Индиянын кылмыштары алдында акимдерибиздин коркоктугу күчөгөн сайын Индия мусулмандарга зулум кылууну дагы да күчөтүүдө!

508
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Индиянын кылмыштары алдында акимдерибиздин коркоктугу күчөгөн сайын Индия мусулмандарга зулум кылууну дагы да күчөтүүдө!

«Ал-Жазира нет» сайты хижрий 1441-жылы 22-рабиус-саний, миладий 2019-жылы 19-декабрь күнү тараткан кабарда мындай делет:

«Нью-Делидеги Ислам университетинин студенттери Индия парламенти өткөн аптада кабыл алган жарандык жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү токтомуна каршы нааразылык демонстрацияларын улантып жатышат. Кабыл алынган токтомдо Индияда беш жыл жашаган афгандарга, пакистандыктарга жана бенгалдарга – мусулман болбоо шарты менен – жарандык берүү каралган».

Роя гезити:

Индия миллиондогон мусулмандардын укугун атайылап тебелеп-тепсеши азыркы доордогу мамлекеттер тарабынан диний негизде жасалып жаткан тектик тазалоо кылмышынын эң жаманы болуп эсептелет. Индиянын түндүк-чыгышында жайгашкан Ассам штатында жашаган төрт миллион мусулман калкты диний негизде каттоого алуунун курманы болду. Мушрик режим каттоого алууда аларды Индия жарандыгынан ажыратты, бул үчүн режим мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү деген нерсени шылтоолоп, алар бангладештик иммигранттар болуп эсептелишет деди. Бирок, бул мусулмандар Индияда төрөлүшкөн жана көпчүлүгү өлкөдөн чыгышпаган. Шек-күмөнсүз, бул индус өкмөтүнүн мамлекеттеги мусулмандарга каршы душмандыгы болуп саналат, бул бүгүн дүйнөнүн ар тарабындагы мусулмандарга каршы бир катар репрессиячыл саясаттардын алкагына кирет.

Пайгамбарлык минажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети тикеленмейинче, мусулман өлкөлөрү эч качан залим Батыштын колонизаторлугунан азат болбойт, Ислам Умматы өз күч-кубатын кайра тикелей албайт. Ушул мамлекет гана өлкөлөрүбүздү азат кылат, Индияны уй жана буттарга ибадат кылуудан куткарып, мусулмандарды кайрадан Роббисинин өкүмдөрү астында азиз жашоого алып чыгат.

Роя гезити, №266, 2019-жыл, 25-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here