Мирзиёев: Өзбекстан ЕАЭБге кошулбайт
Өзбекстан Евразиялык экономикалык биримдигине кошулбайт. Байкоочу дегени мүчө эмес. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Алий Межлисинде жаңы өкмөттүн биринчи отурумунда билдирди.
Ал Өзбекстанда АКШ бөлгөн 2 млрд долларга жер-жемиштерди жана мөмө-жемиштерди өндүрүү процесси башталганын айтып, аны Европага экспорттоо үчүн бир стандартка салуу керектигин кошумчалады.
Мирзиёев Өзбекстан байкоочу катары уюмдун оң-терс жактарын карай турганын кошумчалады. Буга чейин Орусиянын эл аралык маселелер боюнча Кеңеш комитетинин төрагасынын орун басары Фарит Мухаметшин Өзбекстандын ЕАЭБде байкоочу болуу статусу 2020-жылы чечилерин билдирген.
Мындан белгилүү болгондой, Өзбекстан акыркы учурда Батыш менен Орусиянын таасир талашуу майданына айланып барууда. Орусия чек ара, миграция маселесин шылтоо кылып ЕАЭБге киргизүү үчүн басым өткөрүп келет. АКШ Өзбекстанга ар кандай экономикалык, техникалык көмөк көрсөтүү жана “С5+1” биримдиги, “Афганистан” маселесин шылтоо кылуу аркылуу таасирин жаюуга аракет кылууда. Эгер Өзбекстан Батышка ооп кетсе, Россия тополоңдор уюштуруу коркунучу бар. Ал эми Орусияга толук моюн сунуп берсе, Батыш колдоосунан кур жалак калат. Ошондуктан, эки “дөөнүн” ортосунда эптеп бир арга табууга мухтаж. Ушундан улам, Мирзиёев ЕАЭБге каршы сүйлөмүш этип, ага кирүүнү кечеңдетүү менен Батыштын көңүлүн алмакчы. Ощол эле учурда, Россияны тынчтандыруу үчүн, бул уюмга байкоочу катары кошулганы турат.
Мумтаз Маверанахрий