Хизб-ут-Тахрир Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү «Константинополь фатхы» деген конференцияда сүйлөгөн сөзү

377
0

Хизб-ут-Тахрир Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү «Константинополь фатхы» деген конференцияда сүйлөгөн сөзү

Жаратуу ишинде мактоого татыктуу, кошуундары үстөм, мартабада улуу, зордукчулдарды кыйратуучу, текеберлерди кордоочу жана бир аздан кийин болсо да, момундарга жардам берүүчү Аллахка мактоолор болсун…

Ааламдарга рахмат болуп жиберилген, мужахиддер имамы, баштапкы жана акыркылар саййиди болгон Пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына, Кыяматка чейин аны ээрчигендерге Аллахтын саламы болсун…

Урматтуу коноктор, силерге Аллахтын саламы, рахматы ана берекеси болсун…

Биз хабибибиз Мухаммад ﷺ:

«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»

«Албетте, Константинополь фатх кылынат, анын амири кандай гана жакшы амир жана анын кошууну кандай гана жакшы кошуун», деп айткан башаратындагы Константинополь фатхын эскерүүнү кайра жандантып жатабыз, максат – адамдардын ынтаасын жана рижалдарды ойготуу. Өзгөчө, Исламий Халифалык мамлекетинде азиз жана үстөм болгондон кийин, бүгүн мусулмандар түш болгон кордук абалына тынчсызданып, кайгырып жаткан рижалдарды ойготуу. Анткени, Халифалык мамлекети динди коргоду, Ислам жана мусулмандардын кол тийгистигин сактады, бардык калктарга адилетти жана рахматты жайды о.э. адамдарды куфр жана ширк зулумунан Исламдын жаркын нуруна алып чыгууга аракет кылды. Ал эми, Халифалык кулаганда мусулман өлкөлөрү бөлүнүп кетти. Мурда башкарууда, саясатта, экономикада жана башка тармактарда Аллахтын китеби, Расулунун сүннөтү, ижма жана кыяс негиз болсо, эми, өлкөлөр илманий капиталисттик түзүмдөр менен башкарыла турган болду. Рувайбиза акимдер доорунда колонизатор кафир мусулмандардын тагдырын чече турган кожоюнга айланды. Себеби, рувайбиза акимдер Умматтын жана мусулман өлкөлөрүнүн ишин кафир колонизаторго толук тапшырып коюшту. Натыйжада, азиз жана үстөм болушкан мусулмандар кордолгон жана оор абалга түшүп калышты.

Биз Пайгамбарыбыз ﷺ жана андан кийинки халифалар доорундагы абалга кайтышыбыз үчүн Ислам негизиндеги салтанатыбызды кайра тикелешибиз жана ла илаха иллАллах Мухаммадур Расулуллах байрагы астында өлкөлөрүбүздү бириктиришибиз керек. Ислам колонизатор тургузган улуттук мамлекетчелерде колдонулбайт. Мусулмандардын шаръий мамлекети мекенчилдик, улутчулук же башкача эмес, Халифалык мамлекети гана. Абал Исламды бул мамлекетчелерде толук колдонуп болбостугун көрсөтүп турат. Айрым исламий кыймылдар муну тажрыйбада өткөрүштү, бирок, ийгиликсиздикке учурашты. Себеби, бул жол Пайгамбарыбыз ﷺдын Ислам салтанатын тикелөөдөгү тарыйкатына тескери.

Исламий Халифалык мамлекетин тикелөө тарыйкаты бир нече эмес, балким, жалгыз гана. Ал да болсо, Пайгамбарыбыз ﷺдын Мадинаи Мунавварада биринчи мамлекетти тикелөөдө баскан тарыйкаты. Ал зат анык белгиленген баскычтарды басып өттү жана ушул фарзды тикелөө үчүн мусулмандар башка жолдордон пайдаланса болот дебеди. Ошондуктан, Хизб-ут-Тахрир түзүлгөн биринчи күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин ушул тарыйкатты бекем карманып келет. Абал жана шарттар канчалык өзгөрбөсүн, бул тарыйкаттан кымындай чыкпады. Хизб Уммат менен биргеликте Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо максаты жеткичекти ушул тарыйкатта бекем туруп аракет кылууда.

Албетте, Хизб-ут-Тахрир хабибибиз Мухаммад ﷺ Аллахтын фазилети менен ушул баскычтарды толук басып өттү. Бүгүн ал үчүнчү баскычтын аягында турат. Ал да болсо, Халифалык коомдук пикирге айлангандан кийин, күч-кубат ээлери аркылуу башкарууну колго алуу. Уммат бүгүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын тикеленүү таңын күтүүдө.

Биз ушул минбардан туруп, бардык мусулмандарды, өзгөчө, уламаларды жана исламий даъват майданында аракет кылып жаткан кишилерди бизге жардам берүүгө чакырабыз. Күч-кубат ээлери Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу гана боло турган исламий жашоону кайрадан баштоого бүткүл Уммат бел байлаганын көрсүн.

О.э. ушул өлкөдөгү күч-кубат ээлеринен Умматты колонизатор кафирге көз каранды болуудан куткарууда Хизб-ут-Тахрирге жардам берүүнү сурайбыз. Ошондо Аллах ансарлардан ыраазы болгондой, алардан да ыраазы болот. Ансарлар Расулуллах ﷺга байъат кылып, нусрат беришкен. Расулуллах ﷺ алардын жардамында бүткүл адамзаттын бактылуу болушуна себеп болгон биринчи Ислам мамлекетин тикеледи. Аллах Таала айтат:

﴿وَالسَّابِقُونَ الْأَوَّلُونَ مِنَ الْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ وَالَّذِينَ اتَّبَعُوهُمْ بِإِحْسَانٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي تَحْتَهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَداً ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ﴾

«Мухажир жана ансарлардын алдыңкылары жана аларды жакшы иштер менен ээрчигендер – алардан Аллах ыраазы болду жана алар Андан ыраазы болушту. Дагы алар үчүн астынан дайралар агып турган, алар түбөлүк кала турган бейиштерди даярдап койду. Мына ушул улуу бакыт»                                                                                                                         [9:100]

Биз силерди бул дүйнөдөгү азиздикке жана Акыреттеги сыйлыкка чакырабыз. Мүмкүн, Аллах Таала Расулуллах ﷺдын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын тикелениши жөнүндөгү башаратын силер аркылуу жүзөгө чыгарар. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык – исламий жашоону кайрадан баштоонун, мамлекет ичинде Исламды колдонуунун жана Исламды дүйнөгө жаюунун жалгыз жолу. О.э. ал башка башараттарды т.а. мубарек жерден яхудийлерди кууп чыгаруу жана Римду фатх кылуу сыяктуу башараттарды жүзөгө чыгаруунун жалгыз жана шаръий жолу.

﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

«Амал кылуучулар мына ушул үчүн амал кылышсын!»                                             [37:61]

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here