Бишкекте ЕАЭБдеги маселелер талкууланат

305
0

Бишкекте ЕАЭБдеги маселелер талкууланат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен 4-февралда Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Бишкекке келет. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Мясниковичтин президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушууларқ пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды алып коюу жана чектөөлөрдү четтетүү маселелерди талкуулоо пландалууда.

Буга чейин Алматы шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары биримдиктеги чектөөлөр менен тоскоолдуктарды жоюу маселесин талкуулашкан эле. Жыйында эркин соода жүгүртүүгө чектөөлөр менен тоскоолдуктарды алып салуу маселесинде Кыргызстандын, Беларустун жана Армениянын позициялары окшош чыккан. Ал эми казак өкмөтү Казакстандын аймагына товарларды аткезчилик менен алып кирген учурлар катталгандыктан экспорттук көзөмөл чарасы киргизилгенин билдирген.

Орусия баштаган ЕАЭБ уюму түптөлгөндөн бери эле кайчы пикирлер улам курчуп барууда. Буга Орусия менен Казакстандын башка мүчө өлкөлөрдөн кирген товарларга ар кандай шылтоолор менен чек коюусу негиз болуп жатат. Натыйжада, алсыз өлкөлөрдүн 180 млн калк менен соода кылуу үмүтү өчүп, бул уюм Орусиянын гана пайдасы үчүн түзүлгөнү ачыкталып барууда. Муну өткөн жылдагы отчеттор да даана көрсөтүп турат. Ага ылайык, биримдиктеги мамлекеттердин ичинен Орусиянын гана оң сальдосу 11.2 млрд. долларга барабар болгон.

Буга кошумча, Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн кире турган автоунаалардан алынуучу салык да жылына жараша эселеп көтөрүлдү. Буга окшогон көйгөйлөр ансыз да алсыз өкмөттүн шайын оодарып жатат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here