Куала-Лумпур саммити ийгиликсиздикке учураган мурдагы миңдеген саммиттердей эле ийгиликсиздикке учурайт

371
0

Куала-Лумпур саммити ийгиликсиздикке учураган мурдагы миңдеген саммиттердей эле ийгиликсиздикке учурайт

Бейшемби күнү Малайзия борбору Куала-Лумпурда Ислам саммити башталды. Малайзия премьер министри Мохатхир Мухаммад Ислам дүйнөсү туш келип жаткан проблемаларды чечүү үчүн жаңы стратегияларды талкуулоо максатында ушул саммитти өткөрүүдө. Саммитке 18 мамлекеттен келген расмий өкүлдөр о.э. 150 улама жана муфаккирлер катышты.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрирдин Малайзиядагы расмий сүйлөөчүсү устаз Абдулхаким Усман басма сөз билдирүүсүн берип ушуларды баса белгиледи:

«Бул саммит мурун Малайзияда жана башка жерлерде өткөрүлгөн миңдеген саммиттердин ийгиликсиздигинин жаркын тастыгы. Бирок, муну ушул саммиттин уюштуруучулары да, делегаттары да түшүнүшпөдү. Уммат болжол менен бир кылымдан бери, Усманий Халифалык кулагандан тартып коргой турган калкансыз өтө көптөгөн азап-кыйынчылыктарды башынан өткүрүп келүүдө. Уммат колонизатор кожоюндарынан алган түзүмдөрдү аткарып жаткан, өкүм жүргүзүүдө Куръан жана Сүннөткө көз жумган диктатор жана илманий акимдер доорунда жашап жатат. Негизи, Уммат тушуккан бардык проблемалардын түпкү себепчилери – мына ушул акимдер. Бирок, ага карабастан, бул акимдер Уммат проблемаларын чечүү үчүн чогулушканын дүйнөгө жар салышууда!».

Билдирүү соңунда ушулар баса белгиленди: «Уммат мындай курулай сүйлөшүүлөрдөн жана токтомдордон тажады, алардын «чечимдерине» муктаж да эмес, аларды угууну да каалашпайт. Тескерисинче, Уммат бул абалдан чыгуу жолун издөөдө, шек-күмөнсүз, Уммат бул жолду ушул сыяктуу саммиттерден да, мындан мурдагы миңдеген саммиттерден да таба албайт. Умматты Аллах Субханаху ва Таалага жана Расулуна кыянаттык кылган акимдер азат кылбайт. Азаттыктын жалгыз жолу – өлкөбүздө кайрадан Куръан жана Сүннөт негизиндө өкүм жүргүзүү. Бул болсо, рошид Халифалыкты тикелөө жана бардык мусулман өлкөлөрүн кайра бириктирүү, Аллахтын өкүмдөрүн колдонуу менен болот. Аллахтын өкүмдөрү Умматты өнүктүрөт, басып алынган бардык өлкөлөрүбүздү азат кылат, дүйнөдөгү бардык мусулмандарды кафирлер өкүмдарлыгынан жана зулумунан куткарат.

Роя гезити, №266, 2019-жыл, 25-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here