Коркутуу – капиталисттердин мусулмандардын тобокел түшүнүгүнө каршы куралы

351
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Коркутуу – капиталисттердин мусулмандардын тобокел түшүнүгүнө каршы куралы

Жакында болуп өткөн парламенттик шайлоолор мусулмандарды шайлоого катышууга үндөгөн чакырыктар менен өттү. Консервативдик партиянын шайлоодо жеңип чыгышынын ыктымалы болгону үчүн, мусулмандарды либерал партияга добуш берүүгө чакырышты. Чынында, коомдук жашоодо Исламга жана мусулмандарга каршы чабуулдар күчөшүнүн натыйжасында мусулмандар консервативдик партиянын жеңип чыгышынан кооптоно башташкан. Бул чабуулдар текчилдикке негизделген, консервативдик саясатчылар чет элдиктерден эскертиши ушул текчилдикти дагы да күчөтүүдө. Мусулмандарда пайда болгон ушул коркуу чөйрөсү либерал партиянын колундагы куралга айланды. Либерал партия «Биз мусулмандардын укугун коргойбуз» деген нерсеге мусулмандарды ишендирүү о.э. алардын колдоосуна жетишүү үчүн ушул куралдан пайдаланууда.

Бул орунда Батыш мамлекеттериндеги капиталист тайпанын иш-аракети менен мусулман өлкөлөрүндөгү акимдердин аракети ортосундагы окшош жана айырмалуу тараптарды карап чыгуу зарыл. Мусулман өлкөлөрүндөгү акимдерге келсек, алар абалды өзгөртүүгө багытталган ар кандай аракетке – айрыкча, мындай аракет саясий Ислам тарабынан башкарылса – чекит коюу үчүн колонизатор капиталисттик күчтөрдүн жардамында күч колдонууга таянат. Ал эми, Батыш өлкөлөрүндөгү капиталист тайпа мусулмандарды коомдук системага кошулуп сиңип кетүүгө о.э. ошол капиталисттердин жардам суроого мажбур кылуу үчүн коркутууга таянат.

Мунун натыйжасында көрүнүп тургандай, Батыш өлкөлөрүндөгү мусулман коомчулугуна «коркуу аракетти актайт» түшүнүгү өкүмдар болуп калды. Ошондуктан, шайлоого катышпоо оор кыйынчылыкка жана мусулмандардын бул өлкөдөн көчүрүлүп жиберилишине алып келет деген сөздөр айтылууда. О.э. мусулмандардын Батыш коомуна сиңип кетүүнүн негизи катары «зарураттар махзураттарды (тыюу салынган нерселерди) мубах кылат» деген фикхий көз караштар пайда болду. Ал тургай, саясий жараянга катышуу важиб, катышпоо арам жана бул «жакшы ишке буйруп, жаман иштен кайтарууга» кирет дегендер чыкты.

О.э. Аллахтан коркуу исламий акыйдадан болсо да, мечиттердин башкаруусуна жооптуу болгон кишилер мусулмандардын иштерин башкаруу туурасында пикирлеп жатканда ушул түшүнүккө кайдыгер карап жатышат. Көрүнүп тургандай, көпчүлүк мечиттер динди турмуштан бөлүүгө негизделген саясий аракетке өз эшигин ачууда. Ошол эле учурда, исламий акыйдага негизделген саясий аракетке эшиктерин жаап коюуда.

Бул мечиттер Исламий Умматтын азап-кыйынчылыктары жөнүндө сүйлөшөт, бирок, бул азап-кыйынчылыктардын себептери жөнүндө сүйлөшпөйт. Т.а. бул азап-кыйынчылыктардын артында Исламды колдонбогон, капиталисттик колонизатор күчтөргө союздаш болгон жана бул колонизаторлордун Умматка каршы жасаган түрдүү кылмыштарына сүкүт сактап жаткан мусулман акимдери турганын айтышпайт. Ушул мечиттер Умматтын азап-кыйынчылыгы жөнүндө сүйлөбөө «ушул өлкөлөрдөгү мусулмандардын коопсуздугун кепилдейт» деп актанышат.

Адам психологиясын терең үйрөнүү ушуну көрсөтөт, коркуу табигый туйгу болуп, ал бако гарыйзасынын көрүнүштөрүнүн бири. Ошондуктан, адам коркунучту сезсе, бул туйгуну жайгаруу үчүн кандайдыр бир иш-аракеттерге барат. Бирок, коркууну сезүү табигый болсо да, биз башка маанилүү бир нерсени этибардан четте калтырбашыбыз керек. Капиталисттик тайпа капиталисттик түзүмдү сактап калуунун жолу катары адамдар ыктымалдуу акыбеттерден коркушунан пайдаланат. Качан ушул коркуу жоголсо, адамдар капиталисттик түзүмдүн жараксыздыгын жана ал бир гана капиталисттер тайпасына кызмат кыларын түшүнүп жетишет.

Куръанда келген тарыхий окуялардан бизге белгилүү болгондой, бийликке ээ тайпа момундарга каршы курал катары коркутуудан пайдаланышкан. Мисалы, Фиръавн Муса алып келген акыйкатка каршы чыгышы мындай көрүнөт:

﴿وَقَالَ فِرْعَوْنُ ذَرُونِي أَقْتُلْ مُوسَىٰ وَلْيَدْعُ رَبَّهُ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَنْ يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ﴾

«Фиръавн айтты: «Мени жөн койгула, Мусаны өлтүрөмүн. Ал Роббисине дуба кылсынчы, ага нажат берер бекен. Ал силердин диниңерди өзгөртүп жиберишинен же жер жүзүндө бузукулукту көбөйтүүсүнөн коркомун»»                                                                      [40:26]

Коркууну жеңүү маселесинде, биз, мусулман катары акыйдабызга кайрылуубуз керек. Акыйдага кайрылуу туура эмес реакция билдирүүнүн алдын алат. Биз бул дүйнө жана Акыретте жалгыз Аллах гана бизди Өз коргоосуна алат деп ишенүү акыйдабыздын маанилүү маселелеринин бири экенин билишибиз керек. Аллахтан жана Анын буйруктарына күнөөкөр болуунун акыбетинен коркуу керек деп ишенүү да акыйдабыздан. Аллахка жакын болууну жакшы көрүү гарыйзабыздын козголушунун натыйжасында жүзөгө келген коркуудан күчтүү болушу, үстөм турушу зарыл. Аллах Өзүнүн азиз китебинде айтат:

﴿إِنَّمَا ذَٰلِكُمُ الشَّيْطَانُ يُخَوِّفُ أَوْلِيَاءَهُ فَلَا تَخَافُوهُمْ وَخَافُونِ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ﴾

«Албетте ошол шайтандын өзү. Ал силерди өзүнүн досторунан коркутмакчы болот. Демек, эгер момун болсоңор алардан коркпогула, Менден корккула!»                                      [3:175]

Бул түшүнүктүн шархы Расулуллах ﷺ Абдуллах ибн Аббас розияллоху анхуга айткан ушул насаатында келет:

«يَا غُلَامُ إِنِّي أُعَلِّمُكَ كَلِمَاتٍ؛ احْفَظْ اللَّهَ يَحْفَظْكَ، احْفَظْ اللَّهَ تَجِدْهُ تُجَاهَكَ، إِذَا سَأَلْتَ فَاسْأَلْ اللَّه،َ وَإِذَا اسْتَعَنْتَ فَاسْتَعِنْ بِاللَّهِ، وَاعْلَمْ أَنَّ الْأُمَّةَ لَوْ اجْتَمَعَتْ عَلَى أَنْ يَنْفَعُوكَ بِشَيْءٍ لَمْ يَنْفَعُوكَ إِلَّا بِشَيْءٍ قَدْ كَتَبَهُ اللَّهُ لَكَ، وَلَوْ اجْتَمَعُوا عَلَى أَنْ يَضُرُّوكَ بِشَيْءٍ لَمْ يَضُرُّوكَ إِلَّا بِشَيْءٍ قَدْ كَتَبَهُ اللَّهُ عَلَيْكَ، رُفِعَتْ الْأَقْلَامُ وَجَفَّتْ الصُّحُفُ»

«Эй жигит, мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөмүн. Аллахты эсиңде сактасаң, Аллах да сени сактайт. Аллахты эсиңде сактасаң, Аны алдыңдан табасың. Эгер, сурасаң, Аллахтан сура, эгер, жардам сурасаң, Аллахтан жардам сура. Эсиңде болсун, эгер бүткүл адамдар сага бирер пайда келтирүү үстүндө чогулса, Аллах жазган пайданы гана келтиришет. Эгер, сага бирер зыян келтирүү үстүндө чогулушса, Аллах жазган зыянды гана жеткиришет. Калем көтөрүлгөн жана беттер кургаган». (Тирмизий).

Расулуллах ﷺдын Мединада Ислам мамлекетин тикелешинен мурдагы Меккедеги сийратын үйрөнгөн киши, ал бүгүнкү күндө Уммат башынан өткөрүп жаткан коркуу чөйрөсүнө окшогон коркуу чөйрөсүнө дуушар болгонун баамдайт. Аллах Таала бул чөйрөнү минтип сыпаттайт:

﴿وَإِذْ يَمْكُرُ بِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِيُثْبِتُوكَ أَوْ يَقْتُلُوكَ أَوْ يُخْرِجُوكَ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ﴾

«Кафирлер сени колго алуу, же өлтүрүү, же чыгарып жиберүү үчүн сага айла-амал кылгандарын эстегин! Алар айла-амал кылышат, Аллах да «айла-амал» кылат, Аллах «айлакерирээк»»                                                                                                             [8:30]

Ага карабастан, Расулуллах ﷺ аракетин коркпостон улантты. Ал жасакерленбеди, чегинбеди жана «эки зыяндын жеңили» деген нерсени хужжат кылып куфр күчтөрү менен союз түзбөдү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Аллах Өз динин жана пайгамбарын азиз кылды. Бүткүл адамзаттын эң жакшысы болгон Расулуллах ﷺ коомду жана бүткүл дүйнөнү өзгөрттү.

Ушул орунда, коркууга негизделип арамды адал кылып жаткандарга ушул суроону беребиз: Расулуллах ﷺ биз башыбыздан өткөрүп жаткан шарттардан бир нече эсе оор болгон шартка туш келгенине карабастан, мушриктерге жасакерленбегени жана чегинбегени жөнүндө эмне дейсиңер? Расулуллах ﷺдын сийраты жаш балдарды жакшы адеп-ахлактарга үндөө үчүн гана айтылчу кыссага айланып калдыбы?

Биз, мусулмандар, Аллахка тобокел кылуу акыйдабыздын бир бөлүгү экенине ишенишибиз керек. Аллах биздин коргоочубуз, ар кандай абалда биз таяна турган Зат. Ошондуктан, тобокелдеги ак ниеттик – бүткүл этибарды Акырет акыбеттерине каратууну жана дүйнө лаззаттарына берилбөөнү түшүндүрөт. Аллахка тобокел кылуу коом проблемалары алдында биздин позициябызды бекемдейт жана биздин коркуунун курманы болуп калышыбызга жол бербейт. Себеби, биздин амалдарыбызды махлукаттардан коркуу эмес, Жаратуучудан коркуу тартипке салат.

Биз, мусулмандар, илманий капиталисттик түзүмдөн эмес, Аллахтан коопсуздукту үмүт кылышыбыз керек. Ошондуктан, капиталисттик саясий партиялар менен союздаш болуу – зыяны көрүнүп турган түзүм менен союздаш болуу. Биз бул түзүмдүн кемчиликтерин бул өлкөдө да, исламий өлкөлөрдө да ачып ташташыбыз о.э. ал адамзат акылынын натыйжасы болгону үчүн да жараксыз экендигин Умматка көрсөтүп беришибиз керек. Ушуга негизделип, капиталисттик түзүм Сириядагы, Ямандагы, Ливандагы, Ирактагы, Кашмир же мусулмандардын башка өлкөлөрүндөгү проблемаларыбызды чечүүгө жарабайт деп айтууга болот. Ошондуктан, жалгыз чечим пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети колдоно турган Ислам экендигин Умматка көрсөтүп берүү – биздин вазыйпабыз.

Уммат мечит имамдарынан, шейхтерден динибизге каршы чабуулдар каршысында эрдик жана кайрат менен жетекчи болушун күтүүдө. Ушундай болгон соң, динди турмуштан бөлгөн капиталисттик түзүмдүн жараксыздыгын ачыкка чыгарууда жетекчи болуу о.э. Умматка динин толук абалда кармоону үйрөтүүчү мугалим болуу – мечит имамдарынын жана шейхтердин вазыйпасы. Алар бул өлкөлөрдө мусулмандарды Исламга тескери түшүнүктөрдөн коргоого аракет кылуусу зарыл.

Исламий Уммат Аллахка тобокел кылган уммат, бул умматка коркуу жарашпайт.

﴿فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُلْ حَسْبِيَ اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَهُوَ رَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ﴾

«Эгер, алар жүз үйрүшсө, анда айткын: «Мага Аллахтын Өзү жетээрлик! Эч кандай кудай жок, Анын Өзү гана бар! Ага таяндым. Ал улуу арштын ээси»                                    [9:129]

Хизб-ут-Тахрир                                                                               1-жумадул-аввал, 1441-х.

Канада                                                                                                     27-декабрь, 2019-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here