Помпео Өзбекстандагы диний аалымдар менен жолугушту

430
0

Помпео Өзбекстандагы диний аалымдар менен жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Өзбекстандагы диний аалымдар менен жолугушту. Жолугушууда АКШ мамлекеттик катчысы Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан реформалар жөнүндө сөз кылды. Бул тууралуу “Sputnik” Өзбекстан кабарлады. 

Помпео твитер баракчасында: “Өзбекстандагы диний жетекчилер менен жолугуштук. Жолугушууда ишке ашырылып жаткан реформалар Өзбекстан канткенде дагы да көбүрөөк диний эркиндикке кызмат  кылышы жөнүндө сөз болду. Диний тармакта Өзбекстан өкмөтүнүн утуштары көп болду. Мен бул жаатта Өзбекстан жаңы ийгиликтерге жетишүүсүн ынтызардык менен күтүп жатам”, – деп жазган.

 Белгилүү болгондой, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 2-февраль күнү Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын алкагында Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр болору кабарланган. Тараптар 2018-жылдын май айында Өзбекстан-Америка саммитинин алкагында кол коюлган келишимдердин ишке ашуусун талкуулап, эл аралык маанилүү маселелер боюнча пикир алмашат.

 Комментарий: 2010-жылдын башында АКШ президенти Барак Обама конгрессте сүйлөгөн сөзүндө: “Биз эми исламий өлкөлөрдө өз аскерлерибиздин жанын коркунучка дуушар кылбайбыз. Эми исламий өлкөлөр өз мамлекетиндеги “терроризм”жана “экстремизм”ге каршы о.э. алардын алдын алуу үчүн өздөрү аракеттенишет. Биз бул иште аларга жардам берип турабыз”, – деген маанидеги жаңы стратегиясын жарыялаган.

 Буга чейин Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүндө негизинен күчкө таянып келген Америка жаңы стратегиясында мусулмандарды адаштыруучу жолду карманды. Жаңы стратегия “мээлүүн ислам” долбоору болуп, мындан көздөлгөн максат мусулмандарды экиге– “муътадил” жана “радикал”дарга бөлүүдөн турат. Бул нерсе куфрга Ислам тонун кийгизүү болуп эсептелет.  Мында ал “балтанын сабын өзүнөн чыгаруу”га көңүл буруп, Америка сызган сызык менен жүрүүгө ыраазы болгон имамдарга кеңири шарт түзүп берүү, ал эми, дүйнө матасы үчүн акыретин күйгүзүүнү каалабагандарды камакка алуу, куугунтуктоо, керек болсо өлтүрүү жолун карманды…

 Өзбекстан канкору Каримов Ислам жана мусулмандарга каршы дээрлик 30 жыл бою жүргүзгөн ырайымсыз саясат кафирлер көздөгөндөй натыйжа бербеди. Ал мусулмандарга каршы душмандык менен күрөшкөнүнө карабастан, мусулмандардын дилинен Исламды сууруп таштай албады (Каримовдун сырдуу өлүмүнөн кийин өткөрүлгөн Куран жарышына миңдеген хафизи курандардын катышуусу буга далил). Каримов өлгөндөн кийин бийликке келген Мирзиёев өзүн дүйнөлүк коомчулукка реформатор кылып көрсөттү жана диний тармакта да бир топ реформаларды ишке ашыргандай болуп көрүнүүгө аракет кылып келет. Негизи, анын бул реформалары да дүйнөлүк куфр системасы сунуштап жаткан “мээлүүн” исламчыларды калыптандырууга каратылган болуп, бул жолдо Өзбекстандын коопсуздук кызматынын көзөмөлүндөгү имам жана диний жетекчилерден пайдаланууда.

 Бүгүнкү күндө Ислам аалымдарынын, анын ичинде, Өзбекстандагы имамдардын да алдында эки жол турат. Биринчи жол, куфр сызып берген долбоор менен иш алып барып, куфрга Ислам тонун кийгизүү, Исламды демократияга ылайыкташтырып берүү. Ал эми экинчиси, пайгамбарлардын чыныгы мураскорлору сыпатына ээ болуп, адамдарга Исламды жеткирүү. Биринчи жолдо куфр аларга бул дүйнө маталарын  убада кылууда. А бирок, бул иштин аягы өкүнүчтүү болуп, акыретте жан чыдагыс азап күтүп турат. Экинчисинде болсо, алар түрдүү сыноо жана кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. А бирок, мунун акыбети дүйнө жана акырет азиздигине ээ болуу. Кайсы бирин тандоо аалымдардын ыктыярында!

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here