Чек арадагы жаңжал боюнча Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин айыптады
Тажикстандын чек ара кызматы 9-январдан 10-январга оогон
түнү кыргыз-тажик чек арасида жүз берген жаңжал боюнча маалымат берип, жаңжалда
Кыргызстандын Баткен облусундагы Көк-таш айылынын тургундарын айыптады.
Тажик тараптын маалыматы боюнча, 9-январь кечинде Көк-Таштын тургундары
Султанбек Абдуллаев деген тургундун үйүнүн жанына чогулуп, тажик жарандарынын
жолдон өтүшүнө тоскоолдук кылышкан.
Кечки саат 21.30дар чамасында кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн Кожоало айылынын тургуну Зафар Азамовдун автоунаасына таш менен ургулап, терезесин сындырган.
Коңшу өлкөнүн тургундары мындан соң гана кыргызстандыктардын автоунаасына таш ыргытканы, ал эми 10-январга караган түнү эки жолу кыргызстандыктар мергенчилик мылтыгынан ок атканы айтылган Тажикстандын расмий органынын маалыматында.
Кыргыз чек арачылары болсо Тажикстан тараптан гана ок атылгандыгын атылган
билдирген
Кыргызстан чек арачылары тараткан маалыматка ылайык 9-январдан 10-январга караган түнү
Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде саат 00.40та белгисиз адамдар кыргыз
жаранынын Баткен шаарына бараткан автоунаасын таш менен ургулашкан. Белгисиз адамдар андан соң
Тажикстандын аймагына из жашырып кетишкен.
Болжол менен бир
сааттан кийин Тажикстандын жарандары Көчө-Карын деген жерде Баткенден Көк-Таш
айылына бараткан башка бир кыргыз жаранынын машинесин да таш менен ургулашкан.
Натыйжада анын алдыңкы айнеги талкаланган. Машинеде отургандардын арасында жабыркаган кыргыз
жарандары бар.
Комментарий: Биз мусулмандар Ислам динин бекем кармаган кезде өлкөлөрдү фатх кылып, адамзатты динсиздик караңгылыгынан Ислам нуруна жана адилеттүүлүгүнө алып чыккан элек. Бүгүнкү күндө батыш сыймыктанып жаткан дүйнөлүк цивилизацияга да мусулмандар негиз салышкан. Ал эми Исламдан алыстай башатагандан кийин мусулмандар дүйнө кербенинен артта калып, колонизатор кафир мамлекеттеринин колундагы куурчак болдук, бул куфр мамлекеттеринин кызыкчылыгы жолунда бири-бирибиз менен касташып, бири-бирибизге курал көтөрө турган абалга жеттик.
Кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз уланып жаткан жаңжалдар да колонизатор мамлекеттердин, айрыкча, Россиянын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып жатканы бүгүнкү күндө акылы бар адамга сыр болбой калды. Эгерде Россиянын ыраазылыгы же буйругу болбосо, биздин жетекчилер бири-бирине ок атып жаткан жарандардын кылмышына көз жумуп коймок тургай, бири-бирине жаман көз менен кароого да батынбайт эле. Эгерде орус бийлиги чек араларда тынчтык өкүм сүрүшүнөн кызыкдар болгондо, биздин жетекчилер бири-бирине курал кезеп жаткан аскерлер менен жарандарды бир заматта тыйып коймок. А бирок, азырынча Россияга чек арадагы тынчтык керек эмес. Тескерисинче, ага чек арадагы жаңжалдар, тоскоолдуктар жана мамлекеттер ортосунда эркин аракеттенүүнү чектөө аркылуу биздин бийликтерге басым өткөрүү маанилүүрөөк болуп турат.
Абдурахман Адилов