АКШ ХУМАЙНИЙДИ БИЙЛИККЕ КАНТИП АЛЫП КЕЛГЕН

462
0

АКШ ХУМАЙНИЙДИ БИЙЛИККЕ КАНТИП АЛЫП КЕЛГЕН

Иран генералы Касим Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин АКШ менен Иран ортосунда согуш чыгып кетет деген талкуулар көбөйдү. Негизи, бул региондо кожоюн – АКШ, ал эми Иран – АКШнын малайы. Кафир колонизатор бул малайлыкты абдан мыкты маскировка кылгандыктан «Иран – Американын малайы» десең, көпчүлүк адамдар ишене бербейт. Андай болсо, келиңиздер, Хумайний (Хоменеи) бийликке кантип келгенине, башкача айтканда, бүгүн Иран Ислам республикасы кантип жүзөгө келгенине бир назар сал.

1979-жылы Ирандагы төңкөрүштө шах Мухаммад Риза Пахлавинин режими кулап, имам Хумайний башчылыгында «Иран Ислам республикасы» орнотулду. Байкоочулардын пикиринде, бул төңкөрүштүк өзгөрүү өтө тез жүз берген. Себеби, шахтын режимин Батыш коргоп, колдоп турган жана ал күчтүү армияга, бекем коопсуздук аппаратына ээ эле. Бул коопсуздук күчтөрүнө бюджеттен үлкөн каражаттар сарпталып турган. Андан тышкары, төңкөрүш жасоо үчүн өлкө ичинде финансылык кризис, же аскерий жөндөмсүздүк, же башаламандык, же аскерий төңкөрүш сыяктуу себептер да жок эле. Бирок, төңкөрүш аябай тездик менен ишке ашты. Ошол убакта Иран коммунисттик партиясы Иранда төңкөрүш чыгышын ыктымалдан алыс эсептеген. Иран Ислам республикасынын биринчи президенти Абулхасан Банисадрдын сөздөрүнө ылайык, төңкөрүш башталганда Хамейни өзү да «шахтын бийликтен кетишине жана төңкөрүштүн жеңишке жетишине ишенбеген, ал тургай, төңкөрүш ийгиликке жетпей калганда өз жанын сактоо үчүн Франциядан үй да сатып алган».

Советтер Союзу 1979-жылы Афганистанга бастырып кирди жана орус аюусу дүйнөдөгү үлкөн нефть запастары жайгашкан Перс булуңундагы жылуу сууларга жакындап калды! Ошондуктан, Батыш Советтер Союзу Афганистанда өз өкүмдарлыгын бекемдеп алса, андан кийин Иранга карай бет алышынан тынчсыздана баштады. Советтер Союзу менен Кошмо Штаттар ортосундагы суук согуш чокусуна чыккан кез эле. Америка жооптуулары Советтер Союзун алдан тайдыруу, таасирин азайтуу жана Американын дүйнөгө толук өкүмдарлык кылышын ишке ашыруу жөнүндө ойлоно баштады. Ошондуктан, Советтер Союзу Афганистанга кирип келишинен мурун эле Америка өзүнүн разведкасы аркылуу бул регионго жылжып кирди. БРБнын (ЦРУ) мурунку директору Роберт Гейтс өзүнүн эскерүүлөрүндө мындай деп жазат: «Америка разведкасы Советтер Союзунун аралашуусунан 6 ай мурун эле Афганистандагы каршылык кыймылдарына жардам көрсөтө баштаган». Америка Афганистанда узакка созулган күрөштө Советтер Союзун алдан тайдырууну, кийин аны бүтүндөй ыдыратууну жана бүткүл социалисттик лагерди кулатууну максат кылган.

Ошентип, Ирандагы солчул жана коммунисттик кыймылдардан Иранды коргоо үчүн о.э. Советтер Союзу Афганистанды бүтүндөй басып алып, андан ары жайылышына тоскоолдук кылуу үчүн Иранда Хумайний башчылыгындагы төңкөрүш жасоо зарыл нерсеге айланды. Ошондуктан, Батыш Хамейниге эркин аракет кылуу жана ачык саясий иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн бергенин көрөбүз. Хамейни өзүнүн командасы менен Францияда туруп Ирандагы төңкөрүштү башкарып турду. Андан кийин Хумайний Ирандагы бийлик рычагдарын өз колуна алуу үчүн Иранга барды.

Америка «шахты коргоймун» деген убадаларына карабастан, аны жардамсыз таштап койду. Американын ошол убактагы Ирандагы элчиси Уильям Салливандын айтымында, Американын улуттук коопсуздук кеңешчиси Збигнев Бжезинский «Кошмо Штаттар шахты толук колдойт жана аягына чейин ага жардам берет» деп шахты ишендирип келген. Бирок, Ак Үйдүн саясаты – көптөгөн америкалык дипломаттар баса белгилегендей – мунун бүтүндөй тескериси болду. Себеби, Ак Үй шахтын ордуна ким келишине карабастан, шах бийликтен кетиши керек, ал тургай тозокко (өлүмгө) болсо да кетиши керек деген чечимге келди! Албетте, алар шахтын ордун Хумайний ээлешин абдан жакшы билишкен. Бул болсо, алар шахка каршы тил бириктиришип, Хумайнийдин пайдасына аракет кылышканын көрсөтүп турат!

Америка Иран армиясы ичинде башаламандык жаратып, алар Хумайнийдин режимине жолтоо болбошу үчүн Иран армиясын шал абалга келтирди. Мисалы, Америка президенти Жимми Картер Индия океанында турган USS «Constellation» авианосецин шахка жардам берүүгө жиберүүнү четке какты. О.э. Картер шахтын режимин сактап калууга көмөк көрсөткөн жок. Ошондон кийин шах таянып келген күч кулады жана Хумайний армиядагы чоң генералдарды жок кылууга киришип, шахтын чөйрөсүндөгү 200дөн ашуун чоң жооптууларды кызматтан алды. Бул болсо, шахтын режими бүтүндөй кулашына, Хумайний жана анын тарапкерлери мамлекетти өз колуна алышына алып келди.

Бир катар шектүү операциялар өткөрүлдү. Бул операциялардын артында Америка разведкасы турганын жана алар бул оперцияларга көз жумганын анык көрсөтүп турат. Бул операциялар Хумайний жеке башчы болуп алышына, бардык атаандаштарын жок кылышына жана кулаган шах режиминин урандылары үстүнө башка саясий режимди орнотушуна мүмкүнчүлүк жаратты. Мисалы, Тегерандагы Америка элчилигинин кызматкерлери колго алынган окуяны алалы. Хумайний муну дүйнөдөгү эң чоң колонизатор мамлекетке каршы антиколониялык операция деп атады. Натыйжада, бул режимдин Ирандагы жана региондогу аброю, абалы бекемделди. О.э. бул оперция республикачылардын талапкери Рональд Рейгандын президеттик шайлоодо жеңишке жетишине алып келди. Америка разведкасы Рейгандын Ак Үйгө келишине жардам берди. Ошентип, Ирандагы Америка элчилигинин кызматкерлеринин колго алынышы жана Жимми Картердин аларды азат кылууга болгон бардык аракеттери оңунан чыкпашы Картердин саясий келечегине чекит койду. Кызыгы, Рейган президенттик антын бергенден кийин эле Хумайнийдин жеке өзү колго алынган элчиликтин кызматкерлерин азат кылууга буйрук берди. Ошентип, бул операция Хумайнийдин Ирандагы абалын бекемдөөгө жана Рейгандын Ак Үйдө бийлик жүргүзүшүнө алып келди.

Америка бул жаатта мындан да терең киришти. Америка президенти Рейгандын жетекчилиги Хумайнийди заманбап курал-жарак менен камсыздоо үчүн Иран менен келишим түздү, бул келишим кийинчерээк ашкере болуп «Иран-контрас» деп аталган жаңжал чыкты. Иракка каршы согушта Иран заманбап курал-жарактарга абдан муктаж эле. Эки тарап (Америка менен Иран) ортосунда жогорудагы келишим түзүлдү. Ошентип, Ливанда колго алынган беш америкалык азат кылынды. Ошол убакта Рональд Рейгандын орун басары болуп турган Жорж Буш 1985-жылы бул келишимге кол койду. Парижде бул келишимге кол коюуда Америка вице-президенти Жорж Буш, Иран премьер-министри Мир Хусайн Мусави жана «Израилдин» Аскерий разведка башкармалыгынын кызматкери Ари Бен Менаше катышты. Бул яхудий ушул курал-жарактарды «Израиль» аркылуу Иранга жеткирип берүү ролун ойногон.

Америка мына ушинтип шах Мухаммад Риза Пахлави режимин кулатты. Америка «бир ок менен эки коёнду атты». Биринчиси, Америка Иранда төңкөрүш жасоого мүмкүнчүлүк берип, бийликке «динчилдерди» алып келүү менен Советтер Союзу Афганистанды басып алып, андан ары жайылышына тоскоолдук орнотту. Экинчиси, Британия Экинчи дүйнөлүк согушта Иранды басып алгандан кийин 1941-жылы шах режимин орнотконжана бул режим аркылуу Иранды көзөмөлдөп турган. Ал эми, төңкөрүш жүз бериши артынан шахтын режими кулады, аны менен бирге Ирандагы Британиянын таасири да кулады. Башкача айтканда Иран колонизатор Британиядан колонизатор Американын колуна өттү.

p.s.Мусулмандар эл аралык саясатты күзөтүүсү жана саясат менен алектенүүсү зарыл. Анткени, көптөгөн окуялар эл аралык саясатка байланган. Чыныгы себепти билбесек, кафирдин айла-амалдуу саясатына алданып, кырсыктан башыбыз чыкпайт жана Аллах арам кылган көптөгөн нерселерге жол берип калабыз. Мусулман Пайгамбарыбыз с.а.в. сыяктуу көрөгөч, курч саясатчы, жетекчи болушу шарт. Бирок, эл аралык саясатты күзөтпөстөн бул сапаттарга жетишүү мүмкүн эмес.

Temir Ismail

(Фейсбуктан алынды)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here