Лавров: Россия экономикада доллардан баскычма-баскыч баш тартарын айтты
Москва Американын алдын ала божомолдоо мүмкүн болбогон экономикалык саясатына жооп иретинде доллар менен эсеп-кысап кылуудан баш тартууну карап чыгууда. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Times of India” басылмасына интервью берип жатып билдирди.
“АКШ администрациясы санкциялык басымдардын финансылык инструменттерин дагы да күчөтүп ишке салып жатканда Россия экономикадан долларды баскычма-баскыч чыгаруу аракетин улантууда. Ошол эле учурда, биз негизги шериктештерибиз, анын катарында, Индия менен биргеликте эки тараптуу соода-инвестициялык алакалардын өнүгүшүнө карата коюлган чектөөлөрдүн терс таасирин азайткан экономикалык жана укуктук механизмдер үстүндө иштеп жатабыз”, – деди Лавров.
Лавров баса белгилегендей, мындай иш-аракеттердин негизги багыттарынын бири – улуттук валюталарда эсеп-кысап жүргүзүү жана долларга байлануудан баш тартуу. О.э. ал былтыркы жылдын ортолорунда Кытай жана Түркия менен эсеп-кысаптар жана төлөмдөр жөнүндө келишимдер түзүлгөнүн жана БРИКС саммитинде болсо, тараптар өзүлөрүнүн борбордук банктарында тийиштүү өкүлдүк эсептерди ачуу туурасында келишишкенин эске салды.
Лавров Москва менен Дели инвестицияларды өз ара коргоо боюнча жаңы келишимди даярдоо иштерин улантып жатканын кошумчалады.
Белгилүү болгондой,1971-жылы АКШ президенти Никсон Бреттон-Вудс келишими жокко чыгарылгандыгын о.э. алтын менен доллар ортосундагы байланыш жокко чыгарылганын жарыя кылган. Ошондон баштап алтындын акча менен байланышы үзүлүп, алтын да башка товарлар сыяктуу эле бир товарга айланып калды. Американын мындан көздөгөн максаты долларды дүйнөдөгү негизги акчага айландырып, эл аралык каржы базарын көзөмөлгө алуу болчу. Ошондон бери дүйнө жүзүндөгү бардык мажбурий кагаз акчалар АКШ долларына байланып, мамлекеттердин акчаларынын баасы жана айырбаштоо кыйматы долларга карай белгилене турган болду. Америка каалаган убакта доллардын курсун көтөрү же түшүрүү аркылуу калган мамлекеттердин ички каржы базарларын изден чыгаруу менен экономикалык басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Америка доллары мунайдын баасын белгилей турган жана эл аралык төлөмдөр жүргүзүлө турган валютага айланды…
Россия, Кытай, Европа Союзу, Индия сыяктуу мамлекеттер доллардан баш тартуу, өз ара соодада улуттук валюталарга өтүү боюнча канчалык олуттуу билдирүүлөрдү бергени менен муну ишке ашыра алышпайт. Себеби, алар өз ара соодада улуттук валюталардан пайдаланышына карабастан, алардын ортосундагы курсту белгилөөчү нерсе кайра эле доллар бойдон кала берет.
Дүйнөнү капиталисттик түзүмдүн зулумунан, каржылык кризис жана Америка долларынан куткаруунун бир гана жолу бар. Ал жол – Ислам шарияты шаръий акча кылып белгилеген алтын жана күмүш түзүмүнө кайтуу. Алтын жана күмүштү мамиледе жүрө турган, товарлар сатыла турган, айлык маяналар белгилене турган валюта жана акча запасы кылып коюудан турат. Бул нерсе Исламий Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө аркылуу гана ишке ашат.
Абдурахман Адилов