Халифа Хафтар менен Фаиз Сарраж Москвада жолугушат

563
0

Халифа Хафтар менен Фаиз Сарраж Москвада жолугушат

Ливиянын Улуттук армиясынын жетекчиси маршал Халифа Хафтар Москвага келди. Хафтар Россиянын борборунда Ливия Улуттук ынтымак өкмөтүнүн башчысы Фаиз Сарраж менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги кабарлады.

Сарраж болсо Москвага 13-январда келет.

11-январда Россия жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Таййип Эрдоган Ливиядагы каршылашып жаткан тараптарды 12-январдан баштап ок атууну токтотууга о.э. тезинен сүйлөшүүлөр столуна отурууга чакырган. Хафтар бул демилгени колдогон, бирок Триполиге жүрүштү улантарын айткан. Сарраж да Хафтар армиясы артка кайтарылуусу талабы менен жарашууну колдогон. Ошондон кийин 12-январга караган түнү согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу эки тараптуу чечим кабыл алынган.  

 Комментарий: Ливияда АКШ менен Англия ортосунда уланып жаткан таасир талашуу күрөшүндө Америка негизинен аскерий кубатка көңүл буруп келди. Себеби, Каззофий доорунда таасирге ээ болгон саясий элита Англияга малай болчу. Ошол себептен улам, Америка өзүнө ишенимдүү болгон Хафтарды күч топтошу жана Ливиядагы башка топторду моюн сундурушу, жок дегенде каршылык көрсөтпөй турган абалга алып келиши үчүн курал-жарак жана башка нерселер менен ачык  жана тымызын түрдө колдоп келди. Хафтар Америка каалагандай күчкө ээ болгонго чейин Англия жана Европа мамлекеттери тарабынан сунушталган ар кандай саясий сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырып келди. Хафтар АКШнын колдоосу менен Ливияда жетиштүү күч топтогон соң, Америка ал жерде да Россия менен Түркияны ишке салып, алардын жардамында эки атаандаш ортосунда сүйлөшүүлөр жанданышына жашыл чырак жагып берди. Американын көздөгөн максаты Англия жана Франциянын ал жердеги таасирлерин алсыратуу жана сүрүп чыгаруу.

 Өкүнүчтүүсү, исламий өлкөлөрдүн жана мусулмандардын тагдырын колонизатор куфр мамлекеттери чечүүдө. Мусулмандардан турган жергиликтүү топтордун бардыгы ал, же бул тарапта согушуп, колонизаторлордун малайларынын пайдасы үчүн бири-бирин өлтүрүп жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here