Мирзиёев: “Шамалы жетип келүүдө, шамалы”

284
0

Мирзиёев: “Шамалы жетип келүүдө, шамалы

Ташкент шаарында Өзбекстан республикасы Олий Мажлиси Сенатынын биринчи отуруму болуп өттү. Анда сөз сүйлөгөн президент Шавкат Мирзиёев премьер-министрдин ыйгарым укуктарына о.э. алдыда турган милдеттерге токтолуп өттү. 

 “Аткаруу бийлигинин ишин премьер-министр өзү аткарышы керек. Президенттин болсо өз иши бар. Мамлекеттик иштер. Тышкы саясат өтө оор, эл аралык мамилелер татаалдашып барууда. 

Жакынкы Чыгыштагы окуялар бизге таасирин тийгизбейт деп ойлойсуңарбы? Шамалы жетип келүүдө, шамалы! Чек араларыбызда коркунуч күчөп барууда.

Биз Афганистан аскеринен биз жактагы чек араларды тазалап беришин сурандык. Алар да өз ара кызматташтык келишимдери боюнча кандайдыр аскерий операцияларды өткөргөндөй болушту, а бирок, муну менен коопсуздук камсыздалып калбайт. Биз өзүбүз коопсуздукту камсыздашыбыз керек. Биз жер алдында жаткан жылан кыймылдаса билебиз. Коркунуч жок эмес, абал оор экендигин жакшы түшүнүп турабыз”, – деди Мирзиёев.

 Комментарий: Россия президенти Путин о.э. Россиянын атайын кызматтары жана россиялык аскерий эксперттер тарабынан тынымсыз көбүртүп көрсөтүлүп жаткан Афганистан коркунучу Мирзиёевге да таасирин тийгизип, ал да ошол “коркунуч”  жөнүндө тез-тез сөз кыла турган болуп калды.

2018-жылдын сентябрь айында Душанбе шаарында болуп өткөн КМШ мамлекет башчылары кеңешинин  жыйынында да Мирзиёев ошол “коркунуч” тууралуу сөз кылып: “Бүгүнкү күндө алардын Жакынкы Чыгыштан Афганистанга, КМШ чек араларына жакын жерлерге көчүп өтүү тенденциясы күчөп жатат. Мамлекеттерибиз терроризм коркунучун өз убагында жана натыйжалуу кайтаруу үчүн өз ара келишилген, алдын ала сокку берүүгө каратылган аракеттерге даяр турушу керек”, – деген эле.

Мирзиёев жана Борбор Азиядагы башка республикалардын жетекчилери Россиянын басымы астында, жалган коркунучтарга ишенүүгө мажбурланышууда. Россия алардын ар бирине, ар тараптагы болгон мүмкүнчүлүктөрү менен басым өткөрүүдө.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here