Эй Жанина калкы: өзүңөр тууралуу Аллахтан корккула Адашкан саясатчыларды жана башчыларды деп каныңарды төкпөгүлө!

303
0

Басма сөз баянаты

Эй Жанина калкы: өзүңөр тууралуу Аллахтан корккула

Адашкан саясатчыларды жана башчыларды деп каныңарды төкпөгүлө!

Батыш Дарфур вилаятынын борбору Жанина шаарында эки уруу ортосунда кече жүз берген окуяларда бир нече адам каза болду, дагы бир нечеси жараат алды. Бул окуялар акыркы күндөрдө арзыбаган саясий пайданы колго алуу аракетинин натыйжасында жүз берди. Күнөөсүз кишилердин каны төгүлүшү бул окуяларды уюштургандарды кызыктырбайт. Бул окуя мындай окуялардын биринчиси эмес. Өз акы-укуктарын талап кылып колуна курал алган кишилер бар болгон соң, Суданда улам алмашып жаткан режимдер адамдардын укугун кепилдөө жана алардын иштерин башкаруу үчүн эмес, бийлик жана байлыкты бөлүштүрүү үчүн курал көтөргөндөр менен сүйлөшүп жаткан соң, бул сыяктуу окуялар боло берет. Судандын чыгышында эки ай ичинде жүз берген окуялар биз айтып жактан нерсеге жаркын далил. Дарфур багыты боюнча алып барылып жаткан сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу да далил.

Хизб-ут-Тахрир Судан вилаяты саясатчылар жана куралдуу козголоңчу кыймылдардын жетекчилери аман калып, бейкүнөө катардагы диндештерибиз азап тартып жаткан о.э. тынымсыз келе жаткан ушул окуялардын натыйжасынан эскертип ушуларды баса белгилейт:

Биринчиден: Ислам мусулман кишинин мусулман боордошуна каршы согуш кылышын арам кылган. Ал тургай, бул ишти куфрга теңеген. Расулуллах ﷺ айтат:

«لَا تَرْجِعُوا بَعْدِي كُفَّارًا يَضْرِبُ بَعْضُكُمْ رِقَابَ بَعْضٍ»

«Менден кийин бири-бириңерди өлтүрүп, кафир абалыңарга кайтып кетпегиле». (Муслим).

Экинчиден: Кимде-ким уруучулук байрагы астында согушса, анын өлтүрүшү да, өлүшү да жахилий болот. Пайгамбарыбыз ﷺ андай кишиден баш тарткан. Абу Хурайра риваят кылган хадисте Расулуллах ﷺ айтат:

«مَنْ خَرَجَ مِنَ الطَّاعَةِ، وَفَارَقَ الْجَمَاعَةَ فَمَاتَ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً، وَمَنْ قَاتَلَ تَحْتَ رَايَةٍ عِمِّيَّةٍ يَغْضَبُ لِعَصَبَةٍ، أَوْ يَدْعُو إِلَى عَصَبَةٍ، أَوْ يَنْصُرُ عَصَبَةً، فَقُتِلَ، فَقِتْلَةٌ جَاهِلِيَّةٌ، وَمَنْ خَرَجَ عَلَى أُمَّتِي، يَضْرِبُ بَرَّهَا وَفَاجِرَهَا، وَلَا يَتَحَاشَى مِنْ مُؤْمِنِهَا، وَلَا يَفِي لِذِي عَهْدٍ عَهْدَهُ، فَلَيْسَ مِنِّي وَلَسْتُ مِنْهُ»

«Кимде-ким итаат кылбай, жамаатты бөлүп өлүп кетсе, жахилият өлүмү менен өлүптүр. Кимде-ким өз коумунун тарабын алып, ага жардам берип, адашуу байрагы астында согушса жана өлтүрүлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр. Кимде-ким Умматыма каршы чыгып, айыптуу-айыпсызды айырмалабастан жана момун кишини да четте калтырбай өлтүрсө жана берген убадасына бапаа кылбаса, ал менден эмес жана мен да андан эмесмин». (Муслим).

Үчүнчүдөн: Коопсуздукту сактоо жоопкерчилиги акимдин мойнунда. Себеби, ал башчы жана өзүнүн кол астындагыларга жоопкер. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам башчы жана өзүнүн кол астындагыларга жоопкер». Бирок, мусулмандардын бүгүнкү акимдери башчы эмес, алар коркоктор. Себеби, алар Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөй, колонизатор кафирлерге моюн сунуп жатышат. Жада калса, алар кафирлердин Умматка каршы тил бириктирүүлөрүн аткарып жатышат. О.э. алар башкарууну өз ара бөлүп ала турган таттуу деп эсептешүүдө, башкаруу аманат жана жоопкерчилик экенин унутушууда. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«إِنَّهَا أَمَانَةُ، وَإِنَّهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ خِزْيٌ وَنَدَامَةٌ، إِلَّا مَنْ أَخَذَهَا بِحَقِّهَا، وَأَدَّى الَّذِي عَلَيْهِ فِيهَا»

«Ал аманат, кыяматта болсо шерменделик жана өкүнүч. Бул туурасында адилет кылган жана өз милдетин аткарган киши гана мындан сырткары».

Эй Жанинадагы калкыбыз! Өзүңөр тууралуу Аллахтан корккула, адашкан саясатчыларды жана башчыларды деп каныңарды төкпөгүлө. Ушуну билип койгула, нажат Исламда гана, жакшы жашоо Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде болот. Ошондой болгон соң, ушундай мамлекетти тикелөө үчүн аракет алып барып жаткандар менен бирге болгула. Ошондо бул дүйнө жана Акырет сыйлыгына жетишесиңер. Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгүнүн ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар» [8:24]

Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here