.

Мисалы, «Британия энциклопедиясы» китебинде илманийлик жөнүндө «Адамдарды чалгытууга жана аларды Акырет түйшүгүнөн бул дүйнө түйшүгүнө багыттоого каратылган социалдык аракет» делген.

«Оксфорд сөздүгү» китебинде илманийлик «динийлик да, рухийлик да эмес, дунявийлик жана маддийлик. Ал диний эмес, атеисттик тарбия же атеисттик музыкага, атеисттик бийликке жана чиркөөгө каршы болгон өкмөт сыяктуу» деп түшүндүрмө берилген.

«Англис тилинин үчүнчү жаңы эл аралык сөздүгү» китебинде илманийлик жөнүндө мындай делген: «Илманийлик дин же диний көз караштар бийликке аралашпашы керек деген принципке, же ушул пикирди чыгарбоо керек деген багытка негизделген жашоодогу багыт же өзүнө таандык нерсе, мисалы, өкмөттөгү нукура атеисттик саясат сыяктуу».

Британиялык чыгыш таануучу Жон Артур өзүнүн «Жакынкы Чыгыштагы дин» китебинде мындай дейт: «Маддий материализм, гуманизм, табигый жана башка билим атеизм көрүнүштөрү. Атеизм Европа жана Америкага таандык өзгөчө сыпат болсо да, бирок, анын көрүнүштөрү Жакынкы Чыгышта да бар жана ал жерде эч кандай фалсафий же адабий мүнөзгө ээ эмес. Анын негизги модели – динди мамлекеттен бөлгөн Түркия республикасы».

Мусулман перзенттердин заманбап жазууларында илманийлик «динди мамлекеттен бөлүү» деп аныктама берилген. Бирок, бул аныктамадан илманийликтин туура жана толук мааниси чыкпайт. Анткени, анын мааниси мамлекетти гана эмес, адамдарды жана алардын жашоо таризин да камтып, бул жашоо таризи кээде мамлекетке түздөн-түз алакасы болбостугу да мүмкүн. Ошондуктан, илманийлик – бул динди жашоодон бөлүү десек туура маани чыгат. Т.а. бул мамлекет болсун же коом болсун, жашоону динден башка нерсе үстүнө курууну түшүндүрөт. Илманийликтин маңызы ушундай. Анын Исламдагы өкүмү кандай?

Илманийлик – бул Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка өкүмдөр менен өкүм жүргүзүү. Жашоону динден башка нерсе үстүнө куруу маанисин да билдирет. Кала берсе, бул жахилият-динсиздик түзүмү болуп, ага итикад кылган кимсеге Исламда орун жок. Жахилият белгилүү бир замандагы уммат эмес. Балким, Аллах Таалага итаат кылуудан, Анын бекем шариятында жана сиротул мустакиминде болуудан чыгып, жетекчилерге жана нафс шариятына итаат кылган ар бир урпак муунга тийиштүү.

Табароний «Муъжамул Кабир»де Ибн Аббас Gдан риваят кылат, Расулуллах ﷺ айтты:

«أَبْغَضُ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ مُبْتَغٍ فِي الْإِسْلَامِ سُنَّةَ الْجَاهِلِيَّةِ»

«Аллахка эң жакпаган кимсе – Исламдан жахилият мыйзамын издеген кимсе». Расулуллах ﷺ жахилият Аллах түшүрбөгөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөгөн ар бир кимсеге таандык сыпат экенин, ал Исламдан мурунку заманга гана таандык эместигин баян кылууда. Анткени, мусулман Аллах Субханахуга жана Расулу ﷺга турмуштун бардык иштеринде толук итаат кылууга буйрулган. Имам муфассир Ибн Касир ] Аллах Тааланын:

﴿فَلاَ وَرَبِّكَ لاَ يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ﴾

«Жок, Роббиңе ант, алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча эч качан момун боло алышпайт»                                                          [4:65]

деген аятын минтип тафсир кылган: «Аллах Таала киши бардык иштеринде Расулуллахты аким кылмайынча момун боло албастыгын, анткени, ал өкүм кылган нерсеге тышта да, ичте да моюн сунуу зарыл болгон акыйкат экенин Өзүнүн ыйык улуу Ысымына ант ичип айтууда. Ошондуктан кийин:

﴿ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجاً مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيماً﴾

«… кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт»                                                            [4:65]

деди. Т.а. качан алар сени ички иштеринде өкүм чыгаруучу кылышса, сен чыгарган өкүмдө эч кандай мүчүлүштүк көрүшпөйт жана ага тышта да, ичте да моюн сунуп, баш тартпастан, тартышуусуз толук моюн сунушат».

Айрымдар илманийлик Исламга тескери эмес деп күмөн жаратууда. Аларга айтабыз: илманийлик куфр жана жахилият түзүмү болгон соң, мына ушунун өзү демократиялык илманийлик Аллахтын барлыгын четке какпайт жана ибадат ырасымдарын аткарууга тыюу салбайт деген шылтоону жалганга чыгарат. Айрымдар минтип айтышат: «Кээ бир илманийлер эки шахадатты айтышат, намаз окуп, орозо кармап, ажылык кылышат, кантип аларды динсизге чыгаруу мүмкүн?!». Бул сөздү айтып жаткандар – алар жөнүндө туура күмөндө болсок – Ислам акыйдасынын маңызын да, ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллахтын маңызын да, илманийликтин тарыхын да түшүнүшпөйт. Ислам даъватынын тарыхы жана бул тарыхтагы жалганга каршы күрөш бул күмөнгө чекит койгон кескин жооп болот. Ушул орунда бул суроолорду ортого салабыз: илманийликтин тарапкерлери биз ибадаттарга уруксат бергенбиз деп Аллахка милдет кылышат, анда, Расулуллах ﷺ жана сахабаи кирамдар – жахилияттагылар тил учунда гана «ла илаха иллаллах» деп, ибадат кылышы үчүн гана жыйырма үч жыл тынымсыз машакаттарды, согуштарды, жихаддарды башынан өткөрүшкөнбү, ошондуктан, Куръани Каримде ушунча жыл маъруфка буйруп, мункардан кайтарган аяттар түшкөнбү?! Курайштын «Эй Мухаммад, сен биздин кудайыбызга бир жыл ибадат кыл, биз сенин кудайыңа бир жыл ибадат кылалы» деген сөзү менен илманийлердин «Биз мечитте Аллахка ибадат кылабыз, бийликте жана парламентте болсо, Аллахтан башкасына итаат кылабыз» деген сөздөрү ортосунда айырма барбы?!

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ادْخُلُوا فِي السِّلْمِ كَافَّةً﴾

«Эй момундар, толук абалда Исламга киргиле!»                                                      [2:208]

Бул аяттагы في السلم (Ислам) сөзү Исламдын бардык түзүмдөрү жана өкүмдөрү болуп эсептелет. Сөзүбүздүн акырында ушуну калыс айтабыз, илманийлик – демократия сыяктуу куфр, аны колдонуу же ага даъват кылуу да куфр.

Роя гезити, №267, 2020жыл, 1-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here