АКШ Борбор Азияга кадам таштады

304
0

АКШ Борбор Азияга кадам таштады

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбор Азияга жана Чыгыш Европага жасаган беш күндүк сапарынын акыркы күнүндө Ташкентке барды. Бул тууралуу “Са Ньюс” агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Помпеонун Ташкенттеги сапарынын алкагында «С5+1» (Борбор Азиянын беш мамлекети+АКШ) форматындагы жолугушуу болуп өттү. Ошондой эле Помпео Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен эки тараптуу жолугушту. АКШнын мамлекеттик катчысы өз сөзүндө АКШ Борбор Азияга карата жаңы стратегиясын иштеп жатканын белгиледи.
Помпео буга чейин Казакстанда болуп, президент Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан. Ал өз сапарында мурдагы советтик республикаларды Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына жасалган мамиледен улам Кытайга басым көрсөтүүгө чакырды. О.э Казакстандын бийлигин Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген улуттук азчылыктарга башпаанек берүүгө чакырды.
Помпео Казакстанда «чыныгы реформалар» жүрүп жатканын айтып, Вашингтон бул өлкөдөгү өзгөрүүлөргө көмөктөшүүнү көздөй турганын билдирди. Ал Өзбекстандагы реформаларды да колдой турганын айтып өттү. Негизи, мамкатчы АКШнын колонизаторлук саясатына жол ачуу үчүн жок эле реформаны мактап жатат. Түпкүлүгүндө, бул сөздөрү менен АКШнын Борбор Азиядагы саясатында Казакстан менен Өзбекстан зор мааниге ээ экенин каңкууламакчы. Анткени, колонизаторлук табиятына ылайык, ресурска бай мамлекет маанилүү эсептелет.
Саясий жагын алып карасак, Өзбекстандын үстүнөн таасир талашуу күрөшү бүгүнкү күндө Америка менен Россиянын ортосунда уланууда. Россия Өзбекстанды ЕАЭБге кошуу үчүн саясий жана экономикалык басым өткөрүп жаткан болсо, өзбек бийлиги Россияга ачык жооп берүүдөн карманып, мүчө болуунун акысына аткаруу кыйын болгон талаптарды коюуда. Акыры Мирзиёев Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу болуп кирерин айтууга мажбур болду. Бирок, мүчө болбой турганын билдирип АКШны да ыраазы кылууга жетишти. АКШ болсо Өзбекстанга ар түрдүү экономикалык жардамдарды берүү жана ал жардамдын көлөмүн жылдан-жылга көбөйтүп баруу менен таасирин жаюуда. Мындан тышкары, Өзбекстан АКШнын талибан менен болгон маселесин чечүүдө да ортомчулук ролду аткарууда. Муну Өзбекстан ТИМи өз сөзүндө белгилеп өттү.
Ал эми Казакстан аскерий жана саясий жактан Орусияга бекем байланып тургандыктан, АКШ Казакстанды инвестициялары менен кызыктырууда. Ошондуктан да, билдирүүлөрү Кытайга каршы турууга багытталды. Себеби, Кытай да акыркы жылдары региондо негизги инвестор катары стратегиялык саясатын алып барууда.
«С5+1» форматына келсек, бул бирикме азырынча активдүү иш алып барбаса да АКШнын келчектеги кадамдарына фундамент болуп берет. Ошондой эле АКШнын Борбор Азиядагы ордун чагылдырып турат.
Жыйынтыктап айтканда, Помпеонун сапары Казакстанда Кытайдын агрессиясына каршы турууга багытталса, Өзбекстан аркылуу талибан менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнү көздөйт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here