Орус өкмөтү отставкага кетти

314
0

Орус өкмөтү отставкага кетти

Россиянын өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу РФ премьер-министри Дмитрий Медведев президент Владимир Путин менен жолугушуу учурунда билдирди.

Медведев өкмөтүнүн отставкасы президент Путиндин Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунан бир нече сааттан кийин жарыяланды.

Путин кайрылуусунда  конституцияга өзгөртүүлөр киргизүүнү сунуштады. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттеги саясий түзүмдө кескин өзгөртүп жибериши айтылууда.

Путин Медведевге Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орунбасарлыгы кызматын сунуштады.

Путин 15-январь күнү Федерация Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө “1993-жылы кабыл алынган конституция өзгөртүлүшү керек” деген пикирди билдирди. Анда айрыкча, президент министрлерди о.э. премьер-министрди дайындоо укугун Россия парламентинин төмөнкү палатасы болгон Мамлекеттик Думага берилиши керектигин айтты. Учурда аларды президент дайындайт.

А бирок, ошол эле учурда Путин Россия “күчтүү президенттик республика” бойдон калышы керектигин айтты. Анын айтымында, премьер-министрди, коргоо министри коопсуздук кызматынын жетекчисин дайындоо укугу президентте калышы керек.


Сереп: Путиндин жылдык кайрылуу учурунда күтүүсүздөн бир нече өзгөрүүлөр жөнүндө айтканы бардык саясатчы жана эксперттердин башын катырды.

Алардын ушул божомолу гана туура болду: “Путин 2024-жылы күтүлүп жаткан президенттик шайлоодон кийин да бийликте калуу үчүн стратегиялык аракетин баштады”.

Путин да,  КМШдагы башка мамлекет башчылары сыяктуу эле, калктын колдоосунан ажырап, жарандардын жек көрүүсүнө дуушар болууда. Ал да Назарбаев сыяктуу, президенттикти тапшырып коюп, бийлик тизгинин өз колунда же таасири астында кармап калуу үчүн аракет кылат. Бир катар реформаларды ишке ашыргандай болуп көрүнүү менен жарандардын режимге карата үмүтүн ойготмокчу болот.

Бирок, Россиянын учурдагы саясий жана экономикалык абалын эсепке алганда, муну ишке ашыруу оңой болбойт.

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here